Украинадагы согуштун Кыргызстан менен Борбор Азияга таасири

Орусиянын күчтөрүнүн Украинага чабуулу уланып жаткан кезде Европадагы жана чөлкөмдөгү геосаясий абал болуп көрбөгөндөй өзгөрдү.

Анын Борбор Азия өлкөлөрүнө азыр жана узак убакыттан кийин тие турган кандай таасири бар?

Экономикалык баш аламандык

Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдүн экономикасы Орусияныкы менен тыгыз байланышкан. Рубль кунун жоготкону көптөгөн мамлекеттердин улуттук валюталары да болуп көрбөгөндөй басымга учурады.

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн девальвация (акча кунун жоготуусу) баалардын өсүүсүнө алып барат. Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) жана башка өлкөлөрдөн импорттоого көз каранды болгон Кыргызстан үчүн айрым тармактарда баалардын кымбаттоосу эбак эле байкала баштады. Мисалы, азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын бааларында өсүү байкалды.

Рубль кунун жоготуп, Орусиядагы миллиондогон эмгек мигранттары мекенине жөнөткөн акчанын күчү да азайып калды.

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Мигранттар өз өлкөсүнө жөнөткөн каражаттар Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда ички дүң продукциянын (ИДП) чоң бир бөлүгүнө салым кошорун эске алганда, анын таасири катуу эле болот. Көптөгөн санкциялардын шартында Орусиянын экономикасы начарлап жаткан чакта мигранттар иш таба албай кыйналышы турган кеп.

Москва санкциялардын таасирин өлкө ичинде азайтууга аракет кылган менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин Орусия менен тыгыз соода-сатык мамилелери кошумча тобокелчиликтерге жол ачат. Мисалы, Орусиянын экономика министрлиги 10-мартта өлкө сентябрга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө буудай экспорттоону токтоторун жар салды. Бул биримдикке кирген мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен Казакстанга түздөн-түз таасир этет.

Санкциялар күнүмдүк жашоого тийгизген таасирине дагы бир мисал, март айында чыгары пландалган кинолор Кыргызстанда көрсөтүлбөй калат. Анткени, жергиликтүү кинотеатрлар Голливуддун тасмаларын Орусия аркылуу алып келишчү. Ошентип пандемиядан акырындык менен бутка туруп келаткан индустрияга кайрадан сокку урулгандай болууда.

Мунай заттарына кандай таасир этти?

Күйүүчү майдын баасы бардык жерде кымбаттап, дүйнө жүзүндөгү айдоочулар менен чакан бизнестерге таасир этүүдө. Ал Борбор Азияны да кыйгап өтпөй койгон жок. Бирок ал мунайга негизделген экономикага ээ Казакстанда өзгөчө байкалды. Натыйжада мунайды сатуудан түшкөн кирешеден кур жалак калуу коркунучу курч турат. АКШ менен Британиянын орус мунайын импорттоого тыюу салуусу да кырдаалды ого бетер курчутуп жиберди.

Oil operations at Tengiz in Kazakhstan.
GETTY
Казак мунайын экспорттоо кандай болот?

  • 1,2%дүйнөлүк мунай Казакстандан алынат жана Каспий куур консорциуму (ККК) менен Орусия аркылуу ташылат

  • 75%казак мунайы ККК аркылуу өтөт

Булагы:Рейтер

Казакстандын Батышка мунай экспортунун көпчүлүк бөлүгү Каспий куур консорциуму (ККК) менен Орусиянын аймагы аркылуу ташылат. Маалыматтарга караганда сатып алуучулар ККК аркылуу ташылган мунайдан эбак эле баш тартышкан. Себеби санкциялардан улам жана Украинадагы согушка жакын болгондуктан камсыздандыруунун баасы асмандап кеткен.

Казак бийлиги КККга альтернативалар бар экенин айтууда. Бирок мунайды Каспий аркылуу ташып, Азербайжандан Түркияга Баку-Тблиси-Жейхан (БТЖ) жолу менен жеткирип, андан ары Европага өткөрүүнүн дагы өз тоскоолдуктары бар. Кошумча убакыт дагы керектелет.

