Украинадагы согуш: Кыргызстанга ооп жаткан орус жарандары кимдер?

Украинадагы согуштан улам Кыргызстанга ооп келеген Яков Лурье
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуштан улам Кыргызстанга ооп келеген Яков Лурье

Соңку учурда тынчтык издеп Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга келип жаткан орус жарандары көбөйүүдө. Алар кимдер? Кыргызстан тууралуу кандай ойдо?

Орусия күчтөрүнүн Украинага жасаган чабуулунан кийин Яков Лурье Cанкт-Петербургдан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ал алгачкы күндөрү тынчтыкты колдоп, Орус бийлигинин "аскердик операция" атаган аракеттерине каршы акцияга чыккандардын катарында болчу. Абалдын курчушу аны Мекенинен чыгып кетүүгө түрттү.

"Орусияда өзүмдү коопсуз сезбей калдым. Ал жакта калуу өтө оор. Согушка каршы көз карашыңды ачык айта албайсың. Түрмөгө түшүп калуу тобокелдиги абдан чоң. Мындай көрүнүштөр буга чейин эле бар болчу. Украинага согуш ачкандан кийин кысым мурдагыдан дагы күч алды. Орусиянын Украинага каршы соккусу сабырымды биротоло түгөттү. Ал өлкөдө калуу мүмкүн болбой калды”, - дейт Яков.

Яков кесиби боюнча антрополог. Ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп, билим берүү тармагына багытталган долбоорлор боюнча дагы иш алып барат. Андан тышкары балдарга англис тилинен сабак берет. Жер которуп кеткендигине байланыштуу бир канча долбоорунан баш тартты. Бөтөн жерде жүрсө дагы Орусиядагы окуучуларына онлайн сабак өтүп, илимий изилдөөлөрүн улантып жатат. Яков Кыргызстанда жашоо салыштырмалуу арзан болгондуктан, ойлонбой туруп Ошту көздөй багыт алганын айтат. Ага азырынча бул жакта жашоо жагып жатат:

“Алгачкы жолу келишим. Эли мейман дос экен. Бизге окшогондорго түшүнүү менен жакшы мамиле кылып жатышат. Мени менен бирге досторум дагы келди. Бизге окшоп келгендер менен дагы таанышып жатабыз”, - дейт.

Ал Украинадагы согуш токтосо эле, Орусиядагы шарт өзгөрүп кетет деп күтпөйт, ошондуктан ал мекенине качан кайтаарын али чече элек:

“Албетте, Украина менен болгон согуш - учурдагы негизги чоң көйгөйлөрдүн бири. Бирок, ал аяктаган шартта дагы Орусиянын ички көйгөйлөрү чечилеби? Ошол маселе. Ал жакта абал абдан чыңалган бойдон калууда. Кандай болгон күндө дагы менин азырынча өлкөгө кайтып баруу планым жок. Жакындарымды, тууган-уруктарымды, үйүмдү сагынып жатам. Бирок азыркы бийлик учурунда кайтып барбайм”.

Кыргызстанга келем деп ойлогон дагы эмесмин

Анна Болкисева, орусиялык бизнесмен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анна Болкисева, орусиялык бизнесмен

Киргизилген санкциялардан улам Орусиядан чыгып кетип жаткандардын арасында кичи жана орто бизнес өкүлдөрү дагы жок эмес. Бирок алардын көпчүлүгү массалык маалымат каражаттарынан өздөрүн оолак кармашууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анна Болкисева сегиз жыл мурун өнөктөшү экөө кол баштык тигүү бизнесин баштаган. Кыска убакыт аралыгында Москванын борборунан шоурум ачып, сапаттуу жана заманбап сумкаларды сатыкка чыгарып, музейлер үчүн дагы реставрациялап турган. Туруктуу кардарларды топтогонго жетишкен.Орусия аскерлери Украинага кол салгандан кийин ал бизнесин убактылуу токтотконго аргасыз болду. Өнөктөшү болсо Украинанын Хмельниц шаарына кеткен бойдон чыга албай калды:

“Туңгуюкка кептелдик. Мен Кыргызстанда, өнөктөшүм Лена Укранинада. Телефон аркылуу сүйлөшүп, абалдан чыгуунун жолдорун талкуулап жатабыз. Бирок, мени бул согуштан өзүбүз аман калабызбы? - деген маселе көбүрөөк түйшөлтүп жатат”.

Башында Орусиядан чыгып кетип жаткандардын көбү үчүн Кыргызстан андан ары башка өлкөлөргө өтүп кеткенге керектүү убактылуу хаб катары каралып жаткан. Бирок кырдаалдын тез өзгөрүшү алардын баштапкы пландарын өзгөртүп, айрымдары Кыргызстанда токтоп калышууда. Аннанын үй-бүлөсү ушундайлардын бири.

“Бишкекте үй-бүлөм менен ижарага алынган батирде жашап жатам. Кеминде эки же үч ай бул жакта болобуз. Алгач Стамбулга кетүүнү пландап жатканбыз. Кырдаалдан улам ал жакка болгон учак баасы кымбаттап кетти. Жолдошум менен кеңешип Бишкекке келүүнү чечтик. Ал IT боюнча адис болгондуктан дүйнөнүн кайсыл бурчунан болбосун ишин жүргүзө берет. Согуш тезирээк аяктап, өз мекениме кайтып барууну абдан каалайт элем”, - дейт Анна.

Статистика эмне дейт?

Расмийлердин маалыматына ылайык, марттын башынан тартып Россиянын 10 миң 357 жараны Кыргызстанда жашаган жери боюнча убактылуу каттоого турду. Январда алардын жалпы саны 12 миң 77 кишини түзсө, февралда 15 миң 608ге жетти.

«Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл каттоого алынган орусиялыктардын саны бир аз көбөйдү. Калкты тейлөө борборлору өз убагында кызмат көрсөтүүдө”, - деди Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Дамира Азимбаева BBCге.

Кеткендер Орусияга кайтышы үчүн эмне керек?

Эл аралык байланыштар боюнча эксперт Алмаз Тажыбай, Орусиядан чыгып кетип жаткандардын өз өлкөсүнө кайтып баруусу үчүн ал жакта демократия орношу керек деген пикирде:

“Учурда орус жарандары ич ара экиге бөлүнүп калды. Биринчиси, Путиндин агрессиялык көз карашын колдогондор. Экинчиси, согушка каршы чыгып, демократияны жактагандар. Согуш жакын арада токтойт деп жоромолдоо өтө кыйын. Тынчтык келишими түзүлгөн шартта дагы киргизилген чектөөлөр дароо эле алынып салынбайт. Анын кесепети өтө оор болот. Башка мамлекеттерге чыгып кеткен орус жарандарынын кайра кайтып баруу мүмкүнчүлүгү дагы аз. Ал үчүн Орусияда сөз эркиндиги корголуп, демократиялык башкаруу орношу керек. Андай өзгөрүүлөр Путиндин режими учурунда болбойт. Жыйырма жыл бою Батышка каршы жүргүзүлгөн пропагандалык көз караштарды жоюу дагы оңойго турбайт”.

Алмаз Тажыбай, эл аралык байланыштар боюнча эксперт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Тажыбай, эл аралык байланыштар боюнча эксперт

Эскерте кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирип, эртеси орус аскерлери Украинаны басып кирди. Москванын мындай кадамы дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери тарабынан агрессия катары бааланып, АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга карата катуу санкцияларды киргизди. Европа мамлекеттериндеги орус олигархтары текшерүүгө алынып, мүлктөрү аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. VO