Түндүк Кореянын дүйнөнү титиреткен жаңы куралы

A man watches a television news broadcast of a military parade commemorating the 75th anniversary of North Korea's ruling Workers' Party

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмгекчилер партиясынын 75 жылдыгына арналган парадда Пхеньян жаңы куралын көрсөттү

Түндүк Кореянын континент аралык баллистикалык жаңы ракетасы дүйнөдөгү эксперттердин үрөйүн учурду. Коргоо жаатындагы эксперт Мелиса Ханхам Пхеньяндын жаңы куралы жана анын коркунучу тууралуу пикирин бөлүштү.

Түндүк Корея Эмгекчилер партиясынын 75 жылдыгына арналган парадда жаңы куралдарын көрсөтүп, армиясынын кубатын даңазалады. Парадка Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дагы катышты.

Жаңы ракета тууралуу эмне белгилүү?

People take part in a procession to commemorate the 75th anniversary of the founding of the ruling Workers' Party

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эмгекчилер партиясынын 75 жылдыгына арналган парад

Кимдин убада кылган "стратегиялык куралы"

2020-жылы 1-январда Ким Чен Ын эл алдына чыгып, жарандарды жаңы жылы менен куттуктаган соң өлкө "заманбап куралдын үстүнөн" иштеп жатканын жар салган.

Түндүк Кореянын лидери куралды "стратегиялык" деп атаган. Аны көптөр өзөктүк курал катары түшүнгөн эле. Ким Чен Ын курал жөнүндө сөз кылып жатып, АКШ Түндүк Корея менен мамилесин оң нукка бурууда "убакытты создуктурган сайын, Корей Эл-Демократиялык Республикасынын кубатына чөгө берет" деп белгилеген.

Жаңы континент аралык баллистикалык ракета Ким Чен Ын убада кылган курал. Ал АКШнын территориясына чейин жете алат жана Трамптын саясатына каршы багытталган.

АКШнын ракетадан коргонуу системасына болгон коркунуч

Түндүк Корея эки жолу континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөн. 2017-жылы Hwasong-14 эки жолу ийгиликтүү сыналган. Ал 10 миң чакырым аралыкка чейин жете алат. Башкача айтканда Батыш Европа жана АКШ территориясынын жарымына чейин өзөктүк дүрмөтү бар ракетаны жеткире алат.

2017-жылы Hwasong-15 дагы ийгиликтүү сыналган. Бул ракета 13 миң чакырым аралыкка чейин уча алат. Башкача айтканда, АКШнын бүт аймагына жете алат.

Пхеньян болсо АКШнын аймагына жете турган ракетасы бар экенин айтып жатат

Түндүк Кореянын жаңы баллистикалык ракетасы сыноодон өтө элек. Ал Hwasong-15 ракетасынын системасын колдонот, бирок көлөмү жана диаметри чоңураак. Түндүк Корея ракетасын сыноодон өткөргөндөн кийин курал канча аралыкка чейин уча алары тууралуу маалымат алууга мүмкүн. Бирок жаңы ракета Hwasong-15 системасын колдонгону, Түндүк Корея ракеталарынын аралыгын узартуунун үстүнөн иштерди токтотконун айгинелейт.

Анын ордуна Пхеньян бир учурда өзөктүк дүрмөтү бар бир нече ракетаны учуруунун үстүнөн иштеп жатат. Бул кадам АКШнын коргонуу системасын кыйынчылыкка кептейт.

North Korean soldiers during a military parade

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея аскердик параддар аркылуу армиясынын кубатын даңазалап келет

Кооптонууга негиз бар

Түндүк Кореянын жаңы континент аралык ракетасынын дизайны көп суроо жаратат. Ошондуктан ал жакын арада сыноодон өтпөйт деген жоромолдор бар. Бирок ракетаны алып бара жаткан жүк ташыган унаа дүйнөнүн булуң-бурчундагы эксперттерди кооптондурууда.

Буга чейин Пхеньяндын армиясындагы кемчиликтеринин бири катары ракета учуруучу системалары чектелүү болгону айтылып келген. АКШ Түндүк Кореянын алты белгилүү ракета учуруучу системасы бар экенин айтып келет. Башкача айтканда АКШ жооп кайтарганга чейин Түндүк Корея 12 ракетасын учура алат.

Trucks carrying ICBMs in North Korea

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея санкцияларга карабастан мыйзамсыз, жашыруун жолдор менен техникаларды сатып алып, аларды аскердик жабдыкка айлантууга кудурети жетерин көрсөттү

2010-жылы Түндүк Корея мыйзамсыз жолдор менен Кытайдан алты WS51200 жүк ташуучу унааларды сатып алган. Аларды жаңылап, жүк ташуучу унаалар аскердик техникага айланды. Эмгекчилер партиясынын 75 жылдыгына арналган парадда Түндүк Корея биринчи жолу алтыдан көп ракета учуруучу системасын көрсөттү. Кытайдан алынган унаалар толугу менен өзгөргөн.

Андан тышкары Түндүк Корея санкцияларга карабастан мыйзамсыз, жашыруун жолдор менен техникаларды сатып алып, аларды аскердик жабдыкка айлантууга кудурети жетерин көрсөттү. Бул жагдай Түндүк Кореянын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп сүйлөгөн лидерлерге эскертүү болгондой.

Мелиса Ханхам өзөктүк куралдар боюнча эксперт жана Өзөктүк түйүн борборунун башчысы.