Россияда дайынсыз кеткен аскерлерди үй-бүлөсү кантип издеп жатат?

Орус танкы

Сүрөттүн булагы, SERGEI MALGAVKO\TASS

Бүт Россия боюнча Украинада согуш башталгандан бери байланышка чыкпай калган бир тууган ага-инилерин, аталарын, уулдарын жана күйөөлөрүн издегендер көбөйдү. Россияда маалымат жетишпегендиктен, жоголгон жоокерлердин жана офицерлер жөнүндө алардын туугандары украиндер ачкан сайттардан, телеграм-каналдардан издешүүдө. Туткунга түшкөндөрдүн видеосу чыгып кеткенде, алардын туугандарына жаман сөздү жаадырып асылган учурлар да болууда.

Согушта курман болгондор, жарадарлар жана туткунга түшкөндөрдүн саны жөнүндө маалыматтар орус жана украин тараптан аябай эле айырмалуу берилип жатат. Россиянын Коргоо министрлиги согуштук операциянын жетинчи күнү дегенде араң жоготуулар 498 адам деп билдирди. Ошол эле убакта алардын эсеби боюнча украиндердин жоготуулары алда канча көп: “2870 ашуун адам курман болду, 3700 жарадар. Украин армиясынын 572 аскери туткундалды”.

Ал эми Украинанын Генштабынын маалыматы таптакыр башка: 3-мартта эртең менен Украинада орус аскеринин жоготууларын алар 9 миң деп билдирди.Туткунга түшкөндөр, курман болгондор, жарадарлар баары ушунун ичинде. Андан мурдагы кабарда 200 орус аскери туткундалганы айтылган. Бул сандарды тактап текшерип чыгуу мүмкүн эмес.

27-февралда Украина “Өзүңдүкүн изде” деп аталган ресурстун ачылганын жарыялады. Ал сайтта орус аскерлеринин туугандарын маалымат калтыруусун өтүнүшкөн, анткени аларды туткунга түшкөндөр менен курман болгондордун тизмесинен текшерүү керек дешкен. Бир күндөн кийин орус бийликтери бул сайтка бөгөт коюшту, эми жоокерлердин аты-жөнү, туулган датасы жөнүндө маалыматтарды топтоо Telegram каналына көчтү.

Бул макала жазылып жатканда каналда 61 миңден ашык адам катталган эле. Сайттын администраторлорунун айтымында, бейдарек кеткен жоокер жөнүндө маалымат сураган 19 гана адам болду.

"Жалгыз калдым. Мен эмне кыла алам?"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1-мартта украиндердин “Өзүңдүкүн изде” демилгеси YouTube каналынан чыкты. Аны Володимир Золкин деген, өзүн ыктыярчы жана ушул акциянын уюштуруучусу катары көрсөткөн адам жайгаштырды.

Ал экранда орус аскерлеринин туугандары менен жакындарынан келген кабарларды, өтүнүчтөрдү көрсөттү. Түз эфирде алып баруучу туткунга түшкөн же курман болушу мүмкүн болгон жоокерлердин туугандары менен байланышууга аракет көрүп, аларга туткунга түшкөндөрдүн видеосун, шеврондорун, башка документтерин көрсөтүп жатты. Ал ошондой эле байланышка чыккан адамдардан Россиянын Украинага кол салуусуна кандай ойдо экендигин, коркпой ачык айтып чыга алабы-жокпу, деп дагы сурады.

Каршылыгын ачык айтып чыкчулар болгон жок, сүйлөшкөн адамдар шок болуп, туткундарга бир нерселерди берип жиберүү сунушуна так жооп айтышкан жок.

Ошол убакта Челябинск областынан 20 жаштагы Евгения Завидия бир аптадан бери 20 жаштагы күйөөсү Дмитрий Завидияны издеп жүргөн экен. Ал 2021-жылы ноябрда аскерге кетиптир, анын алдында балалуу болгон экен. Февралдын жыйырмаларында Дмитрий аялына телефон чалып, аскердик машыгууга кетип жатканын айткан, ошондон бери кабары жок. Байланыш да жок. Евгения Украинадагы орус аскерлери жөнүндө телеграм-каналдардын бирөөнө өзү жөнундө жазып жиберген экен.

Харьковдун четинде өрттөнгөн танк

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES/СЕРГЕЙ БОБОК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Харьковдун четинде өрттөнгөн танк

1-мартта “Өзүңдүкүн” изде” стрими бүткөндөн кийин Завидияга телефон чалышып, анын жолдошун табышканын кабарлашкан. “Мен анын өзүбү, айта албайм, бирок мага анын өзү деп айтышты. Жарадар, катуу күйгөн, өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатышыптыр”,-деди жоокердин жубайы Би-Би-Сиге.

Завидия дүкөндө администратор болуп иштейт, анын жолдошу кайсыл аскер бөлүгүндө кызмат кыларын тактап сүйлөшкөнгө убактысы жок. Украинадан байланышкан адам Завидияны башка жоокерлердин жубайларын, энелерин чогултуп, аскердик операцияны токтотууну талап кылган митинг өткөрүшү керектигин айтыптыр.

- Сиз бул сунушту кабыл алдыңызбы?

