Ар бешинчиси - офицер: Украинадагы согушта Орусиянын ырасталган жоготуулары эмнени билдирет?
Ольга Просвирова, Ольга Ившина
Би-Би-Си Орус кызматы

Сүрөттүн булагы, SERGEI MALGAVKO/TASS
Орусияда күн сайын Украинада каза болгон аскер кызматкерлерин сөөгү коюлуп жатат. Би-Би-Синин эсеби боюнча, Орусиянын региондорунан каза болгондор тууралуу келген маалыматка ылайык, алардын 20% офицерлер. Каза болгон аскерлердин саны, Украинада согушуп жаткан армиянын абалы жөнүндө кандай маалымат берет?
Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар жөнүндө акыркы жолу 25-мартта маалымат берип, 1351 аскер кызматкери каза болгонун билдирген. Украинанын куралдуу күчтөрү мындан алда канча чоң санды — 18,3 миң кишинин каза болгонун билдирет.
5-апрелге карата түзүлгөн абалга ылайык, Орусиянын расмий булактарында кем дегенде 1083 курман болгон орус аскеринин аты-жөнү жарыяланган. Көпчүлүк учурда курман болгондор жөнүндө региондордун же райондордун жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирип жатышат.
Командирлерге өзгөчө көңүл
Каза болгондугу ырасталган 1083 аскер кызматкеринин 217си - кенже лейтенанттан баштап, генералга чейинки наамдагы офицерлер. Алар орус армиясында ырасталган жоготуулар тизмесиндеги бардык аскерлердин 20%ын түзөт. Согуш башталгандан бери Би-Би-Си бул тизмени эсебин жүргүзүп келе жатат.
Ушундай эле тенденция, Би-Би-Синин орус армиясынын жоготуулары жөнүндөгү биринчи изилдөөсүндө да байкалган - анда 557 курман болгон аскердин ичинен 109 офицер, башкача айтканда 19,6% түзгөн.
Орусиянын жоготуулары
Өлүмү ырасталган тизмеде офицерлердин мынчалык көп болушу, согуш майданында каза болгон ар бир бешинчи орус аскери офицер болгонун билдирбейт. Орус армиясынын салты боюнча, каза болгон командирлердин сөөгүн үйүнө мүмкүн болушунча эртерээк жөнөтүүгө аракет жасалат, алардын аты-жөнү жалпыга жарыяланышы көбүрөөк кездешет. Бул тууралуу Коопсуздук жана коргонуу тармагында Британ Королдук илимий институтунун окумуштуусу Самуэль Кренни-Эванс билдирет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Буга чейинки чыр-чатактарда орус аскерлери курман болгон офицерлердин сөөгүн эвакуациялап чыгарууга көбүрөөк көңүл бурушкан. Ал эми наамы төмөнүрөөк аскерлер өлгөндө ага азыраак көңүл бурулат. Ошол эле учурда, офицерлер чын эле орус куралдуу күчтөрүнүн негизги өзөгүн түзүшөт”, — дейт эксперт.
Азыркы учурда жоготуулар тизмесинде — 10 полковник (анын ичинде 1 биринчи рангдагы капитан), 20 подполковник, 31 майор, 155 кенже офицер (рангы кенже лейтенанттан капитанга чейин) бар.
Украинанын айтымында, жети орус генерал каза тапты, бирок Орусия генерал-майор Андрей Суховецкийдин өлүмүн гана ырастады.
НАТО уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдө согуш майданындагы тапшырмаларды аткарууга сержанттар, капралдар жана башка кенже наамга ээ болгон аскерлер милдеттендирилет. Орус армиясында ошондой деңгээлдеги чечимдерди наамы лейтенанттан төмөн болбогон офицерлер чыгарышат.
“Орус офицерлери өз взводу, ротасы же батальонунун даярдыгын жана тактикалык жетекчилигин камсыз кылат. Орус армиясындагы сержанттар көпчүлүк учурда болгону техникаларды башкарышат жана буйруктарды аткарышат, башкача айтканда алар эч кимди жетектебейт. Демек, офицерлер согуш майданындагы салгылашты башкаруу боюнча функцияларды көбүрөөк алууга аргасыз болушат. Башкача айтканда, орус офицери үчүн башка көптөгөн армиялардын офицерлерине караганда согуш майданында курман болушуна көбүрөөк ыктымалдуулук бар”, - дейт Кренни-Эванс.
Колдоосу жок десанттар
Орус армиясындагы өлүмү ырасталган тизмени иликтегенде, дагы бир тенденция байкалууда: өлүмү ырасталгандардын 15% жакыны аба-десант аскердик түзүмдөрдүнө кызмат өтөшкөн.
Би-Би-Си сурамжылаган эксперттердин билдиргени боюнча, орус десанты жөө аскерлер деле аткара ала турган тапшырмаларга деле кеңири колдонулат. Бирок, орус кол башчылары тапшырмаларды аткаруу үчүн аба-десант жоокерлерин тартууну артык көрүшөт, себеби алар эреже катары физикалык жактан да, моралдык жактан да абдан жакшы даярдалышкан.

