Путин Эрдоганга чалып, Украина боюнча талаптарын билдирди

Президент Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Түркия Россия менен Украинанын ортосунда өзүн абдан кылдат алып келатты. Эми анын акыбети кайтты окшойт.

Кечээ түштөн кийин президент Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалып, ага Украина менен тынчтык келишими боюнча өзүнүн так талаптарын билдирди.

Бир жарым саатка созулган телефон сүйлөшүүсү аяктагандан соң, Би-Би-Си Эрдоган мырзанын жакын кеңешчиси жана пресс-катчысы Ибрахим Калың менен маек кура алды. Калың мырза, телефон сүйлөшүүсүн өз кулагы менен уккан саналуу кишилердин бири.

Россиянын талаптарын эки категорияга бөлсө болот.

Жеңил талаптар

Калиың мырзанын сөзүнө ылайык, алгачкы төрт талапты кабыл алуу Украина үчүн кыйынчылык жаратпайт.

Бул талаптырдын башкысы – Украина нейтралдуу болуп жана НАТОго кирбеши керек. Украинанын президенти Володимир Зеленский буга даяр экенин мурда эле билдирген.

Бул категориядагы башка талаптар – көбүн эсе Орусиянын аброюн сактап калууну көздөгөндөй.

Украина Россияга коркунуч жаратпаганын көрсөтүү үчүн куралсыздануу процессине макул болушу керек. Украинада орус тилди корголушу керек. Жана дагы денацификация аталган нерсе бар.

Бул жеке Зеленский мырзага абдан оор тиет, анткени ал өзү жөөт жана анын туугандары Холокосттон өлгөн. Түрк тарап Зеленский муну кабыл ала алат деп ишенет. Бул үчүн Украинага неонацисмдин бардык түрүн айыптаарын жана ага каршы күрөшө турганын жарыялоо жетиштүү болот.

Украинадагы согушта ракета тийген үй

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Оор талаптар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыйынчылыктар талаптардын экинчи тобунда жатат. Путин мырза бул талаптар боюнча макулдашууга жетиш үчүн ал биринчи президент Зеленский менен жекеме-жеке жолугу керек экенин айтты. Зеленский мырза Россиянын президенти менен көзмө-көз жолугушууга даяр экенин буга чейин билдирген.

Калың мырза бул талаптардын арасында буга чейин бөлүнүп калган жана өзүнүн орус тилдүү экенин белгилеген чыгыш Украинадагы Донбастын статусу жана Крымдын статусу бар экенин гана айтып, бирок кеңири маалымат берген жок.

Калин мырза, Орусия чыгыш Украинанын территориясын дагы талап кылат деген божомолдор боюнча дагы тактоо берген жок. Бул өтө талаштуу учур болмокчу.

Дагы бир божомол - Украина 2014-жылы Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган жана иш жүзүндө азыр Орусияга караган Крымды дагы Орусияга таандык экенин ырасмий таанышы керек.

Эгер мындай маселе коюлса, муну кабыл алуу Украина үчүн кыйынга турат.

Бул чындыгында ишке ашканына карабастан, учурда Орусиянын Крымды ээлеп турганга юридикалык укугу жок жана СССР ураганда кол коюлган эл аралык келишимдерге ылайык, Крым - Украинанын территориясы.

Жалпысынан алганда, президент Путиндин талаптары айрымдар күткөндөй катаал болуп чыккан жок жана Орусиянын Украинаны басып кирип, ушунчалык кан төгүү менен кыйратууга учуратканына арзыган иш болгонунан күмөн туудурат.

Ибрагим Калин Путин менен Эрдогандын телефон сүйлөшүүсүн өз кулагы менен уккан саналуу кишилердин бири.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ибрахим Калың Путин менен Эрдогандын телефон сүйлөшүүсүн өз кулагы менен уккан саналуу кишилердин бири.

Жеңиш кимдики?

Орусиянын көзөмөлдө турган медиалары аркылуу мунун баарын Путиндин негизги жеңиши катары тартуулоо кыйынчылык жаратпайт.

Ал эми Украина үчүн олуттуу көйгөйлөр жаралат.

Келишим ар тараптуу, кеңири каралып, кылдат иштелип чыкпаса, президент Путин же анын мураскорлору үчүн Украинаны басып кирүүгө дайым шылтоо табыла берет.

Ок атышуулар токтоп, кан төгүлбөй калса дагы, тынчтык келишимин иштеп чыгуу узак убакыт алат.

Акыркы бир нече апта ичинде Украина согуш азабын катуу тартты. Орусия кыйраткан шаар-кыштактарды калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Согуштан улам качкынга айланган миллиондогон украиналыктарга үйүн кайтарып берүү дагы оңойго турбайт.

Владимир Путин өзү кандай жүрөт? Ал ортодо анын ден соолугу жайында эмес деп, анын психикалык саламаттыгын шек келтирген сөздөр айтылды. Калин мырза телефондон сүйлөшүү учурунда эч кандай адаттын тыш нерсе байкабаганын, Путиндин кыска-нуска сүйлөгөнүн белгиледи.

Украина менен келишимди неонацизмди жеңген сыймыктуу утушу катары көрсөтө алган күндө дагы, өз мекенинде анын позициялары алсызданат.

Путиндин аша чапканы улам көп элге түшүнүктүү боло баштайт, өлгөн же колго түшкөн жоокерлер тууралуу окуялар ылдам тарап баратат. (CS)