"Колума эмне тийсе, ошону менен согушам”: Эмнеге көп белорустар Украинага согушка аттанып жатат?

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT
Лукашенко анын куралдуу күчтөрү Путиндин “согуштук операциясына” катышпайт деп дүйнөгө билдирип, Батыш өлкөлөрү Минскини Кремль менен кызматташууда деп айыптап жатканда, көптөгөн белорустар Украинага согушка ыктыярдуу түрдө жөнөп жатышат.
Расмий эмес маалыматтарга караганда, Украинада ыктыярдуу отряддарда эки жүздөй белорус жарандары бар. Алар 20-50 жаш курактагы эркектер, өздөрүнүн айтымында, бир тууган славяндарга “агрессия менен күрөшүүгө” жардам берүү үчүн барышкан.
Би-Би-Синин орус кызматы алардын кээ бири менен сүйлөшүп келди.
Варшавадан Киевке жүрүш
“Мен колума эмне тийсе, мылтыкпы, бычакпы, салгылашканга даярмын. Бул жерде эркин Украинанын, эркин Беларустун тагдыры чечилип атат десек, аша чапкандык болбойт”,-деди белорус каршылык көрсөтүү тобунун ыктыярчысы Вадим Прокопьев.
Прокопьев – белгилүү белорус ишкери жана оппозициячыл ишмер, ал Польшага 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийин кеткен.
Киевде түш чен, Вадим мени менен “Зум” аркылуу сүйлөшүп атат. Ал Эркиндик майданынын жанында турат. Сол колунда – украиндерди колдоонун белгиси болгон сары түстүү боо.
Вадим өзү жана жолдоштору бир эле саатта чечим кабыл алып, Киевке келишкенин айтууда. Февралдын аягында алар белорус ыктыярчыларынын колоннасына кошулуп, Варшавадан Киевке келишти.

Сүрөттүн булагы, VADIM PROKOPIEV
“Биз бир нече арзан автоунаа сатып алып, жолдо сынып калбасын деп кудайга жалындык,-деп эскерет Вадим. - Жол оңой болгон жок, эки суткада аз эле уктадык, блокпосттор болду, Киевке жете баралы деп аракет кылдык”.
"Блокпосттордун биринен бизден бронежилеттерди байкап калышты, ошондо командир бизге куралын такап, кол көтөрүүнү буйруду. Мага атактуу украин текшерүүсүнөн өтүш үчүн колумду көтөргөн абалда “клубника” деп айтышка туура келди. (кулпунай украинче – полуниця, украиндер бул сөздү туура айта алат деп эсептелинет – Би-Би-Синин түшүндүрмөсү).
Прокопьевдин айтымында, белорус ыктыярчыларынын арасында ар башка курактагы жана кесиптеги адамдар көп.
"Аман калуу - биздин жигиттер үчүн эң маанилүү"
Вадим коопсуздук шарттарына байланыштуу өзүнүн аскер бөлүгүн атагандан баш тартты.
Азырынча анын Киевдеги ролу – коммуникациялык мүнөздө: “Орус пропагандасы фейктерди жаадырып жатат, биздин милдет – аларды жок кылуу".
Анын колундагы башкы курал – айфон телефону, бирок ал керек учурда колуна курал алганга да даяр экенин айтууда.
"Чындыктын кандайдыр бир кымындай бөлүгү болсо да биздин (белорус) аскерлердин кулагына жетсе экен, бир взводго бир смартфон аларда да бар, -дейт Прокопьев. - Мындай кырдаалда калган чыныгы белорус патриоту үчун бирден-бир туура тактика - Украина тарапка өтүү. Бул оңой жана коопсуз аткарылат. Бул жакта ошол эле белорустар. Аман калуу - биздин жигиттер үчүн эң маанилүү”.
Вадим Прокопьев анын Украинага келгени үчүн эч ким ага акча төлөгөн жок деп баса белгилеп айтты: "Биз кандай төлөсө да алмак эмеспиз, ансыз деле белорустар украиндердин алдында карызпыз".
"Бир тууган украин агайындарга жардам берүүгө даярдануудабыз"
Вадим сыяктуу эле ыктыярчы болуп барган Алексей белорустар менен украиндер жалпы душманга каршы күрөшүп жатат деп эсептейт:
"Бул бизге белорустарга биздин режимден, ички оккупациядан куткарган, эркиндик алып келген согуш болуп калышы мүмкүн”,-дейт.
Биз телефондон сүйлөшүп атканда Алексейдин жүзүн кара балаклава жаап калды. Ал мени анын чыныгы атын жана үнүн өзгөрт деп өтүндү – Беларуста Алексейдин туугандары калды. (Би-Би-Сиде анын аты жөнүн аныктаган маалыматтар бар).
Алексей 2020-жылы Лукашенкого каршы митингилерге катышып жүргөндүктөн ага кылмыш иши козголгонун, ошондуктан Украинага качып келгенин айтат. Бул жактан ал саясий баш паанек сураган.

