Путиндин жакын чөйрөсүнө кимдер кирет?

Пол Кирби, BBC News

Путин

Сүрөттүн булагы, Орусиянын президенттик администрациясы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинага басып киргенге чейин Орусиянын телеканалдары президент Путиндин коопсуздук кеңешинин 30 мүчөсү менен сессиясын көрсөткөн

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чоң тобокелчилик менен согушка жетелеп бараткан жалгыз фигура. Анын натыйжасында орус экономикасы кыйроо коркунучуна кептелип отурат.

Ал обочолонгон абалда сейрек көрүнчү. Айрыкча өзүнүн жакын чөйрөсүнө кирген адамдар менен алдын ала даярдалган соңку эки иш-чарада ал кеңешчилеринен бир топ эле алыста отурганын көрүүгө болот.

Башкы кол башчы катары басып кирүү боюнча жоопкерчилик ага жүктөлөт. Бирок ал ишенимдүү чөйрөсүнө ар дайым таянып келген. Алардын көпчүлүгү өз карьерасын Орусиянын коопсуздук кызматында баштаган. Маселе ушундай тагдыр чечүүчү ажолук кызматында Путин алардын кимисине кулак саларында.

Шойгу

Кулак салса, узак убакыттан бери ишенимдүү өкүлү саналган Сергей Шойгуга кулак салат. Ал Украинаны демилитаризация кылууну жана Орусияны Батыштын “аскердик коркунучунан” коргоону айткан Путиндин сөзүн кайталап келет.

Ал президент менен бирге Сибирде аңчылыкка чыгып, балык уулоого барган киши. Мурда аны мураскер болууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешчү.

Бирок столдун арткы четинде отурганы тартылган бул адаттан тыш сүрөткө назар салыңыз. Ал генштабдын башчысынын жанында оңтойсуз болуп отурат. Ага Путин канчалык кулак салышы мүмкүн деп таң калып жаткан болушуңуз мүмкүн.

Путин

Сүрөттүн булагы, REUTERS/Кремль

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент көбүнчө обочолонгон фигура катары көрсөтүлөт

Бул сүрөт аскердик өнөктүк башталгандан үч күн өткөндөн кийин тартылган. Анда өнөктүк украиналыктардын күтүүсүз каршылыгына туш болуп, аскердик духтун төмөндүгү менен коштолгон эле.

“Шойгу Киевге бастырып кириши керек болчу; ал коргоо министри жана жеңүүгө милдеттүү эле”, — дейт куралдуу жаңжалдар боюнча адис Вера Миронова.

2014-жылы Крымды алуу ага ыйгарылган болчу. Ал ГРУ аттуу аскердик чалгын башкармалыгын да жетектечү. Аталган мекеме нервди шал кылуучу уулуу заттарды эки жолу колдонуу үчүн айыпталган. Биринде 2018-жылы Британиянын Солсбери жергесиндеги кол салуу болсо, экинчисинде 2020-жылы Сибирде оппозициялык лидер Алексей Навальныйды өлүмгө чейин жеткирген ууландыруу аракети болгон.

Жакындан тартылган сүрөттө ал ого беш бетер жаман көрүнөт. “Аза күтүүдө отургандай”, — дейт Миронова.

Шойгу

Сүрөттүн булагы, EPA/KREMLIN POOL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Валерий Герасимов (солдо) менен коргоо министри Сергей Шойгу президент Путиндин стратегиялык чечим кабыл алуусунда маанилүү ролду ойногон

Олдоксон туюлушу ыктымал, бирок коопсуздук боюнча орусиялык эксперт жана жазуучу Андрей Солдатов президент азырга чейин кулак салган эң таасирдүү киши коргоо министри деп ишенет.

“Шойгу куралдуу күчтөрдү жетектөө менен эле чектелбейт, ал белгилүү бир деңгээлде идеологияны дагы карайт. Орусияда идеология негизинен тарых менен байланыштуу. Ал нарративди көзөмөлдөйт”.

Герасимов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Штабдын начальниги катары анын милдети Украинага бастырып кирип, ишти ыкчам бүтүрүшү керек болчу. Ошол стандарт менен караганда ал жетишсиз болуп чыкты.

1999-жылы Чечен согушунда куралдуу күчтөрдү жетектегенден бери ал Владимир Путиндин аскердик өнөктүктөрүндө башкы ролду ойноп келген. Ал Украинага армияны алып кирүүдө дагы алдыңкы сапта болду. Өткөн айда Беларустагы аскердик машыгууларды көзөмөлдөгөн.

Орусия боюнча адис Марк Галеотти тарабынан “жылмайбаган, копол талоончу” деп сүрөттөлгөн генерал Валерий Герасимов дагы Крымды аннексиялоодогу аскердик өнөктүктө башкы ролду ойногон.

