Economist: Россия санкцияларга сынган жок

Сүрөттүн булагы, EPA
Британиялык Economist журналы “Жаралуу аюу: санкцияларга кабылган Россиянын экономикасы кантти?” деп аталган макаласында аны санкциялардан өчөйүп калбай, эбин таап кыйынчылыктан чыгып жатканын билдирди.
Россия Украинага басып киргенде Батыш ага экономикалык согуш жарыялаган деп жазат Economist. АКШ Россияга толтура товарларын сатууга тыюу салды, ири компаниялар биринин артынан бири кете баштады. Ал эми Борбордук банктын резервдеринин четте сакталган 60% тоңдурулду.
Идея орус экономикасын оңкосунан сайып, Путинди агрессия үчүн жазалоо болгон. Бир аптадан кийин рубль долларга карата наркын 30% жоготту, көптөгөн россиялык компаниялардын акцияларынын баасы түштү.
“Батыштын стратегиясы алар пландагандай иштеп жатабы? – деп суроо коет Economist.
Россиянын базарларында башталган башаламандык тынчып калгандай болду, дейт журнал. Марттын башында кулагандан кийин рубль кайра күч алды, анын курсу согушка чейинки көрсөткүчкө жакындады. Россиянын фондулук базарындагы көрсөткүч үчтөн бирге кулады эле, бирок жарым-жартылай калыбына келди.
Өкмөт менен компаниялардын көпчүлүгү чет өлкөлүк валютадагы облигация менен төлөп жатат. Нак акчанын массалык алынышы - дээрлик 3 млн рубль – аяктады, жарандар акчасынын көбүн өзүнүн эсебине кайтарып алды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Көрүлгөн бир катар чаралар рынокту турукташтырууга жардам берди. Кээ бир чаралар мурдагыдай эле салттуу болду, мисалы Борбордук банк ставкаларды 9,5 пайыздан 20 пайызга чейин көтөрдү, бул элге акчасын рубль менен сактаганга дем берди. Ошондой эле көнүмүш эмес чаралар да болду, - экспортерлор тапкан валютасынын 80% тапшырууга милдеттүү болду.
Москванын акцияар биржасындагы соода, Борбордук банктын эвфемизми менен айтканда, келишим түрүндө болду. Кыска сатууларга тыюу салынды, ал эми резидент эместер акциясын 1-апрелге чейин сата албай калышты. (Москванын биржасы 31-марттан тарта кыска сатууларга салынган тыюу акциялар клирингисине катышкандарга алынат, бирок брокер кардарларга сакталат деп билдирди).
Реалдуу экономика кайсы бир деңгээлде финансылык экономиканы көрсөтөт,-деп улантат Economist. - бир караганда кыйналгандай көрүнгөн менен чынында абалы жакшы.

Сүрөттүн булагы, EPA
Базардагы баалар марттын башында өстү, бирок беш пайыздан жогору болгон жок. Чет элдик көп фирмалар рыноктон кетти, сооданы токтотту, ал эми рублдун наркы түшүп, санкциялар импорттун кымбатташына алып келди.
Бирок баарынын эле баасы кымбаттаган жок. Россиянын өндүрүшүнүн негизги продукту болгон арактын баасы саал эле көтөрүлдү. Бензин мурда кандай болсо ошондой эле. Россиянын экономикалык активдүүлүгүнө катуу сокку болгондой деле көрүнбөйт.
Интернеттеги маалыматтарга изилдөө жүргүзгөн OECD эсебине караганда (Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму), Россиянын ИДП марттын төртүнчү аптасында бир жыл мурдагыга караганда беш пайызга жогору болду.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Economist эксперттери чогулткан башка маалыматтарга караганда, электр кубатын керектөө жана темир жолдо жүк ташуу кадимки эле деңгээлде жүрүп жатат.
Сбербанктын чыгымдарын талдоо көрсөткөндөй, эл бир жыл мурдагыдан да көп акча жумшап жатат. Аны баалар өсүп жаткандыктан эл запас камдап жатканы менен түшүндүрсө болот. Өзгөчө турмуш-тирчилик техникасын активдүү сатып алып жатышат. Кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар анчалык түшкөн жок, пандемияга чейинкиге салыштырганда абдан активдүү.
Ошого карабастан, бул жылы Россия рецессиянын тилкесине түшчүдөй жолдо баратат. Кээ бир божомолдорго караганда, ИДПнын төмөндөшү 10-15% болушу мүмкүн. Ага таасир эткен үч фактор бар.
Биринчи - согуш жүрүп жатканда эл экономикага кабатыр болуп, чыгымдарды азайтып, үнөмдөп баштайбы. 2014-жылы Россия Крымды басып алганда ошондой болгон эле.
Экинчи – Россиялык компанияларга батыш импортуна жолду жапкан санкциялар өнөр жайдын токтошуна алып келеби? Россиянын авиациялык сектору менен авто өнөр жайы импортко өзгөчө сезимтал тармактар. Совет мезгилинен бери келаткан көп ишканалар импорту жок иштеген жагынан тажрыйбасы бар экенин эске алыш керек. Бүт дүйнөдөн обочодо жашап кете турган экономика кимдики десек, анда бул биринчи кезекте Россияныкы экени калетсиз.
Үчүнчү жана эң маанилүү фактор – Россиянын мунайы менен газынын сатылышы. Санкцияларга карабастан, Россия мурдагыдай эле чет элдик керектөөчүлөргө айына 10 млрд долларга мунай сатууда. Бул согушка чейинки экспорттун чейрек бөлүгү.
Жаратылыш газы менен мунайзаттарды сатуудан дагы киреше алып жатат. Андан тапкан валютага бейтарап жана дос өлкөлөрдөн керектүү товарларды алса болот. Бул өзгөрбөсө, Россиянын экономикасы бир топ мезгил бою чыдап тура берет, -деп тыянактайт Economist.(КС)