Сүрөттүн булагы, ANDREI SAMSONOV/TASS
АКШнын Тышкы саясатты изилдөө институтунун улук илимий кызматкери, Роб Ли белгилегендей, десантчылардын арасында жоготуулардын саны салыштымалуу түрдө жогору болуп жатканы таң калыштуу эмес. “Аба-десант аскер бөлүктөрү фронттогу эң татаал операцияларды аткаруу үчүн - Гостомель шаарын алууга, Киевдин чет жакаларындагы салгылаштарда, Украинанын түштүк тарабындагы кагылыштарда катышышкан”, - дейт ал.
Согуштун биринчи күнү эле, орус армиясы Гостомель шаарындагы “Антонов” аэропортуна десант түшүргөн - десанттын ою боюнча, Беларустан кире турган орус аскерлер алар менен байланышка чыгып, камсыздоону жөнгө келтирмек. Муну толук кандуу аткаруу мүмкүн болгон жок, ошентип, 31-мартта бир ай кандуу салгылаштардан кийин - украин аскери аэропортту кайра өз карамагына алды.
Кренни-Эванс муну Орусия жалпы аскердик операцияларды салыштырмалуу түрдө жай жүргүзүп, аба-десант түзүмдөрү фронтто авиация менен армиянын туруктуу колдоосу жок калышканы менен түшүндүрөт.
Орусиянын башка көзгө басар аскер бөлүктөрүндө да курман болгондор жөнүндө маалыматтар келип жатат. Биз ырастай алган жоготуулар тизмесинде - Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын 15 өкүлү (анын ичинде 5 офицер) жана Росгвардиянын атайын багыттагы аскерлеринин (спецназдын) 10 өкүлү бар.
Курман болгондордун арасында - кем дегенде үч “кызыл берет” бар (Руслан Галямов менен Олег Кириллов - Татарстандан, Вячеслав Актяшев Пермь крайынан) - алар Орусиянын эң көрүнүктүү, көзгө басар атайын багыттагы жоокер түзүмдөрүнүн мүчөсү болушкан. Кызыл беретти кийүү укугу үчүн сынак, дүйнөдөгү эң татаал аскердик сынактардын бири болуп саналат.
Өлгөндөрдүн тизмесинде биз күтпөгөн адистиктеги жоокерлер да бар. 28-мартта, Брянск шаарынын журналисттери, Украинада аскердик оркестрдин улук сержанты Александр Карпеев каза болгонун билдиришти. Карпеев сурнайчы болгону маалым. Ал Украинада кандай тапшырмаларды аткаруу үчүн барганы белгисиз.
Жол азабы — көр азабы
Жалпыга белгилүү болгон учурлардын көбүндө, майданда каза болгондордун сөөгү алар каза болгондон кийин эки-үч жумадан кийин жеткирилет. Мисалы, Росгвардиянын атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн прапорщиги Руслан Галямов, ачык маалыматтар боюнча, 11-мартта каза болгон, ал эми анын сөөгү 26-мартта жерге коюлган.
Айрым учурларда курман болгондордун сөөгүн бир айдан кийин гана жерге берүү мүмкүн болуп жатат. Мисалы, 20 жаштагы Михаил Баканов расмий маалымат боюнча согуштун экинчи күнүндө 25-февралында каза болгон. Анын сөөгү үйүнө марттын аягында гана жеткирилди.

Сүрөттүн булагы, SERGEI MALGAVKO/TASS
Коопсуздук жана коргонуу тармагын изилдөөчү британ королдук илимий институту курман болгондордун сөөгүн жеткирүү үчүн мынча көп убакыттын кетиши азыркы ири жаңжалдар үчүн жалпысынан алганда мыйзам ченемдүү көрүнүш.
“Украинадагыдай кырдаалда, набыт болгондорго караганда тирүүлөр ар дайым артыкчылыкка ээ болушат. Күч-аракеттин баары ар дайым көзү тирүүлөрдү аман алып калуу үчүн жумшалат. Эч кандай жардам бере албай калган өлүктөрдү мекенине жиберүү экинчи планга түшүп калат. Кырдаалды ар дайым өзгөрүп жаткан фронт сызыгы да курчутуп жатат. Жаңжалдын бул баскычында эки тарап тең үчүн өз флангаларын душмандан коопсуздандыруу өтө татаал болуп жатат”, - дейт Кренни-Эванс.
Украинанын расмий бийлиги жана салгылаштардын күбөлөрү орус армиясы артка чегинип жатып, курман болгон жоокерлеринин сөөгүн таштап кеткенин көп жолу билдиришти. Украин президенти Володимир Зеленскийдин айтымында, Киев курман болгондордун сөөгүн орус тарапка өткөрүп бергиси келген, бирок Орусия “алгач баш тартып, андан кийин кандайдыр бир каптарды сунушташкан”.
Марттын экинчи жарымында, Николаев облустук администрациясынын жетекчиси Виталий Ким, жергиликтүү тургундарга Украина бошотуп алган аймактарда табылган орус жоокерлеринин сөөктөрү жөнүндө кабар берип турууга чакырган.
