Украина: согуштан жалтанбаган кыз-келиндер

Yaryna Arieva holding a rifle

Сүрөттүн булагы, Yaryna Arieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Менин сүйүүм баары ушул жерде, ошондуктан Киевден эч кайда кетпейм, керек болсо согушам",-дейт Ярина Ариева
    • Author, Харриет Оррелл
    • Role, Би-Би-Си

"Бул согушта аялдар да четте калган жок"- деп Украинанын биринчи айымы "Инстаграмм" баракчасына жарыялады. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин аялы Елена Зеленская Орусия чабуулунан кийин аялдардын күжүрмөн күч-аракетин таамай чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшүп жатат. Февраль айынын аягынан бери Украинада курал кармаган жана аскер кийим кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү социалдык тармактарды каптады.

Миллиондогон үй-бүлө бөлүнүп чачылды, анткени энелер жана балдар жан соога издеп, батыш тарапка качты. Эркектер болсо Орусиянын чабуулунан өлкөнү сактап калуу үчүн согушка аттанышты. Президент Зеленскийдин тынчсыздануусуна карабай, бир топ аялдар да өлкөдө калып, башын тобокелге байлады.

Кира Рудик: "Бул коркунучтуу, бирок менин кыжырым кайнап турат"

Kira Rudik holding a gun

Сүрөттүн булагы, Kira Rudik

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кира Рудикке парламенттин мүчөсү катары курал беришти
Presentational grey line

"Мен согуш башталганга чейин курал кармап көрбөгөм"- деди парламент депутаты Кира Рудик. "Мындай нерсе эч качан болушу мүмкүн эмес эле. Бирок чабуул башталган кезде, мен катуу ойлонуп ушул чечимге келдим. Куралдар оор, алардан май менен металлдын жыты келет."

Рудик Киевде чабуулдан коргонуу тобун түздү жана машыгуулардан өтүүдө. Ал өзүнүн кай жерде экенин жашырат. Анткени, орус президенти ал жер жардыруучу аймактын тизмесинде экенин айтты. Ал арада Рудик Украина парламентиндеги "Добуш" партиясынын жетекчиси катары өзүнүн жумушун да аткарууда. Интернетте анын курал кармап түшкөн сүрөтү тез таркап, башка аялдарга күжүрмөн өрнөк болду.

"Мен көптөгөн аялдардан кат алдым, алар күрөшүп жатканын жазышты,"-деди Би-Би-Сиге Рудик.

"Биз бул согушту элестете албайбыз, бирок биз өзүбүздүн бейпилдигибизди, жаныбызды жана балдарыбызды коргоо үчүн күрөшүү керектигин билебиз."

"Коркунучтуу, бирок ошол эле учурда кыжыр келтирет, бул менин эл-жерге болгон сүйүүм."

Presentational grey line

Дүйнөлүк Банктын билдирүүсүнө ылайык, Украинадагы 44 миллион адамдын 23 миллиону аял жана Украина - аскердик кызматта аялдар эң көп иштеген өлкө. 2014-жылдагы маалыматка ылайык, Украинанын аскеринин 15,6 пайызын аялдар түзгөн, ал убактан бери бул кызматта аялдардын саны эки эсе көбөйдү. Февраль айында 18-60 жаш арасындагы дени сак, согушка жарактуу бардык аялдар ыктыярдуу түрдө аскерге чакырылгандан кийин бул сан дагы чоңойду. Аялдар өздөрүнүн өмүрүн чоң тобокелге салып, болбой эле согушка жөнөп жатышат.

Президент Зеленскийдин айтымында, согуштун алгачкы эки жумасында 1300 украиналык аскер курман болду. Согуш башталаарына жакын көптөгөн тургундар жер төлөлөрдө жана метро станцияларында коргонуп турушат. Ар күнү жардыруулар болуп, үйлөргө, ооруканаларга, гуманитардык имараттарга да сокку урулуп жатат. Украинада согуз зонасында азыр ушундай үрөй учурган көрүнүш.

Presentational grey line

Маргарита Риваченко: "Менин качып барар жерим жок"

Marharyta Rivachenko holding an enormous bouquet of roses

Сүрөттүн булагы, Marharyta Rivachenko

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маргаритага аялдардын эл аралык майрамында батальондогу жоокерлер гүл беришти
Presentational grey line

Эркектерден кем калышпай, ыктыярдуу түрдө аялдар да согуш зонасында калышты. Чабуул башталардан эки күн мурда Маргарита Риваченко өзүнүн 25 жашын Венгриянын баш калаасы Будапештте достору менен белгиледи. Эми болсо өзүнүн мекенин Орусия аскеринен коргоо үчүн келди.

"Согуш башталганда менин үй-бүлөм Харьковдо болду, мен болсо Киевде жалгыз элем. Менин кача турган жерим жок эле,"- деп Би-Би-Сиге билдирди.

"Мен эвакуация болгум келбеди, башка бир нерсе кылуу керек эле, ошентип коргонуп жаткандардын тобуна кошулууну чечтим."

Риваченко дарыгерлердин атайын курсунан окуп, азыр ыктыярдуу түрдө дарыгердин жардамчысы болуп иштей баштады.

"Мен катуу коркуп турам"- деди ал. "Мен өз өмүрүмдү жакшы көрөмүн жана жашагым келет. Бирок менин өмүрүмдү ушул согуш жалмашы мүмкүн. Ошондуктан бир нерсе жасашым керек."

