Украинанын ийгиликтүү коргонуу себептери: Эрдик, тактика, башкаруу

Автомат атканды үйрөнүп жаткан украин ыктыярчылары

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украиндер өз улутун коргоп калуучу адис аскерлерин алдыңкы чекте салгылашууга жөнөтүүгө эмне керек болсо, ошонун баарын аткарганга даяр.

Украинада согуш башталганына бир ай болду. Украина моюн сунган жок. Ыктыярдуу жарандар менен толукталган украинанын куралдуу күчтөрү аларга танк, аскер, учактардын саны боюнча үстөмдүк кылган орус армиясы менен көп жерде акыр аягына туруп чейин согушууда.

Украина көп территориясын бастырып жиберди. Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө, 2014-ж. Орусия аннексиялап алган Крымдын тегерегинде жоготуулар арбын болду. Бирок Москванын көздөгөн негизги максаты – борбор калаа Киевди жана башка ири шаарларды басып алып жана азыркы бийликти кетирүү – ишке ашпай калды.

Кырдаал дале Украинага каршы өзгөрүшү мүмкүн. Украин куралдуу күчтөрүнүн орус армиясынын үстөмдүк кылган танктарына жана учактарына каршы туурусуна абдан зарыл батыш куралдары өтө эле аз.

Өлкөнүн чыгышында салгылашып жаткан украинанын согуш көргөн дайымкы армиясынын көбү курчоого алынып, жок кылынуу коркунучунда. Элинин чейреги үйлөрүн таштап качууга мажбур болду. Кетпей калгандары орус артилериясынын жана ракеталарынын аеосуз соккулары алардын шаарын кантип дистопиядагыдай урандыга айлантып жатканын өз көздөрү менен көрүүшүүдө.

Мунун баарына карабастан, украин куралдуу күчтөрү орус армиясын бир нече деңгээлде утуп жатат. Бул аптада Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби аларды "абдан акылдуу, өтө шамдагай, чыгармачылык менен" өз өлкөсүнүн аймактарын коргоп жатышканын мактады. Алардын ийгилик сырлары эмнеде?

1. Чыныгы каармандык

Снаряд көтөрүп бара жаткан украин жоокери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Эки армиянын моралдык деминде чоң айырма бар.

Украиндер өз өлкөсүн эгемен өлкө катары сактап калуу үчүн жан аябай салгылашууда. Бул согуштун алдында Путиндин Украинаны жасалма жол менен түзүлгөн Орусиянын бир бөлүгү катары санаарын айтканы, алардын кыжырын кайнатты.

Украиндер өкмөтүн жана президентин бекем колдоп турушат. Мунун натыйжасында, орус армиясынын курал-жарак үстөмдүгүнө карабастан, мурда согуш көрбөгөн жарандар колуна курал алып, өз айыл-шаарларын коргоп чыгышты.

“Бул элдин жок болуп кетпөө үчүн болгон согушу”. - “Бул алардын өз ата-журтун жана үй-бүлөсүн коргоп жатканы. Алардын эрдиги кишини таң калтырат жана суктантат”, - дейт “Кансыз согуш” учурунда Германияда Британ армиясына 35 жыл кызмат өтөгөн Том Фолкес.

Алдыңкы чекте урушуп салып жаткан украин жоокерлери өз жерин жакшы билишет. Аларга каршы согушуп жаткан орус жоокерлеринин көбү армияга жаңы чакырылган, машыгууга бара жатабыз деп ойлоп, согушка кабылганына айраң таң калган кечээги мектеп окуучулары.

Алардын көбү мындай айыгышкан салгылашууга даярдыгы жок, согуш көрбөгөндөр. Алардын армиядан качып жатканы, тамак-аш жетишсиздиги жана талоончулукка барып жатышканы кабарланууда.

2. Башкаруу жана көзөмөл

Украинанын президенти Зеленский жарадар болгон жоокерлер менен бейтапканада жолугушууда

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын президенти Зеленский жана анын командасы чыныгы лидерликти көрсөтүштү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Башында Орусиянын кибер чабуулдары Украинанын байланыш тармагын бат эле иштен чыгарат деген күтүүлөр ишке ашкан жок. Анын ордуна Украина бир нече согуш фронтун, бастырып жиберген жерлерде дагы, эффективдүү координация кыла алды.

Өкмөт Киевде калып, эл алдына чыгып жатат, атүгүл вице-премьер-министр дагы жөнөкөй хаки футболка кийип алып, өкмөттүн белгисинин фонунда элге кайрылуу жасады.

Орусия болсо, тескерисинче, анык лидерликтин белгисин көрсөтүү үчүн эл алдына чыккан жок. Болгону согуш фронтторун бир аз координациялоо менен чектелди. Бул орус жоокерлеринин моралдык демине терс таасир берип жаткандай. Ит жыгылыш болуп калган жоокерлерин алып чыгуу үчүн майданга кирип барган орус генералдарынан кеминде беши каза болгону тууралуу божомолдор айтылууда.

Капрал, сержант чениндеги төмөнкү даражадагы офицерлерине Орусиянын аскер доктринасы демилге көтөрүүгө эч мүмкүнчүлүк бербейт, алар болгону жогору жактан буйрук келишин гана күтүшөт.