Айрым маалыматтар боюнча, Украинага басып кирүүдөгү мүчүлүштүктөрдөн жана аскерлердин арасындагы духтун төмөндүгүнөн улам аны четтетип коюшкан.

Бирок Андрей Солдатов айрымдар ойлогонун чындык катары көрсөтүп жатат деп ишенет. “Путин ар бир жолду, ар бир батальонду көзөмөлдөй албайт. Бул анын милдети”. Коргоо министри анын формасын жактырганы менен бирок ал аскердик машыгуудан өткөн эмес. Ал кесипкөйлөргө таянгысы келет деп кошумчалайт Солдатов.

Патрушев

“Патрушев Батыш Орусияга ээлик кылууга аракеттенип жатат деп ойлогон жырткычтардын жырткычы”, — дейт Лондон коллеж университетинин Орусиянын саясаты боюнча профессору Бен Нобл.

Патрушев Путинге берилген үч кишинин бири. 1970-жылдардан бери ал Путин менен Санкт-Петербургда кызмат өтөп келатат. Ал кезде Орусиянын экинчи ири шаары Ленинград деп аталчу.

Калган эки туруктуу тарапташы: коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников жана тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин. Президенттин жакын чөйрөсү “силовики” же күч түзүмдөгүлөр деп аталат. Бирок бул үчилтик жакыныраак.

Николай Патрушевдей президентке таасир эте алган адамдардын саны аз. Ал коммунисттик доордо Путин менен КГБда эле иштеп тим болбостон, 1999-жылдан 2008-жылга чейин КГБнын жаңы түзүмү ФСБны жетектеп келген.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин дал ошол бир кызык отурумунда, Украинага бастырып киргенге чейин үч күн мурда, Патрушев АКШнын “конкреттүү максаты” Орусияны бөлүп жаруу экени жөнүндө өз көз карашын айтып чыккан.

Аталган отурум бөтөнчө бир театралдаштырылган көрүнүш болду. Президент столдун артында соттук отурумду өткөрүп жатканда, анын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бир-бирден кафедрага келип, Украинадагы Орусия колдогон козголоңчулардын эгемендигин таануу жөнүндө өз ой-пикирлерин билдирип жатышты.

Николай Патрушев сынактан өттү. “Аскердик ураан дал ошол кишинин колунда жана Путин бир топ эле чектен чыккан позицияга өткөн сыяктуу”, — дейт Бен Нобл.

Бортников

Кремль боюнча байкоочулардын айтымында, президент коопсуздук кызматынан алган маалыматка башка булактарга караганда көбүрөөк ишенет. Александр Бортниковду Путиндин жакын чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары көрүшөт.

Ленинграддагы КГБнын дагы бир эски кызматкери Николай Патрушев кеткенден кийин ФСБны жетектеп калган.

Экөө тең президентке жакын делет, бирок Бен Нобл белгилегендей: “Ким жетектеп жатканын, ким чечим кабыл алганын ишенимдүү түрдө айта албайбыз”.

ФСБ укук коргоо органдарынын үстүнөн бир топ эле таасирге ээ. Ал тургай өзүнүн атайын даярдыктагы күчтөрү бар.

Ал маанилүү, бирок ал Орусиянын лидерин суракка алыш үчүн же ага башкалардай болуп кеңеш бериш үчүн ал жерде жүргөн жок деп ишенет Алексей Солдатов.

Нарышкин

Ленинград “арбактарынын” үчилтигинин бири катары Сергей Нарышкин өз карьерасынын көпчүлүк бөлүгүн президенттин жанында өткөргөн.

Анда Коопсуздук кеңешинин отуруму өтүп жатканда расмий көз караштан баш тарткандай сүйлөгөн кезде анын таш-талканы чыгарылганы жөнүндө эмне дей алабыз?

Кырдаал тууралуу өз баасын берүүсүн сураганда, чалгын кызматынын башчысы толкунданып кетип, уялып жатканда президент: “Биз талкуулап жаткан тема ал эмес” деп айткан.

Көпкө созулган отурум монтаждалып, анын оңтойсуз абалын Кремль элдин кеңири катмарына көрсөткүсү келгени ачык болуп калды.

“Ал абдан жаман болду. Ал болуп көрбөгөндөй токтоо жана оюн бир жерге топтой алгандыктан адамдар эмне болуп жатат деп суроо салышы мүмкүн”, — деди Би-Би-Сиге Бен Нобл. Жалпы эле окуянын уулуу атмосферасы Марк Галеоттинин көңүлүн бурган.

