Түндүк Корея спорттон канчалык күчтүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пхенчханда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Түндүк Корея дагы спортчуларын жөнөтүшү мүмкүн деген маалыматтар көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду окшойт.
Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы оюндарга Түндүк Кореянын келиши дале суроо бойдон. Балким эки эле спортчусун жөнөтүү менен чектелиши мүмкүн.
Түндүк Кореяда спорттун айрым түрлөрү боюнча дүйнөлүк лидер болгон күчтүү спортчулар бар. Мисал катары жайкы Олимпиада оюндарын алып көрөлү. Командалык эсеп боюнча Түндүк Корея спортчулары жалпысынан 54 медал алышты. Бул эми Индия же Нигерия сыяктуу өлкөлөр менен салыштырганда бир топ жогорку көрсөткүч.
Өлкөнүн олимпиадалык ийгиликтеринин көбү спорттун оор атлетика түрү менен байланыштуу. Түндүк кореялык атлеттер үч дүйнөлүк, эки олимпиадалык рекорд жаратышкан. Рио-де-Жанейродо өткөн соңку олимпиадалык оюндарда алар жети медал утушту. Анын экөөсү алтын медал. Жыйынтыгында КЭДР жалпы командалык эсепте тизменин ортосунан орун алды.

Сүрөттүн булагы, AFP\getty
Эл аралык футбол бирикмесинин (ФИФА) рейтингинде Түндүк Кореянын футбол боюнча кыз-келиндер командасы 11-орунда турат. Бирок улуттук команда 2019-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынан өтпөй калды. Деген менен өткөн жылдын декабрында КЭДР кыз-келиндер командасы футбол боюнча Чыгыш Азия кубогун утуп алды. 2016-жылы Жаштар курама командасы Дүйнөлүк кубокту жеңген.
2011-жылы курама команда оюнчуларынын бешөөсүнүн канынан допингдин белгилери чыгып, команданын репутациясына тескери таасирин тийгизген.

Сүрөттүн булагы, AFP
Өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасы өз тарыхында эки гана ирет Дүйнө чемпионатына катышкан. Азыркы дүйнөлүк рейтингде 126-орунда турат.
1966-жылы Англияда өткөн Дүйнө чемпионатында КЭДР улуттук курама командасы өзүн абдан мыкты көрсөткөн. Жарым финалга чейин жетип барган.
2010-жылы өткөн чемпионатта тайпалык оюндарда Бразилия менен тең тайлаша ойноп, 2:1 эсебинде утулган. Бирок экинчи беттеште Португалияга 7:0 эсеби менен утулган.
Соңку эл аралык беттешинде КЭДР футбол командасы Кытай менен 1-1 эсебинде ойноду. Учурда Түндүк Корея футбол командасын норвегиялык Йорн Андерсен машыктырат.

Сүрөттүн булагы, AFP\getty
Түндүк Кореянын тхэквондочулары мыкты эсептелет. Бирок тилекке каршы алар Эл аралык тхэквондо бирикмесинин туусу менен гана мелдешке чыгышат. Ал эми Түштүк Корея Дүйнөлүк тхэквондо бирикмесинин алдында чыгат.
Жакында эле өткөн эл аралык мелдеште КЭДР тхэквондочулары 22 алтын медал утушту. Түндүк Кореяда спорттун бул түрү активдүү өнүгүп жатат. Эки чоң спорт комплекс курулду дейт тхэквондо боюнча тарыхчы Жордж Витал.
Таланттуу спортчуларды бала кезинен эле тандап алышат. Өлкөдөгү жакырчылыкка карабастан, алдыңкы спортчулар мыкты шарттар түзүлгөн жайларда машыгууларды өткөрүп, аларга өзгөчө кам көрүлөт.
Бардык эле коммунисттик өлкөлөрдө өздөштүрүлгөн сыяктуу эле Түндүк Кореяда дагы көпчүлүк тургундар дене тарбия көнүгүүлөрүн такай аткарууга аракет кылышат.
1980-жылдары бийлик тургундарга спорттун кармаш түрлөрүн (бокс жана тхэквондо сыяктуу) жана ок атууну үйрөтүү боюнча өнөктүк баштаган. (AbA)












