BTS мааракесине карата классикалык сүрөттөрүн жаңыртты

BTS "2 Cool 4 Skool" дебютун жыл сайын күйөрмандары үчүн күтүлбөгөн окуяларга толгон эки жумалык "BTS Festa" майрамы менен белгилейт.

Быйыл "BTS Festa" учурунда жаңы видеолор, жандуу аткаруулар жана күйөрмандар менен онлайн жолугушуулар болот. Майрам 2-июнда топтун "үй-бүлөлүк портреттер" аталган ондогон жаңы фотолорун чыгаруу менен башталды.

Көзү курч фандар, айрым фотолордо балдар эски классикалык сүрөттөрүн күлгүн түстүү кийимдер менен кайталап түшүшкөнүн байкап калышкан.

BTS кейпоп тобу

Сүрөттүн булагы, BIG HIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BTS
BTS кейпоп тобу

Сүрөттүн булагы, BIG HIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BTS
BTS кейпоп тобу

Сүрөттүн булагы, BIG HIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BTS K-pop тобу
BTS кейпоп тобу

Сүрөттүн булагы, BIG HIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BTS K-pop тобу
BTS кейпоп тобу

Сүрөттүн булагы, BIG HIT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, BTS K-pop тобу

"BTS Festa" 14-июнга чейин уланат. Майрамдоонун туу чокусу түз көрсөтүлүүчү концерт жана "Muster" аталышы менен белгилүү фандар менен жолугушуусу болмокчу. Андан сыткары:

  • 4-июнда жаңы хореографиялар менен видеолор
  • 7-июлда табышмактуу "Bicycle" иш-чарасы
  • 11-июнда BTS Room Live (түз көрсөтүү)

Майрамдоо топтун Майкл Жексон шыктандырган кинетикалык "Butter" (ред. кошомат) сингли дүйнөлүк рекорддорду жаңылап жаткан учурга туш келип жатат.

Ырдын видеосунун 21-майдагы YouTube'дагы бетачаарын бир учурда 3.9 миллион киши көргөн. Бул YouTube тарыхындагы рекорддук бетачаар болуп калды. Видео 24 саат ичинде YouTube'да 108.2 миллион жолу көрүлүп жаңы рекорд койгон. Эки учурда тең BTS өздүнүн мурдагы Dynamite синглынын рекорддорун жаңырткан.

Сингл Spotify'га кошулган күнү 11 042 335 жолу ойнотулуп, 24 саат ичинде эң көп ойнотулган рекорддук стрим болуп калган.