Украина кризиси: Казакстан позициясын талкуулап баштады. Кыргызстан унчуга элек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск республикаларынын көз каранды эместигин тааныгандан кийин бул жолго башка өлкөлөрдү дагы чакырууда.
Казакстан Коопсуздук кеңешин чакырып, Россиянын Донецк жана Луганск жикчил республикаларынын эгемендигин тааныганына тийиштүү өзүнүн позициясын иштеп чыга турганын билдирди.
“Казакстандын расмий позициясы иштелип жатат. Жакынкы сааттарда Казакстандын Коопсуздук кеңеши болот, анда расмий позициябыз боюнча акыркы позицияны кабыл алабыз”,-деди Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди.
“Казакстандын Луганск жана Донецк республикаларын таанышы жөнүндө маселе турган жок, биз эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын негизги принциптеринин негизинде иштейбиз деп ишендирип кетем”.
Украинанын чыгышындагы жикчил республикалардын көз каранды эместигин таануу - Кремль алды-артын карап жасаган иш болуп калды. Бул коңшу өлкөгө басып кирүү боюнча чоң пландын башталышыбы же Батышты стратегиялык басымды күчөтүүбү деген суроону азыр батыш өлкөлөрү талкууга алууда.
Орус аскерлери кошуна өлкөнүн аймагына тереңдеп кире турган болсо, кан төгүлүп кетсе, анын кесепети Кремлге да, Киевге да чоң болот. Анткен менен украин кризисин чечүүдө дипломатиянын жолу болбой турат, тараптар тирешүүнүн жаңы этабына өтүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан бул маселеде өзүнүн расмий позициясын айта элек. Эксперттердин баамында Бишкектин позициясы коңшусу Казакстандыкына окшош болушу мүмкүн. Кантсе дагы мындай оор эл аралык маселелерде кыргыз башчылары түндүктөгү коңшусу менен дипломатиялык кеп-кеңеш куруп, анын сунушунан көп алыстабайт.
Ошол эле убакта Кыргызстан бул маселеде четте турганы болбойт деген билдирүүлөр парламент депутаттарынын арасында болуп жатат.
Би-Би-Си кыргыз тарап Россиянын Донецк жана Луганск жикчил республикаларын тааныган чечимине кандай мамиле кылышы керек деп сурап, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевге кайрылдык.
"Биз Жамааттык коопсуздук келишиминин жана Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болобуз. Албетте, биз кайдыгер боло албайбыз. Биз же колдоп беришибиз керек же башка пикирибизди айтышыбыз керек. Негизи бул 2014-жылы башталган ызы-чуу болуп жатпайбы. Бул чек аралаш эки мамлекеттин ортосундагы чыр деп айтсак туура болот. Бирок бара-бара бул эки системанын ортосундагы чырга айланып кетти. Бир жагында Кытай, Россия, экинчи жагынан АКШ баштаган Батыш күчтөрү болуп атат. Бул маселе оңой эмес. Биздин оюбуз, аны согушка жеткирбеш керек, кан төгүүгө барбаш керек",-деди Исхак Масалиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын чыгышындагы Донецк менен Луганскиде 2014-жылдан бери Украинанын күчтөрүнө каршы согушуп келаткан жана Орусиянын колдоосуна ээ болгон жикчил топтор жайгашкан. Россия дүйшөмбүдө Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул аймакта түзүлгөн жикчил республикалардын эгемендигин таануу жөнүндө чечим кабыл алды.
Россиянын куралдуу күчтөрүнө аталган эки райондо “тынчтык орнотуу функциясын” аткаруу буйругу берилди.

Сүрөттүн булагы, facebook
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын чыгышындагы окуялар социалдык медианын кыргыз сегментинде дагы өзүнчө бир темага айланды. Коомдук ишмер Эмил Каптагаев бул кризисте Батышты да, Россияны да кош стандарт эле эмес, өтмө катар стандартты колдонуп жатышат деп сындап жазды:
"Америка баш болгон Батыш өлкөлөрү дагы, бул жагынан Россия дагы кош кабат эле эмес, "Апамдын каттамасындай" болгон өтмө кабат стандартты колдонуп жатышат, бир айткандары экинчисине каршы, азыр жасап жаткандары мурдагысына каршы, туруктуу принцип жок. Мисалы, Украинанын эгемендиги, анын бүтүндүгү деп жаткан АКШ кечээ эле Югославия деген бир бүтүн эгемендүү мамлекетти жүн тыткандай тытып кетпеди беле, бытыратып. Кечээ эле Крымды эл чечти деп басып алган, бүгүн эл чечти деп эки Украинанын эки облусун эгемендүү катары таанып жаткан Россия болсо кечээ Президент Путиндин оозу менен айтып жатпайбы, Россия империясы өз учурунда басып алган элдердин эгемен болууга эч кандай укугу жок болчу, мындан ары дагы укугу жок деп, "Великодержавалык шовинизмдин" ачыктан-ачык кооптуу үлгүсүн көрсөтүп".
Бул талкууга кошулуп үн каткандар ушундай татаал кырдаалда Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгындагы чечимди кабыл алыш үчүн эң алды башкаларды туурабай, өз акылы менен жашаганды үйрөнүшү керек деп жатышат.












