Бишкектеги орус элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орус элчилигинин алдына митингге чыгып, кармалган укук коргоочулардын соту башталды.

Биринчи май райондук сотунда бүгүн укук коргоочу Динара Ошурахунованын, 22-мартта Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыровдун иши каралганы жатат.

Сот кылмыштын курамы жок болгон үчүн Ошурахуновага карат административдик ишти кыскартты.

Токтонасыров

Сүрөттүн булагы, reporter.kg

“Бизге тартип коргоо орган өкүлдөрүнүн талабына баш ийбөөчүлүк, бейбаштык деген 126 жана 128-берене менен иш козгошкон”, - деди Абдирасулова.

Анын айтымында, буга чейин Бишкектеги орус элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, ал жерде элчилик алдында митинг-пикеттерди чектөөнү суранган.

“Ал нотанын негизинде Биринчи май Ички иштер башкармалыгы райондук сотко кайрылган. Ал жерде митингдерге чектөө тууралуу айтылат. Россиянын кийлигишүүсү менен Биринчи май райондук соту 14-мартта эле ошондой токтом кабыл алыптыр”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча орус элчилигинин бул нотасы тууралуу маалыматты тактай элек.

Укук коргоочунун айтымында орус элчилигинин алдында эми ал документке ылайык, 11-апрелге чейин демонстрация-акцияларды уюштурууга тыюу салынды.

митинг

Сүрөттүн булагы, AKIPRESS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги орус элчилиги алдындагы митинг, февраль 2022
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Үч жергиликтүү укук коргоочу: Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияга чыгып, Украинадагы согушту айыпташкан. Көп өтпөй аларды милиция кармап кетип, суракка алып, райондук сотко алып келишкен. Сот жараяны жылган соң алар үйлөрүнө кое берилген эле.

Бүгүн укук коргоочулардын адвокаты Нурбек Токтакунов дагы милицияга суракка чакырылды.

Кызматына жаңыдан дайындалган акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскертип, кайрылуу жасады. Анда Биринчи май райондук милициясынын жана аны колдогон соттордун чечими негизсиз экени айтылат:

"Эгер тынч митинг башка адамдарга же митингдин катышуучуларына конкреттүү, даректүү кандайдыр бир коркунуч жаратса чектөө киргизүүгө мыйзам жол берет. Эгер коркунуч реалдуу болсо гана. Чечимдерди көрдүк, анда реалдуу коркунучка негиз жок. Укуктарды, эркиндикти ашыкча чектөө, анын эч бир жүйөөсү жок. Эң капа кылганы, ушундай чектөөлөрдүн Аксы окуясынын 20 жылдыгы эскерилип жаткан учурга туш келгени".

Atyr

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атыр Абдрахматова, Акыйкатчы

Акыйкатчы ошондой эле мындай чектөөлөр Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы аброюна дагы шек келтирерин белгилеген:

"Дүйнө жүзүнө кайтадан "Кыргызстан чектөөлөрдү киргизип, кайра артка баратат" деген атка конобуз. Эгер биз ошондой мамлекеттердин катарына кайра кошула турган болсок, экономикалык сырткы карым-катнашка дагы чоң таасир этет. Азыркыдай кризис маалында анын кесепети ар бир жаранга тиет".

Буга чейин Бишкекте орус элчилигинин алдын бир нече жолу Украинадагы согушту айыптаган акциялар өтүп, анда Путиндин жана орус бийлигинин дарегине ачуу сындар айтылган.

Украинадагы согушка карата Кыргызстандын тили кыска

Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманарын жарыялаган.

16-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алып, Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын айткан.

“Кыргызстан БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн бекем жактоочусу экендиги белгиленди”, - делет бул тууралуу ТИМдин расмий маалыматында.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Владимир Зеленский буга “Кыргызстан Россиянын агрессиясын актаганы себеп болгонун” айткан эле.

Анын алдында 26-февралда президент Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер соңку кырдаалды талкуулаганын кабарлаган, ал эми россиялык басылмалар Жапаров Москванын Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазып чыгышкан эле.

Кыргызстан экономикалык жактан Россиядан көз каранды экени маалым. Өлкө азык-түлүктүн жана биринчи кезекте керектүү товарлардын 70% Россиядан импорттойт. Мындан тышкары Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгү Россиядагы мигранттар эсебинен камсыздалат.