28 жаштагы K-pop жылдызынын сөөгү табылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түштүк Кореядагы белгилүү ырчы жана актриса Гу Харанын Сеулдагы үйүнөн сөөгү табылганын полиция ырастады.
KARA кей-поп тобунун мурдакы ырчысы 28 жашта эле. Хара бул топто 2008-жылдан тарта ырдап келген. Бирок кийин топтон кетип, өзүнүн жеке альбомун чыгарып, киного тартылган. Өткөн аптада эле бир нече концертте ырдап чыккан экен.
Полиция ырчынын өлүмүнүн себебин иликтөөгө киришти.
Октябрь айында эле 25 жаштагы кей-поп жылдызы Соллинин сөөгү Сеулдан алыс эмес аймактагы үйүнөн табылган эле. Басылмалар ырчыга коомдук сайттар аркылуу көп чабуул болуп, аны ууландырып келишкенин, ушул себептен улам өз өмүрүнө кол салганын жазып чыгышкан.
Гу Хара менен Солли өтө ынак курбулардан болуп, экөөнүн мамилеси эже-сиңдилердей эле деп жазып жатышат.
Сахнадагы ийгилик жана үйдөгү зомбулук

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гу Харанын сөөгүн кечки саат алтылар чамасында таптык деп билдирди Сеулдун полициясы. Ырчынын "Инстаграм" баракчасындагы акыркы билдирүүсүн ишемби күнү жазган экен. Уктоочу бөлмөсүндө селфиге түшүп, "Бейпил түн" деп жазып чыгарган.
Соңку жылдары анын ырчылык ийгилигине жеке жашоосундагы окуялар көп көлөкө түшүрдү. 2018-жылдын сентябрында Гу мурдакы сүйлөшүп жүргөн жигитин сотко берди. Жигити аны опузалап, интим видеосун интернетке жарыялап, карьерасын токтотом деп коркуткан.
Сотто анын жигити шарттуу кесилип, физикалык зомбулук жана опузалоо боюнча айыпташкан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Түштүк Кореяны суицид көрсөткүчү өтө жогорку өлкөлөрдүн катарына кошуп келет. (AbA)