Эвакуация

Борбор Азиядагы бардык мамлекеттер Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймактардан өз жарандарын чыгарып кетип жатышат. Негизинен Польша аркылуу эвакуациялоодо. 11-мартка карата 600дөн ашуун кыргыз жараны Украинадан качып чыгып, Польша, Венгрия, Словакия, Румыния, Түркия, Молдова жана Чехия сыяктуу өлкөлөргө барышкан.

A family from Uzbekistan sits outside a Temporary Reception Centre in Korczowa, on March 02, 2022.
GETTY
Украинадан качкан борбор азиялыктар

  • 600дөн ашуункыргыз жараны Орусиянын кол салуусу башталгандан бери Украинадан эвакуацияланган.

  • 3 млн ашуункиши 24-февралдан бери Украинадан чыгып кеткен

Булагы: Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргызстандыктар менен байланышты камсыздап, Львов аркылуу украин-польша чек арасы менен жарандарды эвакуациялап жатканын билдирди.

Адамдардын реакциясы

Борбор Азиядагы лидерлер Орусиянын президенти Владимир Путиндин аракеттерин сындоодон карманганы менен Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары чакан каршылык акцияларын өткөрүштү. 6-мартта Алматыда 2000ден ашуун киши Украинадагы аскердик операцияны токтотууга чакырып, митинг өткөрүштү. Каршылык акциясына бийлик өкүлдөрү уруксат бергени айтылууда.

8-мартта Эл аралык аялдар күнүнө карата Бишкекте жүздөгөн адамдар тынчтыкка чакырган ураандар менен жөө жүрүшкө чыгышты.

People carry banners and posters, some denouncing Russia's invasion of the Ukraine, as they attend a rally to mark the International Women's Day in Bishkek on March 8, 2022.
GETTY
Согушка каршы митингдер

  • 100дөгөнадамдар Бишкектеги жана Оштогу Эл аралык аялдар күнүнө карата жөө жүрүштө тынчтыкка чакырышты.

  • 2000ден ашуункиши Алматыда 6-мартта Украинадагы согушту токтотууга чакырып акцияга чыгышты.

  • 10 000ден ашуунмитингчи чабуул башталгандан бери Орусияда камалды.

  • 100 миңдегенадамдар дүйнө жүзү боюнча согушка каршы митингдерди өткөрүштү.

Булагы:AFP, ОВД-Инфо

Өзбекстанда эч кандай митингдер өткөн эмес. Бирок айрым блогерлер Орусиянын кол салуусуна каршы ой-пикирин айтып чыгып, Орусиядагы мамлекеттик Россия-24 телеканалы Орусияга каршы маанай жаратып жатат деп аларды күнөөлөгөн. Блогерлер өз кезегинде Москва сөз эркиндигин чектеп, шериктештерине басым жасоого аракет кылып жатат деп билдиришти.

Борбор Азия өлкөлөрү жаңжалга тартылышы мүмкүнбү?

Борбор Азиядагы үч мамлекет Орусия башчылык кылган ЖККУ аттуу аскердик альянса мүчө болуп кирген. Аталган альянс Казакстанда ушул жылдын башындагы баш аламандыктарды басуу үчүн биринчи жолу мүчө мамлекеттердин күчтөрүн колдонду.

EPA/ОРУСИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ
Жамааттык коопсуздук келишим уюму

Бир мүчөгө кол салуу баарына кол салууга барабар

  • ЖККУЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет

    Булагы:Би-Би-Си Мониторинг

    НАТОнун доктринасындай эле ЖККУнун жобосунда бир мүчө мамлекетке кол салуу бардык мүчөлөргө кол салуу менен барабар экени айтылат. Бирок Орусиянын аскердик операциясынын табиятын эске алганда Кыргызстандын, Казакстандын же Тажикстандын күчтөрүнүн тартылуусун түшүнүү оор.

    Бирок эгерде Орусия Украинанын аймагында көзөмөлгө ээ болсо, анда ЖККУ келечекте тынчтык орнотуучуларды тартууда роль ойношу мүмкүн.

    Орусиянын чабуулу уланып жаткан чакта бул аймактагы эң кубаттуу аскердик күчкө ээ болгон өлкө өзүнө караганда чектелген мүмкүнчүлүктөргө ээ шериктештеринин колдоосуна эмнеге муктаж болушу мүмкүн экенин түшүнүү кыйын. (EA)