Роман Абрамович: жетим кантип миллиардер болду?

Жастин Паркинсон, BBC News

Роман Абрамович

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Роман Абрамович үч жашында жетим калып, кийин дүйнөдөгү эң бай адамдардын бирине айланган тагдыры кызык инсан. Путин менен болгон жакын байланышы үчүн ал бизнесинен кол жууп, кадыр-баркы да кетип жаткан чагы.

2003-жылы россиялык миллиардер "Челси" футболдук командасын сатып алгандан кийин «Мага карата элдин кызыгуусу үч-төрт күнгө барат, бирок ал кызыгуу да өтөт. Алар менин ким экенимди тез эле унутушат жана ушул нерсе мага жагат”, -дегени бар.

Бирок азыр эми Роман Абрамовичте купуялык жашоо шансы азайды. Россиялык миллиардердин буга чейинки келишимдерин тыкыр иликтөө талаптарынан кийин анын Британиядагы активдерин тоңдурулду. Абрамович эми үй-мүлкү, искусство буюмдары, "Челси” футболдук командасына да ээлик кыла албай калды, ал түгүл эми анын сапарга чыгуусуна да бөгөт коюлду.

Абрамовичти Путиндин Украинага кол салуусуна анын да тиешеси бар деп күнөөлөп жатышат.

Айрымдар британ футболундагы үстөмдүк роль ойноп, спорт күйөрмандарын ажырымга салган бул адамдын башына түшкөн мүшкүлгө табасы канып жатышат. Бирок Абрамовичтин башынан нелер өтпөгөн, өзгөчө жаштык кезинде ал башынан далай эле оорчулуктарды кечирген.

Жетимден магнатка чейинки жол

Роман Аркадьевич Абрамович 1966-жылы Россиянын түштүк-батышындагы Саратовдо туулган. Бул аймак Украинадан жүздөгөн километр алыстыкта жайгашкан. Апасы Ирина ал болгону бир жашка чыкканда канынан ооруп каза тапкан. Атасы эки жылдан кийин курулуш краны кырсыкка кабылып, каза болгон. Жетим калган Абрамовичти Россиянын түндүк-батышындагы Комидеги туугандары асырап алышкан. Бул жерде жашоо оор, ал эми кышында суук экени белгилүү.

"Чынымды айтайын, мен бала чагым жаман болду деп айта албайм”,- деген ал The Guardian берген интервьюсунда.

"Балачакта салыштыруу деген жок: бирөө сабиз жесе, экинчиси конфет жейт. Экөө тең эле даамдуу. Бала чакта айырмасы жок”.

жаш аскер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаш аскер

Ал мектепти 16 жашында таштап, механик болуп иштеп, кийин Кызыл армияда да кызмат өтөгөн. Андан кийин Москвада пластмасс оюнчуктарын сатып иштеген. Парфюмерия жана дезодорант сатып байыган.

Анын жаштыгы туш келген Михаил Горбачевдун тушунда өлкө ачык болуп, бул ишкерлерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк ачкан.

Жапайы Чыгыш

Советтер союзу урап, минералдык активдерге карата мамлекеттик ээлик да бошоп, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 20 жаштагы Абрамовичке бул жерде дагы ийгилик жылмайды.

1995-жылы ал орус өкмөтүнөн жасалма аукциондо "Сибнефть" мунай компаниясын 250 миллион долларга сатып алган. 2005-жылы Абрамович ал компаниянын кайра өкмөткө 13 миллиард долларга саткан.

Анын адвокаттары Абрамович кылмыш жолу менен байлык топтогон деп айтканга эч кандай негиз жок экенин айтып жатышат.

Бирок 2012-жылы ал британ сотунда "Сибнефть" боюнча келишимди ишке ашыруу үчүн коррупциялык төлөмдөрдү жүргүзгөнүн мойнуна алган.

Абрамович солдон биринчи

Сүрөттүн булагы, EAST2WEST NEWS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абрамович солдон биринчи, Москвадагы жаштык күндөрдөн бир элес

1990-жылдары Абрамович "аллюминий согушунун" катышуучусу да болгон. СССР кулаганда олигархтар бул ири тармактагы көзөмөл үчүн күрөшүп, байлык жанан саясий бийлик топтошкон.

"Ар бир үч күндө бирден адамды өлтүрүп кетишчү", - деп Абрамович 2011-жылы маек берген. Коопсуздук маселесинен улам ал мындай согуштардын дилгирлүү катышуучусу болгон эмес.

Бирок Абрамович мындай хаосто дагы миллиондогон акчаларга маарып, дагы бир жолу өзүнүн кыйындыгын далилдеген.

Саясатка карай жол

Абрамович Борис Ельциндин союздашы болуп, ошону менен Москвадагы постсоветтик саясий сценанын оюнчусу да болгон. Кайсы бир жылдары Кремлде батири болгону да айтылат.

199-жылы Ельцин отставкага кетип, Абрамович ал кездеги премьер-министр жана КГБнын мурунку тыңчысы Владимир Путиндин талапкерлигин колдогондордун арасында болгону да айтылат.

