Түндүк Корея кибер чабуул аркылуу 2 млрд доллар уурдаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүк Корея куралдануу долбоорун каржылоо үчүн 2 млрд доллар уурдаган. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылат.
Жашыруун баяндамага ылайык, Пхеньян банк жана крипто бирдигин алмаштырган компанияларын бутага алган. Би-Би-Синин булактары БУУ 35 башка кибер чабуулду териштиргенин ырастады.
Түндүк Корея соңку эки апта ичинде төрт ракетасын абага учурду. Пхеньян жаңы ракета системасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн маалымдаган болчу. Ким Чен Ын бул кадамга АКШ-Түштүк Кореянын пландалган аскердик машыгуусуна каршы жооп деп белгиледи. Пхеньян АКШ-Түштүк Корея аскердик машыгуулары өткөн жылы Сингапурда макулдашылган билдирүүлөргө каршы келет деп айтып жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине жөнөтүлгөн жашыруун баяндамада Пхеньян "татаал кибер чабуулдарды уюштуруп, финансалык институт менен крипто бирдигин алмаштырган компаниялардан каражат уурдап жатат" деп айтылат. Ачыкка чыккан баяндамада муну мындан ары дагы тыкыр изилдөө керек экени белгиленет. Анткени, кибер чабуулдан кийин Пхеньяндын чабуулунун изин табуу абдан татаал.
БУУ 2006-жылдан бери Түндүк Кореяга санкция киргизип, өлкөгө көмүр, темир, жана деңиз азыктарын импорттоого тыюу салган. Андан тышкары мунайды импорттоого чектөөлөр киргизилген.
Өткөн жылы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Трамп Сингапурду сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ким өзөктүк куралдарын менен баллистикалык ракеталарын сыноодон баш тартабыз деп убада кылганы бар. Ал эми 2019-жылы эки лидердин Вьетнамдагы сүйлөшүүлөрү натыйжасыз жыйынтыкталды.
Июнь айынын башында АКШнын президенти Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк-Түндүк Кореянын чек арасында жолугуп, өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болушкан.
Эки лидердин жолугушуусунан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео сүйлөшүүлөр июнь айында башталат деп айткан. Бирок сүйлөшүүлөр жанданганы боюнча эч кабар чыккан жок. Ага карабастан эки тарап көйгөйдү дипломатия жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин белгилеп келишет.
АКШнын мамлекеттик катчысынын басма сөз кызматы "Дүйнөлүк коомчулукту Түндүк Кореянын кибер чабуулдарына каршы турууга чакырды". (AT)