Сүрөттүн булагы, VADIM PROKOPIEV
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Украина мени коргойм деп убада берди. Эми мен Украинаны коргоп жатам", - дейт Алексей.
Ал өзүнүн досу 2015-жылдан бери кызмат өтөп аткан аймактык батальондордун бирине киргенин билдирди.
"Биздин топтун бир бөлүгү согушка барып келди. Биз азырынча машыгып атабыз, курал алып, украин агайындарга жардам берүүгө даярданып атабыз, өзүбүздүн кезекти күтүүдөбүз”.
Белорус бийликтеринин буйругу менен орус аскерине жардамга келиши мүмкүн болгон өзүнүн эле мекендештерине, белорустарга каршы согушууга ал даярбы?
"Украиндерге каршы согушууга келген ким болсо да – белорус эмес, - дейт Алексей ишенимдүү түрдө. – Ал чыккынчы, маңкурт, айбан. Чыныгы белорустар украин агайындар менен бирге согушууда. Ал эми кимдир-бирөө кайсы бир идеология же үй, колбаса, кара жан үчүн украиндерди өлтүрүүгө даяр болсо - алар анда белорус эмес, алар, кечирип коюңуз, жөн гана айбандар”.
Вадим Прокопьевдин айтымында, ал белорустардан миңдеген колдоо каттарын алууда.
"Бул жакка келейин деген белорустар абдан көп, бул оңой эле. Мен ишенемин, бардык эркин белорустар азыр Украина үчүн колдон келгендин баарын жасашы керек. Биз украиндерге ичинен колдоо көрсөтүп, ошондой эле өзүбүзгө да жардам беребиз”.
Темир жолдогу согуш
Аптанын башында ЖМКларда белорус темир жолдорунда партизандык диверсиялар болуп жатканы тууралуу кабарлар чыкты.
Белорустардын үч областында белги берген жабдуулар талкаланып, темир жолдор бузулуп калды.
BYPOL (2020-жылы каршылык акцияларынан кийин оппозицияга кеткен белорус күч кызматкерлеринин бирикмеси, Беларуста экстремисттик уюм деп таанылган) маалыматына караганда, бул операциялардын натыйжасында белорус темир жол бөлүмдөрүнүн иши үзгүлтүкө учурады.
"Согушту токтотуу, орус аскеринин оккупациясынан бошонуу, ата-бабалардын жакшы атын чыгаруу - биздин милдет, биздин колубуздан келет".
"Темир жолдогу согуш – бизге мураска калган билим, биз аны билебиз жана ар бирибиздин колубуздан келет", - деп жазды BYPOL.
2-мартта Беларустун ИИМ мындай аракеттер терроризм актысы болуп караларын, ал эми Белорус темир жолдорунун инфраструктурасы ички иштер органдары жана аскерлери тарабынан көзөмөлгө алынганын билдирди.











