Кей-поп жылдызы Соллинин өлүмү: коомдук сайттардагы чабуул

Сүрөттүн булагы, Getty Images
25 жаштагы кей-поп жылдызы Соллинин сөөгү Сеулдан алыс эмес аймактагы үйүнөн табылды. Полиция ырчынын өлүмүнүн себептерин иликтөөгө киришти. Анын чыныгы ысымы Чхве Чжин Ри эле.
Солли 2015-жылга чейин кыздардын F(x) тобунда ырдап жүргөн. Андан кийин актрисалык менен алектене баштаган. "Инстаграм" баракчасына катталагандар саны эле беш миллион болчу.
Солли буга чейин бир нече ТВ-программаларда болуп, коомдук сайттарда өзүнүн дарегине жазылган орой, кемсинткен комментарийлер болорун айтып берген.
Айрымдар Чхве Чжин Ри интернеттеги мазактоо, орой сөздөрдон улам кей-поп ырчысы катары карьерасын токтоткон деп айтышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эркиндикти сүйгөн жан эле деп жазды музыка таануучу, журналист Тейлор Гласби.
Түштүк Кореяда поп-жылдыздар көптөрдүн кумири жана өтө популярдуу. Гласбинин айтымында, Солли ырдап жүргөн учурда кей-поп жанрын бир топ өзгөрткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Солли көп учурда өтө талаштуу, чагымчыл дагы билдирүүлөрдү жазып койчу. Ал өзүнүн фанаттарына ачык денесин кантип көрсөтүү алардын укугу экенин айтып келген. Анын айрым ачык сүрөттөрү чоң талаш-талкууларга түшкөн эле.

Сүрөттүн булагы, Han Myung-Gu
Биринчи сүрөтү 2016-жылы майда инстаграм-аккаунтуна коюлган. Ошондо эле орой жана кемсинткен билдирүүлөр жайнап чыкты. Консервативдүү корей коомунда анын эркин болгусу келген умтуулуусу көп тепкиге кабылып турду.
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы
Солли дагы бир кей-поп жылдызы Жонхён менен достошуп жүргөн. Ал дагы 27 жашында өз өмүрүнө кол салган. Солли 2017-жылы аны менен коштошуу зыйнатында ырдаган эле. (AbA)












