Хакерлер ээн-эркин окуган дипломатиялык сырлар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Белгисиз хакерлер Евробиримдик өлкөлөрүнүн байланыш каналдарын талкалап кирип, андагы дипломатиялык каттарды көп жылдар бою карап, жарыялап келишкен. Хакерлер уурдаган каттарда негизинен АКШ, Россия жана Кытайдын саясаты жана лидерлери жөнүндө сөз болот. Бул жөнүндө шейшембиде The New York Times жарыялаган макалада айтылат.
Газетадагы маалыматка караганда, дипломатиялык каттардын уурдалып жатканын киберкоопсуздук боюнча иштеген фирма таап чыкты. Ал фирманын маалыматы боюнча кат-кабарлардын бир бөлүгү Россия жөнүндө, атап айтканда Путин менен Трамптын Хельсинкиде болгон жолугушуусу тууралуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы бир каттарда Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин ортосундагы байланыш, ой-пикирлер жазылган. Каттардын биринде Трамптын Бейжин менен соода согушундагы жүрүштөрүн Си Цзинпин эрежеси жок эр уруш оюнуна салыштырган деп айтылат.
Басылманын божомолуна караганда, хакерлер колдонгон ыкмалар Кытайдын армиясынын ыкмаларына окшоп кетет. Кат-кабарлар корголгон каналдан көчүрүп алынып, хакерлер ачкан интернет сайттарга жарыяланып турган. Хакерлер чабуулунан эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун өзү дагы зыян тартканы айтылууда. (КС)






