Донбасс үчүн салгылашуу чечүүчү жана кандуу болот
Жонатан Бил

Украинанын чыгышындагылар орустар бул жакка чабуулун күчөтө турганын билишет. Жада калса муну көчөдөгү иттер дагы билет окшойт, алар дагы алыстан артиллериянын атканын уккан сайын үрүп калышат экен.
Жүз миңдеген киши өлкөнүн салыштырмалуу коопсуз батыш бөлүгүнө жер которуп кетти. Бул жолу спутниктен Украинанын чыгышына бет алган орус армиясынын чоң транспорттук колоннасы байкалды.
Донбаска Украина тарап көбүрөөк аскер жарактарын, анын ичинде чопкутталган техника жана абадан алыскы аралыкта коргонуу системдери дагы бар, алып келгени байкалып турат. Бирок саны жагынан орус армиясынын куралына теңдешпейт.
Бул Украинанын тактикалык кыраакылыгы же жөн эле куралдын жетишсиздиги болушу мүмкүн. Же экөө бирдей болушу мүмкүн.
Көптөр бул согуштун кийинки баскычы жана өлкөнүн чыгышы үчүн салгылашуу жалпы конфликтин тагдырын чечет деп ишенишет. Дагы бир даары бул абдан кандуу кармаш болот деп күтүшөт.
Биздин суранычыбызды кабыл алып, украин армиясы орустардын позициясын аткылап жаткан артиллериялык комплекстерин көрсөтүүгө макул болду. Ал жакка чопкутталган транспорт менен таалалардан кесип өтүп гана жетүү мүмкүн эле. Бул жердеги салгылашуулардын көбү ачык жерлерде болмокчу. Украин күчтөрү коргонуу чектерин казып, бекинип алганы аларга артыкчылык берет.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү болгону менен, биз орус учактары чыга калбайбы деп сарсанаа болуп турдук. Биз радары бар, ракеталар жана зениттик аткычтар менен жабдылган машине көрдүк, бирок бизден аны тартпашыбызды өтүнүштү.
Ал жерде артиллериялык позицияда турган, анын ичинде Батыш берген жакынкы аралыктан учакка каршы атуучу жер-аба системиндеги Stinger ракеталары, дагы башка абадан коргонуу күчтөрү бар. Орус дрондору же учактары алардын позициясын бутага алса, аларды атканга даяр турат.
Мындай куралдын согушка берген таасиринен улам орус күчтөрү асманда артыкчылыкка жеткен менен аны толук көзөмөлгө ала алган жок.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын артиллериясы дагы өзүнүн майнаптуулугун көрсөтүүдө. Биз артиллериянын узун кырка катарын көргөн жокпуз, бирок байкалаары менен ордунан жылып кетүүчү чакан ыкчам топторду байкадык. Орус армиясы чоңдугуна салса, украин күчтөрү жакшы уюштурулган коргонуу жана ыкчамдыкка басым кылышат.
Володимир аттуу украин жоокери, бутага илинбеш үчүн дайым орун алмаштырып турушарын айтат.
Ал: “Биз бир орунда эки күндөн ашык калсак, кароолго илинебиз” – дейт. Ал дагы бир негизги айырманы – Украинанын артиллериясы аскерий позицияларды гана бутага алса, орустардыкы шаар-кыштактарды кошо аткылап жатканын белгиледи. “Алар элди кымгуут кылыш үчүн биздин шаарларды аткылашты. Алар биздин эл багынып беришин каалашат”, - дейт.
Украинанын майнаптуу абадан коргонуусу жана артиллериясы барында орус аскеринин алгылыктуу жылыш кылышы кыйын болот. Буга чейин эки тараптын тең региондогу аскеринин саны 30-40 миңдин тегерегинде болчу.
