Украинада маркумдарды зыйнаты менен акыркы сапарга узатуу мүмкүн болбой атат

Россиянын куралдуу күчтөрү украин шаарларынын тыйпылын чыгарып, бомбалоодо каза тапкан жарандарды жерге зыйнаты менен берүү мүмкүн болбой жатат.

Россиялык аскерлердин чабуулунан кийинки Мариуполдогу бейпил кварталдар

Сүрөттүн булагы, REUTERS/ARMED FORCES OF UKRAINE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиялык аскерлердин чабуулунан кийинки Мариуполдогу бейпил кварталдар

Бардык шаарлардын ичинен Мариуполдо өлүм-житим көп болуп, мүрзөлөргө сөөк коюу боюнча коммуналдык кызматтар да иштебей калды.

Соңку эки жумада бул жерде сөөктөрдү массалык көмө турган нече мүрзөлөр пайда болду.

"Сөөктөрдү мурункудай өз алдынча жерге бере албай калдык. Себеби, мүрзөлөр шаар четинде болуп, алыс болуп жатат. Ал жакты орус аскерлери көзөмөлдөп жатат", - деди Би-Би-Сиге Мариуполь шаарынын мэри Сергей Орлов телефондон интервью берип жатып.

Анын айтымында, айла жоктон маркумдарды шаардын ичиндеги жерлерге коюп, бул үчүн эски мүрзөлөрдү да ачууга туура келди.

Жекшемби күнү Мариуполь шаарында 2 миң 100 киши каза тапты. Орус армиясынын чабуулунан шаар тургундарын массалык түрдө эвакуациялоо кыйын болууда. Буга чейинки гуманитардык коридор уюштуруу аракеттеринен майнап чыга элек.

Орлов массалык көрүстөндөргө коюлган сөөктөрдүн санын тактай алган жок, бирок андай мүрзөдөгү көрлөрдүн бирине эле 67 сөөк берилгенин айтты. "Алардын айрымдарынын аты-жөнүн да биле албадык. Кээ бирөөлөрүнүн жанында документтери бар болуп чыкты", - деди ал.

Миңдеген тургундар бомбадан корголоп жер төлөлөрдө күн көрүп жатат, дейт Орлов. Айрым учурда алар каза тапкан жакындарын өз короолоруна же жакын жердеги парктарга эле жерге коюп жатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 Шаардагы кызмат көрсөтүүлөр иштебей калып, көчөдө калган маркумдардын сөөгүн шаарды ремонттоп же тазалап жаткандар алып кетип жатышат. Айрым учурда ал адамдар өздөрү да көчөдө каза болуп калып жатышат. "Бизде 11 күндөн бери жарык, жылуулук, суу деген жок, канализация трубалары да иштебей жатат", - деди Орлов.

Мариуполь шаарынан түндүк-батышты көздөй 600 километр алыстыктагы Киевге жакын Буча шаарындагы чиркөөнүн жанынан мүрзө казышып, 60дан ашык кишинин сөөгүн жерге беришкен. Бул тууралуу жергиликтүү депутат Михайлина Скорык-Шкаривская билдирди.

Ал жерге берүү зыйнатынын видеосун “Фейсбукка” Ирпеньдеги оорукананын врачы Андрей Левковский чыгарды.

Би-Би-Си менен телефон аркылуу уюштурулган интервьюда учурда Украанада жүргөн Скорык-Шкаривская маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты жүрдү, бирок бардык эле маркумдардын өздүгү такталган жок, деди.

"Ыктыярчылар менен азыр ал адамдарды идентификациялоо жана жакындарын издөө боюнча система түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз”, - деди ал.

Эвакуация из Бучи, 13 марта 2022 года

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буча шаарынан эваукациялоо, 13-март 2022-жыл

Депутаттын айтымында, ишемби күнү Ирпень шаарын орус аскерлери алып, медициналык кызматкерлердин чыгып кетүүсүн буйрушкан. Азыр Буча шаары жана Ирпень шаарынын жарымы орустардын көзөмөлүндө болууда.

Маркумдарды тобу менен бир чоң көргө берүү көптөгөн украиналыктарды шок кылды. Көпчүлүгүндө бул Экинчи дүйнөлүк согуштун ачуу күндөрүн эске салды. Анда улутчулдар жөөттөрдү, коммунисттерди жана партизандарды массалык турдө кырган эле.

1930-жылдардагы ачкачылыкты да бул күндөр эске салып жатат. Ал кезде советтик бийлик буудай жана мал-жандыктарды экспроприациялап, Украинада жут орун алган эле.

"Менин агам 92 , жада калса ал дагы азыр тузүлгөн кырдаалды бала кезде туш болгон согуштук кезеңге теңеп жатат", -дейт Скорык-Шкаривская. Ал христиандар үчүн жөрөлгө, дуба менен маркумду жерге берүү өтө маанилүү экенин кошумчалады.

"Азыр согуш болуп жаткан маалда деле бул үчүн чиркөө кызматкерлерин чакырганга аракет кылышат".

ANDRIY LEVKIVSKY/FACEBOOK

Сүрөттүн булагы, ANDRIY LEVKIVSKY/FACEBOOK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буча шаарындагы массалык көрүстөн

Украинанын түндүгүндөгү Харьков, Чернигов жана Сума шаарлары да орус аскерлеринин курчоосунда калып, тынбай болуп жаткан аткылашуулардан бейпил жарандар каза таап жатышат.

6-мартта активист Александра Матвийчук "Твиттердеги" баракчасында аң-ченекке коюлган табыттардын сүрөтүн коюп: “Россиянын бомбалоосунан Черниговдо каза тапкан бейпил жарандарды мына ушинтип жерге берип жатышат. Яцеводогу башкы көрүстөндө орус оккупанттарынын аткылоосу басыла элек, бул себептүү маркумдарды Яловщинск токоюна коюп жатышат” деп жазды.

Чернигов шаардык кеңешинин чиновниги Александр Ломако Би-Би-Сиге интервью берип жатып, маркумдарды бул токойдогу убактылуу көрүстөнгө коюп жатканын билдирди. Ал шаар орус аскерлери тарабынан курчоого алынганын, баскынчылар 10 километрге жакын кирип келишкенин айтты.

"Сөөктөрдү согуштан кийин кайрадан жерге беребиз”,- деди Ломако. Ал Чернигов шаарында кеминде 200 карапым тургундар каза болгонун билдирди.

Шаарга бир эле жолку абадан кол салуудан бир убакта 45 адам мерт кетип, бул эң эле кайгылуу окуя болуп калды. Ар бир бомбалоодон орточо эсеп менен жетиден адам каза таап жатат.

EK