Юстинан Дусан: " Менин башкы милдетим - аман калуу"

Yustyna Dusan on her phone while holding a cat

Сүрөттүн булагы, Yustyna Dusan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согушка чейин Юстина жаныбарларды коргоочу эле, азыр болсо аларды караганга убактысы жок, аман калыштын аргасын көрүүдө
Presentational grey line

Аймактык коргонуу бөлүмдөрүнө бардыгы эле кошула албайт. Анткени ансыз деле ыктыярчылар көп жана алардын айрымдарынын гана тажрыйбасы бар. IT тармагынын адиси Жастин Душан өз элине жардамдашуу үчүн колунан келгенин жасап жатат.

"Мен азыр кезекте турамын жана согушууга даярмын"-деди ал.

"Мени Львовко эвакуациялады, анткени мен курал-жараксыз, формам да жок эле. Ошондуктан мен азыр коопсуз аймакта жабдыктар менен гуманитардык жардамдарды согуш талаасындагы аскерлерге жеткирүүгө жардамдашып иштеймин".

Согушка чейин Душан жаныбарлар укугун коргоочу болгон.

"Бирок азыр адамдын өмүрү баарынан кымбат, аны коргоп калуу үчүн күрөшүүгө даярмын. Балдарыбыз өлүп атат, бардык украиналыктарды жок кылган жатышат. Ал учурда өзүбүздү жалгыз сезебиз. Тирүү калууга баарыбыз аракет кылабыз."

Алена Билетски: "Мен кызымдын эркин Украинада төрөлүшүн каалайм"

Olena Biletskyi holding a gun

Сүрөттүн булагы, Ukraine Women's Guard

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алена Билетски согуш башталардан мурда адвокат болуп иштеген.

Украинада мурда адвокат болуп иштеген Алена Билетскинин Киевдеги үйү өлкөдөгү аялдар гвардиясынын штабына айланды. Алена алты ай боюнда бар экенине карабай, 11 жана 16 жаштагы эки кызы жана жолдошу менен борбордо калып, аймакты коргоону чечти.

"Биз өлкөнү коргой турган бардык аялдарды жетектейбиз,"-деп түшүндүрдү.

"Борбордо калып согушалы деп үй-бүлөбуз менен чечтик, себеби биз басмырлоо алтында жашоону каалабайбыз."

"Бул - кулчулук жана эркиндиктин ортосундагы күрөш экенин өлкөдөгү бардык аялдар сезип турат. Ошондуктан мүмкүн болушунча Киевде калууга аракет кылабыз."

Елена жолдошу Александр экөө аскерлерди психологиялык жана физикалык жактан согушка даярдайт.

Алар "Молотов" коктейлин даярдоону, согуш куралдарын колдонууну жана маалыматтарды 33 тилде жарыялоону үйрөтөт.

"Алгачкы күндөрү аябай коркуп, тынчсызданган элек. Бирок азыр коркунуч жок, болгону душманды жеңүү аракетиндебиз. Мен качкан жокмун, качуу ниетим да жок. Мен билбейм тирүү калабызбы-жокпу, бирок мен жашагым келет жана үчүнчү кызым бейпил жана көз карандысыз Украинада төрөлүшүн каалайм."

Ярина Ариева: «Мен өзүм үчүн корккон жокмун»

Svyatoslav Fursin and Yaryna Arieva in military uniforms holding weapons

Сүрөттүн булагы, Mikhail Palinchak

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Святослав Фурсин менен Ярина Ариева согуш башталган биринчи күнү баш кошушту

Орусиянын аскери Украинага басып киргенде, Ярина эмнегедир дароо турмушка чыгууну чечти. Ал сүйлөшүп жүргөн жигити Святослав Фурсин менен урушуп, мамилеси жаман болуп жүргөн. Согуш башталганда алар кайра биригүүнү чечишти. Жаңы үй-бүлө ошентип Киевди коргоочулардын катарына өттү.

"Мен өз өлкөмдү жана шаарымды сактап калуу үчүн баарына даярмын. Менин ата-энем, мүлкүм, мышыгым да бул жерде. Мен сүйгөн нерсемдин баары мында. Мен Киевди таштап кете албайм. Мен керек болсо согушууга даярмын".

Ариева Киев шаардык кеңшинин депутаты. Ага курал берилди. Жолдошу менен бирге аймактык коргонуу базасына көчтү. Анын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга тажрыйбасы жок болгондуктан, согушта жүргөн күйөөсүнүн аман кайтып келишин сурап дуба кылып, эртеден кечке иштеп жатат.

"Согуштан мурда мен көп нерседен коркчумун. Иттерден, караңгыдан коркчумун,"- дейт 21 жаштагы айым.

"Бирок азыр бир гана жолдошумду жоготуп алуудан корком. Өзүм үчүн корккон жокмун."

Yaryna Arieva and Svyatoslav Fursin hugging in military uniforms with a Ukrainian flag behind them

Сүрөттүн булагы, Yaryna Arieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фурсин согуш башталгандан бери аскердик авиацияда кызмат кылууда, ал эми Ярина аймактык коргонуу базасына барып кошулду
Presentational grey line

Коркунучтуу иш

Ыктыярчылар согуш майданында өлүмгө дуушар болууда, алардын арасында аялдар да бар.

24-февралда Орусия аскерлери Украинага басып кирди. 52 жаштагы ардагер жана беш баланын энеси Ирина Цвила Киевде жолдошу Дмитрий менен өз аймагын коргоп жатып курман болду.

Бир жумадан кийин Киевдеги жаныбарлар бакчасына тамак ташыган 26 жаштагы Анастасия Яланская машинада бараткан жеринен жардырылды.

Дагы бир 32 жаштагы ыктыярчы Валерия Лера Мацецкая, ЮСАИД билдиргендей, апасына дары-дармек алуу үчүн бара жатканда орус танкасынын огуна кабылып, жаны кыйылды. (КС)