Британ генштабы жоокерлерин Украинага согушка барбоого чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын коргонуу штабынын башчысы адмирал сэр Тони Радакин британдыктарды Украинага согушканы барбоого чакырды. Үйдө туруп деле жардам берсе болот дейт.
Би-Би-Сиге берген маегинде, Украинанын учуусуз зона түзүү суранычын, тактикалык көз караштан алганда жардам бербейт жана согуштун күчөшүнө алып келиши мүмкүн деп четке какты.
Радакин Батыш өлкөлөрүн алар туура кылып жаткандыгынан шектенбөөгө чакырды.
Анын пикиринде, Орусиянын Украина басып кириши ийгиликсиз өтүп жатат, Орусия күн санап күчүн жоготууда жана ал көпкө жетпейт.
Адмирал Радакин, Украинага колуна курал алып жардам бергиси келген британдарга кайрылып, “ок атуунүн үнүнө чуркаштын кереги жок”, - деди жана анын ордуна Британияда туруп колдон келген жолдор менен жардам берүүгө чакырды.
Тышкы иштер министри Лиз Трасстын - “Украинада согушкусу келген ар бир британдыкты колдойм” - дегени туура болду беле деген суроого, “мындай сезимдерди баарыбыз эле түшүнүп турабыз, бирок аларды Украинаны башкача жол менен колдоого багыттоо керек”, - деп жооп берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адмирал Радакин, британ куралдуу күчтөрүнүн жогорку даражалуу ырасмийи, Би-Би-Синин таңкы программасынын коногу болду. Ал орус аскерлери чоң жоготууларга учурап жатканын, алардын күжүрмөн деми түшкөнүн, техникасы иштен чыккан учурлары көп экенин айтып өттү.
Генерал, орус аскерлери Киевдин жанында токтоп калган автоколоннаны таштап, жакынкы токойдо орукка туруп алышканын өз сөзүнө мисал катары келтирди.
Ошондой эле Москванын Украинадагы бир апта ичинде жоготуулары, Британиянын Афганистанда 20 жылдагы жоготууларын ашып түшкөнүн дагы белгиледи. Өзгөчө алдыңкы катардагы бөлүктөрдүн орус аскерлеринин көп жоготууларга учураганын белгиледи.
Ишембиде Украинанын президенти Володимир Зеленский, Батыштын Украинанын асманын учуусуз тилкеге айлантууну каалабагандыгы, орус аскерлерине шаар-кыштактарды бомбалоону улантуусуна “жашыл белги” бер деп айтып чыкты.
Адмирал Радакин, мындай кийлигишүү эч бир жакшылыкка алып келбей турганын кесе жооп кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Адис аскер катары саясатчыларга кеңешибиз – тактикалык майнабы жок иштерге барбоого аракет кылыш керек. Ал эми орду толгус кесепеттерге кирептөөчү жана чыңалууну күчөтүүчү кадамдарга такыр барбаш керек", - деди ал.
Радакин, Украинага, абадан бомбалоо эмес, артиллериялык аткылоолор баарынан чоң бүлгүн кылганын дагы белгилей кетти. Учуусуз зону киргизүү – орустардын абадан коргонуу системдерин жана учактарды жок кылуу дегенди түшүндүрөт. Бул токтоосуз түрдө уруштун күчөшүнө алып келет.
Андан бир аз кечирээк, британ вице-премьери Доминик Рааб, украиндердин “жан дүйнөсү күйүп” жатканын түшүнө тургандыгын, бирок Батыш башынан эле Россия менен түз кагылышууга барбай турганын так билдиргенин бегиледи.
Ал, мындай кадам, Батыш Орусияга каршы аттанды дегенди кайталагандан тажабаган Путиндин сөздөрүн гана ырастайт дейт.
Ишембиде президент Путин учуусуз зона түзүүгө багытталган аракеттин баары НАТОнун согушка катышуусу катары эсептелинерин билдирди.
“Түшүнүксүз жана суу кечпеген билдирүүлөр”
Адмирал Радакин бир апта мурда Путин оозанган өзөктүк коркунча дагы токтоо мамиле кылууга чакырды.
Анын айтмында, Батыш тынч туруп, абалга жоопкерчиликтүү мамиле кылып жана орус президентинин ар бир айткан “түшүнүксүз жана суу кечпеген билдирүүлөрүнө” дүрбөй бербеши керек.
“Биз даярбыз, - дейт ал, - биз бул конфликтке, бизден күтүлгөн деңгээлдеги адистик жана жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз”.
“Ошондой эле президент Путинге каршы тура аларыбызга толук ишенебиз”, - деп баса белгиледи адмирал.
Андан сырткары, Радакин британ генштабынын Орусиянын генштабынын башчысы Валерий Герасимов менен байланышы бар экенин айтты. Британ коргонуу министрлигинде орусиянын генштабы менен түз байланыш каналы бар жана ал иштеп жатканы күнүгө текшерилип турат.
Жакында адмирал Радакин ал аркылуу генерал Герасимовго сүйлөшү тууралуу сунуш бергенин жана “андан жооп күтүп жатканын” кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Радакинге Путин өзөктүк курал колдонууну чечсе, Батыш аны алдын ала биле алабы деген суроо дагы узатылды.
Ал аркы-беркисин баарын айткысы келбегенин, бирок кол салуунун алдындагы айлар Батыш чалгынын жогорку деңгээлин көрсөткөнүн жооп кылды.
“Чалгындын байкалбаган белгилер аркылуу өзөктүк кагылыш жакындап келе жатканын биле ала турган жөндөмү бар”, - деди ал.
Би-Би-Синин коргонуу маселелери боюнча корреспонденти Жонатан Билдин комментарийлери
Британиянын жогорку даражалуу аскер ырасмийлери, британ аскерлери, анын ичинде резервдергилер дагы, өз ыктыярдуу Украинага согушка барышса, Орусияга Батыш согушка катышып жатат деп айтыптаганга шылтоо болот деп тынчсызданууда.
Өткөн аптада британ куралдуу күчтөрүнүн кадрык саясаты үчүн жоопкер генерал-лейтенант Джеймс Свифт, британ жоокерлерине Украинага кетүүгө “уруксат жок” экенин эскерткен билдирүү тараткан.
Эскертмеде британ жоокерлери Украинага барышса, алар өз өмүрү үчүн гана коркунуч жаратпастан, Британия согушка өз аскерин жөнөттү деген Орусиянын “туура эмес кабыл алуусун” жаратышы мүмкүн экени айтылат.
Адмирал сэр Тони Радакин мындай эскертүүнү дагы бир кайталап, мындай аракеттер “мыйзамсыз жана зыяндуу” болорун белгиледи. (CS)








