Украинада курман болгон кыргыз жигити

украина согуш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украинадагы согушта курман болгон кыргыз жигити Эгемберди Дорбоевдин сөөгүн Кыргызстанда күтүп жатышат. Анын сөөгүн туулуп өскөн жери Кара-Ой айылына алып келатышканы белгилүү болду. 19 жаштагы Эгемберди орус жарандыгын алгандан кийин орус аскеринин катарында Украинадагы согушка катышып, курман болду.

Эгемберди жөнүндө биринчи суук кабарды Норильск шаарынын башчысы Дмитрий Карасев Телеграм-каналдан билдирди.

"Ал шайыр, ачык-айрым жана абдан жакшы жигит эле. Үй-бүлөлүк баалуулуктар анын жашоосунда эң маанилүү эле. Ал дайыма өзүнүн апасына жардам берип, бардык күчү менен камкордук көрчү",-деген Дмитрий Карасёв.

Андан кийин Эгемберди жөнүндө россиялык "Коммерсанть" басылмасы жазып чыкты:

"Ал Норилскиге жакында эле келген экен, 2021-жылы күзүндө контракт менен кетип, Белгород областында чалгынчы батальонунда кызмат өтөп жаткан".

Би-Би-Си Эгембердинин Кара-Ойдогу туугандары менен байланышты. Алар маркумга жай казылып жатканын гана билдиришти. Бирок сөөк качан келерин билишпейт экен.

Башка булактар анын сөөгү 23-мартта жеткирилет деп кабарлап жатышат.

Эгемберди Кара-Ойдо туулуп, ушул жакта өскөн экен. Бирок Кара-Ойдогу мектепте окубаптыр. Атасы ушул айылда жашайт.

Россияга болсо кийин эле барып, орус жарандыгын алган. Ал жакта энеси менен жашачу.

Жүз миңдеген кыргыздар Россияга иштегени баргандан кийин анын жарандыгын алышкан. Ошондой эле алардын арасында кыргыз жарандыгынан чыкпай, эки өлкөнүн паспортун кармап жүргөндөр да бир топ.

Челябинскиде

Сүрөттүн булагы, НАИЛЬ ФАТТАХОВ/ТАСС

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Челябинск. Украинадагы согушта курман болгон Константин Глушковдун сөөгүн коюу учуру

Жоготуулар жабык маалымат

Россия Украинага басып киргенине дээрлик бир ай болду. Бул убакыт аралыгында канча аскерин жоготконун орус бийликтери расмий көп айтпай жатат.

Акыркы жолу жоготуулар жөнүндө Россиянын Коргоо министрлиги 2-мартта билдирген. Ошондогу маалымат боюнча 498 аскер деп айтылган. Андан бери жоготуулар жөнүндө маалымат боло элек.

Би-Би-Си орус кызматы ачык маалыматтарга таянып, 557 орус аскери курман болду деп кабарлады.

Украина өз кезегинде орустардын аскердик жоготуусун 15 миң деп санап жатат, бирок УНИАН агенттиги мунун ичинде жарадарлар да бар деп айтууда.

Американын The New York Times гезити америкалык чалгындоонун "консервативдүү баасына" таянып, жети миңдей жоготуу жөнүндө жазды.

Президент Путин Украинадагы согушка кесипкөй аскерлер гана катышып жатат деп билдирген эле.

Усть-Кяхта айылында Цырен Балдановдун сөөгүн коюу учуру.

Сүрөттүн булагы, АЛЕКСАНДР ГАРМАЕВ/ТАСС

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согушта курман болгон кээ бир жоокерлерди цинктен жасалган жабык табытта жерге берип жатышат. Усть-Кяхта айылында Цырен Балдановдун сөөгүн коюу учуру.

Согуштун башталган себеби

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Россия 44 млн калкы бар Украинага абадан, жерден жана деңизден кыйратуучу чабуулдарды уюштуруп, борбор шаар Киевди камалоого алып баштады.

24-февралдагы телекайрылуусунда Путин жаңырган Украинадан жаралган туруктуу коркунучтан улам Россия “коопсуз” сезбегенин, “өнүгө жана жашай албай” калганын жар салган.

Алгач аэропорттор менен аскердик штабдар аткыланып, андан соң Украинага танктар менен аскерлер Россиядан, алар аннексиялаган Крымдан жана шериги Беларустан кирип келишти.

Президент Владимир Путин орус аскери кошунасына басып кирбей турганын көп айдан бери айтып келген. Бирок Украинанын түндүгүндөгү, чыгышындагы жана түштүгүндөгү чек аралардан өз күчтөрүн жиберүү менен тынчтык келишимин бузду.

Набыт болгондордун саны өсүп жаткан чакта Путин Европаны тынчтыкка жолтоо болуп жатат деп айыптап жатат. Андан ары эмне болору континенттин бүтүндөй коопсуздук түзүмүн коркунучка кептеши мүмкүн.

Ал Украина НАТОго эч качан кирбесин деп талап гана кылбастан, аталган альянс 1997-жылдагы абалына кайтсын деп, чыгышты көздөй таштаган кадамын артка жылдырууну талап кылууда. Ал Россия “чегине турган башка жай калган жок, алар бизди жөн эле кол куушуруп карап отурат деп ойлоп жатышабы?” деп арызданууда.

22-мартта Бишкекте Россиянын Украинадагы согуштук операциясын колдогондордун митинги болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 22-мартта Бишкекте Россиянын Украинадагы согуштук операциясын колдогондордун митинги болду

Акыркы бир нече апта ичинде Украина согуш азабын катуу тартты. Россия кыйраткан шаар-кыштактарды калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

Согуштан улам качкынга айланган миллиондогон украиналыктарга үйүн кайтарып берүү дагы оңойго турбайт.

Украинадагы согуш, Россияга салынган эл аралык оор санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга түздөн түз зыянын тийгизип баштады. Улуттук валюта сомдун куну түшүп, доллар наркы 85 сомдон заматта 105-109 сомго чыкты.

Дүкөндөрдө кээ бир эң керектүү азык-түлүктөр түгөнүп, баалардын кымбатташы байкалууда. (КС)