Санкциялар орус-кытай соодасына кандай таасир берет?
Кай Ваң & Ванюан Соң, BBC Reality Check

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа жана Британия сыяктуу ири соода өнөктөштөрүнүн санкциясына кабылды.
Бирок Кытай Орусияга экономикалык жактан жардам бере алабы?
Орусияга салынган санкциялар соодага таасир этеби?
Кытай Орусия менен “кадыресе соода кызматташтыгын улантарын” айтат.
Бирок Орусиянын айрым банктары Swift эл аралык төлөм системасынан чыгарылды. Аталган система дүйнө жүзү боюнча каржылык транзакциялар үчүн колдонулат. Ансыз экспорт үчүн төлөө бир топ эле оорлошот.
Анын натыйжасында Кытай жакында эле Орусиядан сатып алуусун кыскартты. Себеби соодагерлер каржы маселесин жөнгө салууда кыйынчылыкка туш болушкан.
Соңку жылдары Swift сыяктуу долларга негизделген системага көз карандылыгын азайтуу үчүн эки өлкө тең өзүнүн альтернативдик төлөм системаларын иштеп чыгуу аракеттерин көрүп келишкен.
Орусия Каржылык кабарлоо жеткирүү системасына (ККЖС) ээ болсо, Кытай Чек ара аралык банк төлөм системасын (ЧБТС) иштеп чыккан. Эки система тең өздөрүнүн валютасында иш алып барат.
Москвадагы Карнеги борборунун бир изилдөөсүндө жергиликтүү төлөм системалары “Swift системасына альтернатива боло албасы” белгиленет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2021-жылга карата, орустардын көптөгөн банктары жана дүйнөлүк каржы институттары кытайлардын системасына кирсе, Кытайдын бир гана банкы орустардын ККЖС системасына кошулган.
Орусиянын статистикаларына таянып жарык көргөн маалымат каражаттарындагы сандарга ылайык, учурда Орусия менен Кытайдын ортосундагы соодада болжолдуу 17% гана кытай юаны колдонулат. 2014-жылы бул сан 3,1% түзүп турган.
Алардын энергия соодасы азырга чейин АКШ доллары менен жүргүзүлөт. Бирок алар бара-бара юанга өтүп жатышат.
Орусия менен Кытайдын ортосундагы соода канчалык?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эки өлкөнүн ортосундагы соода соңку жылдарда акырындык менен өсүп жатат.
Соода былтыр дээрлик $147 миллиардды түзүп, жаңы рекорддук көрсөткүчкө чыккан. Ал мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 36% өскөн жана 2021-жылдагы Орусиянын жалпы соодасынын болжолдуу 18% түзгөн.
Президент Владимир Путиндин өткөн айдагы Бээжинге болгон сапары учурунда эки өлкө 2024-жылга чейин соодасын $250 миллиардга чейин чыгарарын билдирген.
Кытай учурда Орусиянын экспорту үчүн жападан жалгыз ири базар. Мисалы, орустар мунай, газ, көмүр жана айыл-чарба өндүрүштөрүн сатат. Соңку жылдарда мурдагыга салыштырмалуу Орусия Кытайга көбүрөөк экспорттой баштаганын байкоого болот.
Бирок Европа Биримдиги өзүнчө блок катары Орусиянын эң чоң соода өнөктөшү болуп кетет. 2021-жылы Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы сооданын баасы орус-кытай соодасынан дээрлик эки эсени чапчыган.
Азыр эми ал өзгөрүшү ыктымал дейт соода экономисти Ребекка Хардиң.
“Евробиримдик-Орусия соодасы санкциялардын көлөкөсүндө азайып кетүүсү турган кеп. Азыркы кризис Евробиримдиктин ичинде сооданы ар тараптуу кылуу муктаждыгын ачып көрсөтүп койду”, – деди ал.
Орусиянын АКШ менен соодасы бир топ эле аз.
Кытай Орусиядан көбүрөөк газ сатып алышы мүмкүнбү?
Орусиянын экономикасы мунай менен газды экспорттоодон аябай көз каранды. Соңку санкциялар аталган тармактарга азырынча багыттала элек.
Былтыр Орусия Кытайга экинчи ири мунай экспорттоочу, үчүнчү ири газ экспорттоочу болгон. Маалыматтарга караганда, мунай соодасы $41,1 млрд, газ соодасы $4,3 млрд жеткен.
Путин жакында эле Орусиянын Кытай менен баасы $117,5 млрд түзгөн мунай жана газ келишимдерин ачыкка чыгарды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Орусиянын эң ири энергия базары дале болсо Евробиримдик. Аталган блокко газдын 40%, мунайдын болжолдуу 26% Орусия камсыздайт.
Эл аралык энергетика агенттигинин былтыркы жылга карата соңку маалыматы боюнча, Орусиянын мунай экспортунун 20% гана Кытайга барган, көпчүлүгү Европага жиберилет.
“Орусиянын [Кытайга] мунай жана газ экспорту соңку беш жылдагы көрсөткүч менен алганда жылына 9% өсүүдө. Орус мунайы үчүн Кытай базары Евробиримдиктикинен эки эсеге аз болсо да бул тездик менен өскөнүн билдирет”, – дейт соода экономисти Хардиң.
Орусиянын Украинага кол салуусуна жооп иретинде Германия жакында эле Түндүк агым 2 газ түтүгүнүн курулушун токтоторун жар салган. Германия орустардын жаратылыш газы экспорттолгон негизги өлкө.
Бир изилдөөгө ылайык, Орусия менен Кытай макулдашкан жаңы газ түтүгү Түндүк агым 2нин бештен бирине гана барабар. Сибирдеги газ түтүгү качан ишке кирери дагы белгисиз болуп турат.
Бирок узак мөөнөттөн алып караганда Кытай орус газын импорттоону күчөтүүсү ыктымал. Анткени парник газдарын азайтуу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн өлкө көмүргө болгон көз карандылыгын азайтууга аракет кылат.
Орусия дүйнөдөгү эң ири буудай экспорттоочу. Бирок Кытай илдеттерден тынчсызданып Орусиянын айрым аймактарынан буудай импорттоого чектөө киргизген болчу.
Бирок Украинада согуш башталган күнү Кытайдын бажы кызматкерлери орустардын буудайына жана арпасына киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салганын жарыялаган.
Кытай Орусиянын көмүрүн эң көп сатып алган өлкө. Бир апта мурда эле эки өлкө баасы $20 миллиарддан ашкан жаңы келишим түзүүгө жетишкен. (EA)