- Жок. Эмнеге? Мен жеке өзүмдүн көзүм жетмейчинче мага эчтеке таасир этпейт. Мага анын командири чалып өзү айтмайынча. Жалгыз калдым, мен эмне кыла алам?

Завидия Би-Би-Си менен сүйлөшкөндөн 15 сааттан кийин Завидия кийинки суроолорго такыр жооп бербей калды. “Бизде баары жакшы,-деди ал. – Жолдошум байланышка чыкты. Жакшы экен. Анын каякта экенин мен сизге айтпайм. Жакшы калыңыз”.

"Кайсы кулагынан баштап кесели...?

СМСтердин таржымалы

Москванын жанындагы Кубинкиде жашаган Вероника Пескишеванын 23 жаштагы сүйлөшкөн жигити десанттык бөлүктө контракт менен кызмат кылат. Анын айтымында, Алексей Трубников Беларустагы машыгууларда болгон, ал эми 22-февралда кечинде сүйлөшкөн кызына “аларды каякадыр согушка алып кетип жатканын” жазган. Ал ошондой эле “кароосу жок калгандарды коргогону” кетип жатканын жазыптыр. “Каяктагы коргоосу жок калгандар, ал жакта согуш болуп атпайбы, деп айттым. Ал болсо, анда ошондой согуш деп жооп айтты. Алар каякка баратканын билишкен эмес”.

Ошондон бери Вероникада эч кабар жок. “Мен анын кайда экенин, эмне болгонун билбейм. Телеграм-каналдарга жазып жибердим. Эч байланыш жок. Мен алардын аскер бөлүгүнөн бир нерсе айтат деп ишенбейм. Чалып көрдүм, иштеген бир номуру жок. Алардын бригадасын абадан аткылашканы жөнүндө маалымат бар. Аны мага эски батирдеги кожоюн аял жазып жибериптир. Көрсө, ал дагы бул иштер боюнча украиндер менен байланышта экен”.

Кийинки күнү анын номери телеграм-каналарга чыккандан кийин Вероникага коркутуп-үркүтүүлөр келе баштады. “Мага азыр чалышты жарым саат мурда, коркутушту. Лешанын туткунга түшкөнүн, аны эмне кылышарын, кайсыл кулагынан баштап кескилешерин жана аны тирүү күтпөй эле кой, өлтүрүп салабыз деп айтышты”.

Би-Би-Си Вероникага телефон чалган адамга байланышты. Ал өзүн Ярослав деп атап, бирок фамилиясын айтпай койду. Анын телефонунун номуру россияныкы. Башында ал “Өзүңдүкүн изде” демилгеси боюнча иштеп жатканын айтты, бара-бара суроолорго так жооп бербей, сөздү согушу жөнүндө талашка айлантууга аракет кылды. Биз анын контрактник Трубниковдун каякта экенин чынында эле билген адам катары тактай алган жокпуз.

Пескишева Алексей кызмат кылган аскер бөлүгүнө баргысы келип жатат. “Бирок мага так айтышабы, билбейм. Биз каттала элекпиз, ал эми маалыматты туугандарына эле берет да”.

Украинан чек арасындагы Россиянын согуштук техникасы

Сүрөттүн булагы, ТАСС/АНТОН ВЕРГУН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын чек арасындагы Россиянын согуштук техникасы

Ошол эле убакта туткунга түшкөн башка бир адамдын видеосу жарыяланды. Украин аскерлери тарткан видеодо ал өзүн "Шапы кыштагынан Евгений Смирнов" деп тааныштырды.

Көрсө, Смирнов Смоленск областындагы чакан кыштактагы белгилүү үй-бүлөнүн асыранды баласы экен. Жергиликтүү маданият үйүнүн директору Ольга Дральнова 2007-жылы аны жетижашта экенде багып алыптыр.

Ольга Дральнова Би-Би-Синин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты, бирок Смирнов анын баласы экенин ырастады.

Анын "ВКонтакте" сайтындагы баракчасынан Антон Смирнов табылды, украин телегар-каналындагы туткунга түшкөн адам менен туулган күнү туура келди.

Смирнов Наро-Фоминскиде жайгашкан мотоаткычтар полкунда үч жылдан бери кызмат кылууда.

"Ал кетти дегениң эмне, мага Беларустамын деп жазып атпады беле?"

Уралдан Алевтина Ростовцева 21 жаштагы жетим небереси Евгений Ростовцевди издеп жатат. Ал Ыраакы Чыгышта контракт менен кызмат өтөп жаткан болчу. Январда телефон чалып "Чоң эне, биз Беларуска машыгууга кетип атабыз" деп айткан экен.

Андан кийин Чернобыль АЭСинин жанындагы Припять дарыясында экенин жазып жиберген.

"15-февралда жазыптыр, сыягы Украина менен Белоруссиянын чек арасына жиберет го деп. Мен эмнеге деп сурадым. Кайтарууга деп айтты".

Акыркы жолу Ростовцев чоң энеси менен 23-февралда байланышкан.

"Концертте экенин жазды. Мен ага телефон чалып сүйлөшкүм келди. Чалба, начальниктер телефонду алып коет деди. Ошондон бери анын эмне болгонун билбейм",-дейт Ростовцева.

Дагы бир аскердин энеси да баласын ушинтип издеп, таппай жатканын Би-Би-Сиге айтып берди, бирок аны жарыялабай эле коюну өтүндү. (КС)