Батыш ырасмийлери Орусия региондогу күчтөрүнүн санын эки же үч эсе көбөйүүнү көздөп жатканын айтышууда. Бирок Орусия күчтөрүн кайра кураштырып чыгуу үчүн биртоп убакыт керек болот. Согуш башталгандан бери орус армиясы күчүнүн 20%ын жоготту деп баалагандар дагы бар.
Украинанын бул аймактагы аскери - согуш көрүп такшалган, эң күчтүү бөлүктөр. Алар бул жерде Орусия колдогон жикчилдер менен 8 жылдан бери салгылашып келе жатышат. Алар жакшы бекемделген коргонуу чектерин жана позицияларын камдап алышкан. Айрым жоокерлер чарчаңкы көрүнүшү мүмкүн, бирок алардын деми бийик.
Украина Батыш союздаштарынын чалгынын жардамы менен орус аскеринин кыймыл-аракетин ошол замат билип турат. Тереңдетип түшүндүрүп бербегени менен, Украинанын жана Батыштын ырасмийлери дагы муну Би-Би-Сиге тастыкташты.
Орусиянын артыкчылыктары дагы эле көп – Киевге болгон чабуулдун мизи кайтарылгандан кийин он миңдеген кошумча аскер аймакка жайгаштырылды. Орусия учурда азыраак фронтто согушуп жатат, андыктан анын камсыздоо кызматтары мурункудай чубалжыбай калды.

Өздөн чыккан жаттар
Украина күрөшө турган дагы бир көйгөй – өздөн чыккан жаттар. Краматорск шаарында биз орустарга тымызын иштегендерди издеген полиция күзөтүнө кошулдук.
Украинанын башка аймактарына караганда, мында орусиячыл маанайдагылар көп. Полиция өтүп бараткандарды токтотуп, Орусиянын тымызын жан тартуучусу эместигин текшерип, алардын мобилдик телефондордун карашат. Алар үчүн украин коргонуу күчтөрүнүн позициясын билдирген фото-видеолор берилип жатпаганы маанилүү.
Жергиликтүү полициянын башчысы полковник Александр Малыш, көбүнчө күндөрү шектүү кишилер кармалып, чалгын кызматына өткөрүлүп берилерин айтат.
“Алардын башында эмне бар экенин билбейм... балким орус пропагандасы? Согуштан кийин Украина баскынчыларга жардам бергендерди эмне кылышты чечиши керек болот деп ойлойм”. – “Бул Орусиянын гибриддик согушунун бир бөлүгү”, - дейт полковник Малыш.
Украинанын чыгышындагы бир нече шаар орус армиясынын бомбалоосуна, артиллериясынын жана ракеталарынын соккусуна кабылды. Өткөн аптада абадан урулган соккудан Краматорск шаарынын темир жол бекетинде 50дөн ашык киши каза болгон. Азыр көрүстөндө дагы жаңы көрлөр казылып жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Биз Украинанын жакында каза болгон жоокерин жерге берүү кызматын алыстан көрүп турдук. 34 жаштагы Александр Циленко Украинанын атайын күчтөрүнө кызмат өтөп жүрүп фронтто каза болгон.
Энеси Татьяна анын позициясына Орусиянын “Град” ракеталары сокку урганын гана билет.
Татьяна уулунун сүрөтүн Украинанын туусуна оролгон табытынын үстүндө кармап, көз жашын тыя албай турду. Александр анын жалгыз уулу эле.
Кийинчерээк Татьяна мындай деди: “Уулум өмүрүн өз мекенине – Украинага арнады. Мен анын менен ушунчалык сыймыктанам, бирок мен үчүн бул ушунчалык чоң жоготуу. Мен бул жоготууну өмүр боюу унута албайм. Каргышым [РФ президенти] Путинге жетсин”.
Жакынкы апталарда Украинанын чыгышында эки жактан тең балдарын жоктогон энелердин ыйы көп болот. Согуштун бул баскычы эки тарап үчүн тең кыйынга турат. Эки тараптын тең чоң жоготууларга кабылат. Чыңалуу жетер чегине жетти. (CS)












