Россиялык авиакомпаниялар эл аралык рейстерин токтотууда
Мария Киселева, Би-Би-Си Орус кызматы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Росавиация орус авиакомпанияларга 6-марттан тарта эл аралык учууларды токтотуусун сунуш кылды. Буга чейин бир канча орус авиакомпаниялары чет жакка рейстерин токтоткон. Бир гана Минск багытында учуулар калган эле. Би-Би-Си Россияда мындан ары эл аралык учуулар кантип ишке ашат деген суроого жооп издеди.
Росавиациянын бул жарлыгы эл аралык учуулар эми толук токтойт дегенди билдиреби?
Жок, андай эмес. Росавиациянын сунушуна ылайык, 6-мартка караган түндөн баштап, чет жакты көздөй учуулар токтотулду. Ал эми 8-мартта караган түндөн баштап чет жактан Россияны көздөй рейстер токтойт.
Мындай чектөө эмнеге кирип жатат?
Россиялык авиакомпанияларга тийиштүү учактардын көбү европалык лизинг берүүчүлөрдөн ижарага алынган. Эми санкцияларга байланыштуу ал учактар чет жакта кармалып калышы мүмкүн.
Евробиримдик 26-февралдан тарта Россияга санкциялар киргизгени белгилүү.
Ал чектөөлөргө ылайык, Россияда жашаган адамдарга учактарды сатууга тыюу салынат. Учактарды Россия аймагында колдонууга да тыюу салынат. Санкциялар үчүн ал учактар Евробиримдикте жасалганбы же жокпу айырмасы жок.
Россияга карата катаал санкцияларга ылайык, эми учактарды камсыздандырууга да тыюу салынды.
Cirium аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча орус авиакомпаниялары колдонгон 777 учактын 515и чет элдик лизинг берүүчүлөрдөн алынган.
Бирок бул ошол учактардын баары чет жакта кармалып калат дегенди түшүндүрбөйт. Андай нерсе – лизинг берүүчү компания учакты кармоо тууралуу талап койгондо гана ишке ашат. Буга чейин андай талап менен кармалган учактар да болгон.
24-26-февралдан тарта эле орус авиакомпаниялары Россияга каршы санкция киргизген өлкөлөргө учпай калды. Себеби, Россия 35 өлкө менен ич ара аба жолдорун жапты.
Росавиациянын билдирүүсүнөн кийин 5-мартта эле бир нече ири компаниялар эл аралык рейстерин жаап жатканын айтты.
- "Аэрофлот" (анын ичинде "Победа" жана "Аврора") – 8- марттан тарта
- AzurAir - 8 марттан тарта
- Nordwind, PegasFly – 7-марттан тарта
- Royal flight – 5-марттан тарта
Жеке менчик учактары бар же Россияда өндүрүлгөн учактары бар компанияларга андай чектөөлөр жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Известия" гезити жазгандай Россияда мындай кеминде төрт компания бар.
Алар: Red Wings жана "Азимут" (бул авиакомпаниялардын менчиктеги SSJ учактары бар), "Ютэйр" ( менчик Boeing 737 учактары бар) жана "Ираэро" компаниясы.
Бирок бул авиакомпанияларда деле маселе жаралышы мүмкүн. Себеби, SSJ учактарынын айрым жабдыктары Европада жасалган. Анан калса бул учактар өтө алыска уча албайт, алар регионалдык учууларга гана ылайыкташкан.
Boeing учактарын колдонгон орус авиакомпанияларында да маселе жаралышы мүмкүн. Себеби, 2-мартта Boeing Россияга жабдыктарды ташууну токтоторун жар салган.
Чет элдик компаниялар учууларын уланта береби?
Россияга карата санкциялар киргизилбеген чет элдик жүргүнчү ташуучу авиакомпаниялар мурункудай эле ишин уланта бере алат.
Мисалы, Сербиянын жана Түркиянын Air Serbia менен Turkish Airlines мурункудай эле иштей берет.
Бирок бул компаниялар деле учактарын европалык компаниялардан лизингке алышат. Бул себептүү алар эгер европалык контрагенттер талап кылса, учууларын токтотот.
Мисалы, Egypt Air компаниясы 4-марттан тарта Россияга учууларын 10-мартка чейин токтотобуз деген.
Бул авиакомпания европалык контрагенттер алардан Москваны көздөй жана андан бери учуп келчү рейстерди камсыздандырбай турганын айтканын түшүндүрдү.
Эки азербайжандык авиакомпаниялар AZAL менен Buta Airways 6-мартта Россияга рейстерин токтотту.
Алар дагы мындай кадамын камсыздандыруу жана санкциялар менен түшүндүрүштү.
Орус авиакомпанияларынын учактары эмне болот?
Буга жооп берүү кыйын.
Авиация жетекчилигинин айрым кадамдарынан улам Европадагы лизинг берүүчү компаниялар колдонуудагы учактарын кайра артка кайтарып алууну талап кылган күндө деле орус компаниялары ал талаптарды аткарбаганга жолдор издейт деген ойлорго түртөт.
5-мартта орус өкмөтү Транспорт министрлиги даярдаган токтом долбоорун жарыялады.
Ага ылайык, орусиялык юридикалык тараптарга учактарды өз алдынча техникалык тейлөөгө уруксат берилет.
РБКнын маалыматы боюнча 2-мартта эле Россиянын Транспорт министрлигинде эгер батыш лизинг компаниялары учактарын артка кайтарууну талап кылышса эмне кылабыз деген вариаттан талкууланган.
Учактар паркын улутташтыруу тууралуу да демилге көтөрүлгөн.
Кыргызстанга Россиядан учактар келбей калабы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Аэрофлот" авиакомпаниясы сырткы рейстерин токтотуп жаткандыктан, эми ал Кыргызстанга да учууларын токтотуп жатат деп буга чейин жергиликтүү бир нече басылмалар РИА орус маалымат агенттигине шилтеме берип жазып чыгышкан.
Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин өкүлү Нуржан Мырзабеков Би-Би-Сиге бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.
"Кыргызстандын авиа ташуучуларынын Россияга рейстери кыскарган жок. Азыр биз доллардын наркы жогорулап жатканы билеттердин баасына таасирин бербесин деп аракет кылып жатабыз. Бирок биз ал компаниялардын каржылык саясатына кийлигише албайбыз. Россиялык авиакомпаниялардын мындан аркы саясаты кандай болот комментарий бере албайбыз. Бирок биздин компаниялар мурункудай эле жүргүнчү ташып жатышат".
Кыргызстандын Транспорт министрлиги жакын арада жергиликтүү авикомпанияларды чогултуп, Россияга карата санкциялардын кийинки жүргүнчү ташуу маселелерин талкуулаганы жатканы белгилүү болду.
Ал тапта "Узавиациясы" Россиянын эки - Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстарга учууларын токтотконун билдирди. Бул тууралуу компаниялар расмий кат менен билдиришкен.
Буга чейин Өзбекстанга "Аэрофлот", "Россия", "Аврора" жана S7 орус авиакомпаниялары да учууларын токтоткон. EKa












