Россия эмнеге Украинада көп танк жоготту?

A Ukrainian serviceman stands on the turret of a destroyed Russian army tank not far from the Ukrainian capital of Kyiv on April 3, 2022

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киевдин алдында атылып катардан чыгарылган танктын үстүндөгү украин жоокери

Россия Украинага басып киргенден кийин эки ай ичинде жүздөгөн танктарын жоготту. Аскердик эксперттер анын негизги эки себебин айтышууда. Биринчиден, Украина аскери батыш өлкөлөрүнөн алган танкка каршы куралдарды эффективдүү пайдаланды. Экинчиден, орус аскери өзүнүн танкаларын жакшы колдоно алган жок.

A US-made Javelin missile is launched in a training session

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Javelin ракеталары орустун ондогон танкаларын кыйратты

Россиянын танк жоготуулары канчалык чоң?

Oryx — Россиянын Украинадагы согушта аскердик жоготууларын эсептөө ишин жүргүзгөн аскердик жана чалгындоочу блок. Ал аскердик жоготууларды согуш зонасынан келген сүрөттөрдүн негизинде эсептейт.

Анын эсебине караганда, Россия 460 танкты жана 2000 ашык ар кандай бронетехникасын жоготту. Украинанын Куралдуу күчтөрү өз кезегинде Россияны 680 танкын жоготту деп жатат.

Rand Corporation менен IISS маалыматына караганда, согуш башталар алдында Россиянын басып кирген күчтөрүнүн карамагында 2700 танк болгон.

Танкка каршы куралдар канчалык эффективдүү болду?

Конфликт башталганда АКШ Украинага танкка каршы колдонулуучу Javelin ракетасынан эки миңди берди, андан бери өткөн убакытта дагы ушунча санда жиберди.

Ал эми Улуу Британия NLAW ракетасынан 3600 жиберген.

Аны чыгарган компаниянын жетекчисинин сөзүнө караганда, атылган ракета танканын темир анча калың эмес үстү жагындагы мунарасына барып жарылат.

Россиянын көп танктарында ракеталык соккуну майтара турган динамикалык коргонуу каражаттары коюлган. Бирок Javelin ракетасынын барып тийгенде жарыла турган эки башы бар. Бирөө динамикалык коргоону кыйратат, экинчиси алдындагы шассини жулуп ыргытат.

Британиянын NLAW ракеталары дагы так ушундай иштейт, танканын анча корголбогон үстү жагындагы мунарасына барып тийгенде, дароо жарылат.

Graphic showing how Javelin and NLAW missiles destroy tanks from above

«Javelin менен NLAW абдан эффективдүү», — дейт Ник Рейнольдс, Куралдар боюнча королдук институттун аналитиги (RUSI). «Бул куралдардын жардамы болбосо Украинадагы кырдаал такыр башкача болмок».АКШ Украинага ошондой эле танканы талкалоочу 100 Switchblade беспилотнигин да бергени белгилүү. Дрон-камикадзе катары белгилүү бул куралдардын бир нече километр жерден учуп барып танктарды талкалай турган күчү бар.

Россиянын тактикасында кандай каталар кетти?

Азыркы убакта Россиянын армиясы батальондук тактикалык топторго (БТТ) бөлүнүп иштейт, бул өзүнчө согуштук автономдук бирдик, анын курамында танктар, жөө аскер жана артиллерия бар.

Бул аскер бөлүктөрүнүн курамы ар кандай болушу мүмкүн, бирок көбүнчө анда бронетехника көп, жөө аскер азыраак болот.

"Россияда согушка тикелей салынган аскер анча көп эмес",— дейт Филлипс О'Брайен, Сент-Эндрюсск университетинин стратегиялык изилдөөлөр профессору, — ошондуктан БТТ — көп санда сокку ура турган аскердик бирдикти түзүү ыкмасы".

"Абдан кубаттуу сокку уруу менен ыкчам чабуулга өтүүгө эсептелген. Бирок танканын колоннасы чабуулга туш болсо, аны коштоп келаткан жөө аскери жакшы коргоно албай калат",-дейт ал.

"Бул жагынан орус армиясы оң колунун соккусу жакшы иштеген менен жаагы айнек мушкерге окшош".

Aerial view of a destroyed Russian tank

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Танканын эң талуу жери анын үстүндөгү мунарасы, ошондуктан ракеталык соккулар ушул жакка мээленет

Профессор О'Брайендин айтымында, Россиянын аба патрулдарынын жоктугунан украин аскери орустун танкалык колонналарына буктурма жасай турган позицияларды оңой ээлеп алып жатты. «Конфликт башталганда асманда Россиянын үстөмдүгү жок эле, — дейт ал, — ошондуктан алар асманды көзөмөлдөп, украин армиясынын кандай жылып жатканын биле алган жок. Украин аскери капыстан кол салганга ыңгайлуу позицияларды ээлеп алып, ошон үчүн чоң зыян келтире алды».

Россиянын компетенттүүлүгү канчалык аксады?

Огухтун маалыматы боюнча, Россия жоготкон танктардын жарымы душман тараптан талкаланып жок кылынып же бузулуп калган жок, аларды жөн эле таштап качып кетишти.

Эксперттер муну логистиканын жакшы болбогондугу жана орус аскеринин согуштун көзүн билбегендиги деп жатышат.

"Украин фермерлери сүйрөп кетип аткан россиялык танктардын сүрөтүн көрдүңөрбү", — дейт профессор О'Брайен. "Кээ бир танктарды жөн эле таштап кетишкен, анткени күйүүчү майы түгөнүп калган. Бул логистикалык каталык. Кээ бирлери жазгы баткакка тыгылып калды, анткени жогорку командачылык жылдын эң оңтойсуз убагында чабуул баштады».

Two tractors tow away an abandoned missile launcher in Ukraine.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинада кароосуз калган ракеталык техниканы тракторлор сүйрөп кетип жатат

«Россиянын кургактагы аскерлери негизинен аскерге жаңы чакырылгандар жана контрактниктер. Ошол себептүү, дүйнөлүк параметрлер менен караганда, алардын күжүрмөн күчү төмөн",-деди Ник Нойлс.

Көптөрү танктарды жакшы айдай алышпай, таштап баса беришкен. Кээ бирлери көпүрөдөн кулап кеткен. Башкалары арык-аңгектерге тыгылып, гусеницалары жулунуп кеткен. Техниканы колдонуунун көзүн билбей, аскерлер көбүнчө танктарды таштап качып кетишкен. Согушканга эрки да жеткен эмес".

Украин өкмөтү калып кеткен аскердик техниканы өткөрүп берүү боюнча өзүнчө инструкция чыгарды. Мындай "согуштук олжону" ким гана таппасын, салык декларациясына көрсөтүштүн кереги жок. (КС)