Бирок Андрей Солдатов ошол учурдан ырахат алганын айтат: “Аны [Нарышкинди] келесоодой көрсөтүп, Путин өзүнүн жакын чөйрөсү менен оюн ойногонду жакшы көрөт”.

Сергей Нарышкин Путинге көп убакыттан бери, 1990-жылдары Санкт-Петербургда, андан кийин 2004-жылы Путиндин кабинетинде жана акыры парламент спикерлигине келгенден кийин, көз салып келген. Бирок ал Орусиянын Тарых коомуна дагы жетекчилик кылат. Солдатовдун ою боюнча, ал президенттин кыймыл-аракеттери үчүн идеологиялык негиздерди камсыздап берүүдө маанилүү ролду ойногон.

Былтыр ал Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенбергге интервью берген эле. Анда ал Орусия ууландыруу жана кибер чабуул уюштурганын же башка өлкөлөрдүн шайлоолоруна кийлигишкенин четке каккан.

Лавров

18 жылдан бери ал Орусиянын эң улук дипломаты болуп келген. Чечим кабыл алууда ролу чоң эмес экени айтылса да ал Орусиянын кызыкчылыгын дүйнө жүзүнө жеткирип жүрөт.

Сергей Лавров 71 жашта. Ал Владимир Путин өз өтмүшүндөгү инсандарга көбүрөөк таянарына дагы бир далил.

Ал айлакер кызматчы: өткөн айда ал Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трассты Орусиянын географиясын билгени үчүн шылдыңдоого аракет кылды. Былтыр Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеп Боррелди басынткандай болгон.

Бирок ал Украина боюнча бардык нерседен көпкө чейин сыртка сүрүлүп келген. Копол жана касташкан позициясына карабастан ал Украина боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү колдоп, орус президенти аны этибарга албоону чечкен.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Орусиянын кол салуусун видео байланыш аркылуу коргоого аракет кылып жатканда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндегилердин көпчүлүгү залдан чыгып кеткени анын тынчын алган деле эмес болушу мүмкүн.

Матвиенко

Путиндин жакын чөйрөсүндө сейрек кездешкен аял катары ал парламенттин жогорку палатасын көзөмөлдөп, Орусиянын күчтөрүн чет жерде колдонуу боюнча уруксат алды жана кол салууга жол ачып берди.

Валентина Матвиенко Путиндин санкт-петербургдук дагы бир үзөңгүлөшү. Ал 2014-жылы Крымды аннексиялоого жардам бергендердин бири.

Бирок ал негизги чечим кабыл алуучу болуп эсептелбейт. Бирок кимдин жетекчи экенин жана чоң чечимдерди кабыл аларын өтө аз гана адам билиши мүмкүн.

Орусиянын коопсуздук кеңешинин ар бир мүчөсүндөй эле анын ролу жамааттык талкуу жүрүп жаткандай түр көрсөтүү. Себеби андай учурларда Путин эбак эле бир чечимге келген болушу толук ыктымал.

Золотов

Президенттин мурдагы жан сакчысы азыр Орусиянын улуттук гвардиясын, Росгвардияны, жетектейт. Ал Путин тарабынан алты жыл мурда негизделген жана Рим империясынын тушундагы преториан гвардиясы сыяктуу армия болуп эсептелет.

Путин өзүнүн жан сакчысынын берилгендигине ишенип, аны тандаган. Виктор Золотов армиянын санын 400 миңге жеткиргени айтылып жүрөт.

Вера Миронова Орусиянын түпкү планы басып алууну бир нече күндүн ичинде бүтүрүү болгон деп ишенет. Качан гана аскерлер ийгиликсиз боло баштагандай болгондо Орусиянын улуттук гвардиясы алдыңкы сапка өткөн.

Маселе улуттук гвардиянын башчысынын аскердик машыгуудан өтпөгөнүндө. Анын күчтөрүнүн танктары жок болгондуктан алар чабуулга туруштук бере албашы мүмкүн.

Путин дагы кимдерди угат?

Премьер-министр Михаил Мишустиндин экономиканы куткаруу боюнча милдети суктанарлык деле эмес. Согуш боюнча анын айта турган сөзү жокко эсе.

Саясий аналитик Евгений Минченконун ою боюнча, Москванын мэри Сергей Собянин менен мамлекеттик мунай алпы “Роснефттин” башчысы Игорь Сечин дагы президентке жакын.

Миллиардер бир туугандар Борис жана Аркадий Ротенбергдер президент менен бала кезден дос болуп кетишет жана көп убакытка чейин жакын ишенимдүү өкүл болушкан. 2020-жылы Forbes журналы аларды Орусиядагы эң бай үй-бүлө деп тапкан. (EA)

Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчылары Ольга Ившина менен Катерина Хинкулованын кошумча репортажы