Лондон Кингс Коллеждин аскер эксперти, профессор Майкл Кларк, Орусиянын төмөнкү тепкичтеги офицерлери коррупцияга малынганы, майнапсыздыгы жана кол алдындагылары аларды жаман көрүшкөнү менен белгилүү экенин айтат.

3. Туура тактика

Украина Javelin сыяктуу заманбап куралдарга жете алды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина Javelin сыяктуу заманбап куралдарга жете алды

Украинанын куралдуу күчтөрү сан жагынан абдан уттурганы менен, басып кирген орусиялыктарга караганда жердин уусун жана колундагы куралын жакшы колдоно билишет.

Орустар өз күчтөрүн жай, оор куралданган колонналарга, машинелерди бири-бирине жакын топтоштуруп жүрүшсө, украиндер болсо жакшы даярданып алып, жашырынып барып, танкка каршы ракетасын атып жиберип, орус жоокерлери жооп бергиче көздөн кайым болгон, сокку уруп кайра качуу рейддерин ийгиликтүү жүргүзүүнү жакшы өздөштүрүшкөн.

Кол салууга чейин АКШ, Улуу Британия жана Канададан келген НАТОнун машыктыруучулары Украинада узак убакыт жүрүп, анын куралдуу күчтөрүн коргонуу согушуна машыктырып, аларга Javelin же Швециянын NLAW сыяктуу танкка каршы ракета куралдарын же учактарга каршы “Стингер” зениттик ракета системдеринин эң акыркы версияларын мыкты пайдаланганды үйрөтүшкөн.

“Украиндер Орусиялыктарга караганда алда канча акылдуулук кылып жатышат”. - “Анткени алардын уруш салганы жалпы аскердик операцияга көбүрөөк туура келет, орус армиясыныкы - жок”, - дейт профессор Кларк.

Бул алар өз карамагындагы дрондорду, артиллерияны, жөө аскерин, танктарын жана электрондук согуш каражаттары сыяктуу бардык аскерий куралын толук кандуу пайдаланышканын билдирет.

Согуш жүргүзүүнүн мындай түрдүү аспекттери биригип келгенде, анын бөлүктөрү берген суммадан алда канча ашып түшкөн экспонционалдык натыйжа жаралат.

Дагы бир аскер стратеги, Sibylline чалгын-консалтинг компаниясын жетектеген Жастин Крамп, украиндер орус бөлүктөрүнүн камсыздоо конвойлору сыяктуу талуу жерлерин таап, аларга НАТО берген курал системдерин майнаптуу колдонуп, так тийген катуу сокку урууда өзгөчө чеберчилик көрсөтүшкөнүн айтат. “Украиндер өтө утуштуу тактиканы колдонушууда”, - дейт ал.

Жоготуулардын так санын алуу кыйын болсо дагы, Пентагон берген эң консервативдүү эсеп боюнча, орус армиясы 7000ден ашуун жоокеринен айрылды. Бул советтик армиянын Ооганстандагы 10 жылдык согуштагы жоготууларынын дээрлик жарымына жакын. Ал эми бул согуштун башталганына бир эле ай болду.

Бригадир Том Фоулкес эмне үчүн мынча көп орус генералдары фронтто өлүп жатканын мындайча түшүндүрөт: "Бул мен үчүн Орусиянын башкаруучу түзүмдөрүн алсыздандыра алуучу атайын жасалган жана өтө ийгиликтүү өткөн терип атуучу өнөктөштүктөй көрүнөт".

Украинанын орус аскерлери басып алган жерлерин көрсөткөн картасы

4. Маалымат согушу

Украина жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде маалымат чөйрөсүндө чоң артыкчылыкка жетишти.

Сүрөттүн булагы, HO/EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде маалымат чөйрөсүндө чоң артыкчылыкка жетишти. Буга президент Зеленскийдин зор медиа жөндөмдөрү өбөлгө болду.

Бул жолу маалымат согушу дагы катуу жүрүүдө. Бул согушту медиалары Кремлдин көзөмөлүндө турган Орусиядан башка дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө Украина утуп жатат.

“Украина жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде маалымат чөйрөсүндө чоң артыкчылыкка жетишти. Бул жогорудан ылдыйга келди, буга президент Зеленскийдин зор медиа жөндөмдөрү өбөлгө болду”, - дейт Жастин Крамп.

Буга Лондондогу Кингс Коллеждин постсоветтик изилдөөлөр боюнча улуу лектору, доктор Рут Дейермонддун көз карашы дагы үндөшөт: "Украина өкмөтү бүт дүйнөгө согушту чагылдыруу баяндамасын көзөмөлдөөдө албан ийгилик жарата алды". - "Бул конфликт Украинанын эл аралык аброюн бекемдөөгө мыкты салым кылды" - дейт ал.

Бирок азыр Европанын чыгыш чегинде бир айдан бери өлүм менен өмүр айыгыша кармашып жатканына карабастан, бул Украинаны сактап калуу үчүн жетишсиз болушу мүмкүн.

Бардык кемчиликтерине карабастан, Орус армиясынын сан жагынан үстөмдүгү, Украинанын пайдасына эмес. Эгер кай бир себептерден улам Батыштын коргонуу курал-жарак системалары менен камсыз кылуу токтоп калбаса, анда бул курчоого алынган эл дагы көп убакытка туруштук бере алат. (CS)