Путин ордуна бекем отургандан кийин олигархтарга үстөмдүгүн көрсөткүсү келген. Айрым байларды түрмөгө салып, лоялдуулугун көрсөтпөгөндөрүн сүргүнгө айдаган.

REUTERS

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путиндин президенттик жылдарынын башында Абрамович Чукотканын губернатору болгон

Абрамович мындай тагдырга тушуккан жок. 2000-жылы ал Россиянын түндүк-чыгышындагы Чукотский аймагынын губернатору болуп шайланат. Ал өз акчасын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө салганы үчүн популярдуу болгон. Бирок 2008-жылы отставкага кеткен.

Бирок бул кезде деле ал өзүнүн кызыкчылыктарын унутпаган, картина, үй жана машинелерди сатып алып турган.

Лондондон чалуу

Акырын жана уяң жургөн адам үчүн адаттан тыш окуя болуп, 2003-жылы Абрамович футбол дүйнөсүнө таанымалы артты. Батыш Лондондогу ири "Челси" клубун ал 140 миллион фунт стерлингге сатып алды.

"Менин жашоодогу философиям бул – кесипкөй командаларды чогултуу", -деген ал бул туурасында Financial Times басылмасына. "Чукоткада менин кесипкөй командам бар, бул жерде дагы менин ошондой командам болот".

Жозе Моуринью жана башкалардын башкаруу астында Абрамовичтин "Челсиси" беш жолу Премьер-лиганы, эки жолу Чемпиондор лигасын жана беш жолу Англия кубогун жеңди.

Абрамовичтин тушунда "Челси" болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абрамовичтин тушунда "Челси" болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти

Олигархтардын акчалары соңку жылдары Лондонго агып жатты. Абрамовичтин Лондондун батышындагы Кенсингтон-Палас-Гарденсте 15 уктоочу жайы менен үйү бар экени айтылат, анын баасы 150 миллион фунт стерлингге барат, ошондой эле Челсиде батири, Колорадодо ранчосу, Француз Ривьерде эс алуу үйү бар делет.

Анын Solaris жана Eclipse яхталары дүйнөдөгү эң ири яхталардан. Үч жолу ажырашкан Абрамовичтин жеке учагы дагы бар.

Каралоо иши

2006-жылы Guardian иньтервью алып, акча адамга эмге кылып бере алат деген суроого Абрамович: ал силерге бакыт сатып бере албайт. Кайсы бир денгээлде көз карандысыздык бере алат», -деген.

Абрамовичтин акчасы көп эле болсо керек. Финансылык медиа-гигант Bloomberg Абрамовичтин байлыгын 13,7 миллиард долларга баалайт. Мынча байлык менен ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 128-орунду ээлейт. Ал эми Forbes анын байлыгын 12,3 миллиард долларга баалап, 142-орунга коет.

Бирок анын Путинден көз карандысыздыгы олуттуу шектенүүлөрдү жаратат.

Былтыр Абрамович HarperCollins басмакана үйүн Кэтрин Белтондун "Путиндин адамдары" деген китеби үчүн сотко берди. Китепте "Челсини" сатып алууга Путин буйрук бергени айтылат.

Барселонадан тартылып алынган Абрамовичтин Solaris яхтасытин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барселонадан тартылып алынган Абрамовичтин Solaris яхтасы

Тараптар талашты сотко жеткирбей чечип, басмакана айрым түшүндүрмө менен чыгууга макулдугун берген.

Бирок Абрамовичтин Путин менен асоциациялоо дагы деле анын артынан ээрчип келет. Бул өзгөчө орус аскерлери Украина чек арасына келип, андан кийин кирип келгени күчөдү.

Абрамовичтин жана башка алты башка орус олигархтарынын британ активдерин тондуруу тууралуу жарыя болгондон кийин Британиянын Тышкы иштер министри Лиз Трасс: "Путин менен тыгыз байланышы болгон үчүн алар анын агрессиясынын катышуучулары. Украин элинин каны үчүн алар да жоопкер" деди.

Абрамович санкциялар киргизгенге сегиз күн калганда "Челси" сатыларын жар салды. Айрым фанаттар дагы деле Абрамовичтин атын ураан кылып чакырып жатышат, бирок көптөгөн саясатчылар орус олигархынын активдеринжөн эле тоңдуруп койбой, конфискациялаш керектигин айтууда.

"Мен акыркы жолу "Стэмфорд Бриджге" барып, силер менен коштошууга мүмкүн болот деп үмүттөнөм",- деди Абрамович "Челсинин" күйөрмандарына.

Бирок анын батыш Лондонго жакын арада кайтып келүүсү мүмкүм болбочудай болуп турат.

 Канчалык таң калыштуу болбосун, марттын башында украин-белорус чек арасындагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан украин расмийлери менен кошо Абрамовичте дагы уулануунун белгилери байкалып турат. EK