“Алар өз жоокерлеринин сөөгүн дайым эле алып кете беришпейт, күн жылып, жаз-жай келгенде алардын сөөгү биздин мойнубузга түшө турган түйшүк болуп калат. Ошондуктан, алардын сөөктөрүн көрүп калсаңар, ошол жерлерди бизге айткыла, […] колдон келсе, каптарга салып койгула. Мен ушуну суранам, биз сөөктөрдү чогултуп, тоңдургучтарга салышыбыз керек. Кийин аларды мекенине жөнөтөбүз, ал жерден ДНК аркылуу сөөктөрдүн тек-жайын аныкташат. Булардын деле күткөн энелери бар”.
Кем дегенде үч орус жоокерин ДНК-экспертизадан кийин гана тек-жайын тактоо мүмкүн болду. Нижний Новгород шаарынан 21 жаштагы Александр Вавилин 27-февралда каза болгон, бирок анын үй-бүлөсүнө бул суук кабар 1-апрелде гана угузулду. Жергиликтүү медиалардын маалыматы боюнча, бир айдан ашык убакыт иликтөө жүргүзүүгө кеткен, анын ичинде ДНК-тесттердин жыйынтыктары күтүлүп жатты. Забайкалье крайынын 27 жаштагы тургуну Александр Емцовдун сөөгү экспертизанын жардамы менен гана аныкталды - Емцов өрттөлгөн БТРдин ичинде күйүп кеткен.
Жумуш берген армия
Украинада курман болгондор жөнүндө эң көп билдирүүлөр Дагестандан келип жатты - ал жакта 93 жоокер жерге берилгени маалым. Эми алардын аттары мектептерге, көчөлөргө коюлуп жатат.
Ошондой эле, курман болгондор жөнүндө эң көп билдирүүлөр Бурятиядан (52 киши), Волгоград облусунан (48), Оренбург облусунан (41) жана Түндүк Осетия (39) республикасынан болду.
Орусиянын жоготуулары
Орусия-Украина согушунда каза болгон орус аскерлери. 5-апрелге карата берилген маалымат боюнча, жоготуулар жөнүндө Орусия Федерациясынын 85 субъектисинен 80и билдирген. Курман болгон аскерлер жөнүндө Дагестандын расмий бийлиги жана медиа каражаттары эң көп - 93 жолу билдиришкен.

Бирок, бул маалымат айрым эксперттер жана журналисттер айтып жаткандай, Украинадагы салгылаштарга белгилүү бир региондордун өкүлдөрү гана жиберилет дегенди түшүндүрбөйт.
“Орус армиясында келишимдин негизинде кызмат өтөгөндөрдүн негизги бөлүгү - Орусиянын алыскы аймактарынан келген жарандардан түзүлгөн. Келишимчилердин катарына Орусиянын бир гана түштүк аймагынан, же Түндүк Кавказдан гана келишпейт. Бүткүл Орусия боюнча дал ошол орто жана чакан шаарларда, айылдарда, алыскы элет жергелеринде жашаган орус жарандары армияга иштөө үчүн жазылышат”, - деди региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармагы боюнча адис Наталья Зубаревич Би-би-сиге берген комментарийинде.
Анын айтымында, армияга депрессиялык же жарым-жартылай депрессиялык региондордо жашаган жарандар көп жазылышат. Бурят Республикасы ошондой региондордун бири.
Улан-Удэ шаарынын тургуну Михаил Гармаев да майданда көз жумду. Мектепти бүтүргөндөн кийин ал курулуш техникумуна тапшырган, бирок окуусун аягына чейин бүтүрбөй, армияга кетип калган. Аскердик кызмат милдетин аткарып бүткөндөн кийин, Михаил Улан-Удэге кайтып келип, сигнализацияларды орноткон фирмага жумушка орношкон. Бирок, бир нече жылдан кийин ал армияга кайтып, келишим түзгөн. 6-мартта Киевдин чет жакасында Михаил буктурмага кабылып, эки ок жеген. 21-мартта анын сөөгү Улан-Удэде жерге коюлду.
Ушул сыяктуу — окуду, армияга барып келди, жай турмушун курууга аракет кылды, кайра армияга кайтып келди, - деген сценарийлер Украинада каза тапкан башка орус жарандарынын өмүр баяндарында да көп-көп кездешет.
“Армия — иштеп, акча таап, жан багуу дээрлик мүмкүн болбогон аймактар үчүн абдан маанилүү жумуш берүүчү болуп саналат. Армияга жалданып иш кылсаңыз, туруктуу эмгек акыга жана социалдык камсыздандырууга ээ болосуз”, — дейт Зубаревич.
Орусиянын региондору курман болгондор жөнүндө маалыматтарды жарыялоого дагы деле ар башкача мамиле кылып жатышат.
Орусиянын сегиз регионунда аскерлердин каза болгону тууралуу расмий бийликтен бир да билдирүү түшкөн жок. Бирок Би-Би-Си алардын үчөөсүндө - Томск облусунда, Адегия Республикасында жана Чукотка автономдук округунда - Украинада каза тапкан орус аскерлеринин жерге берилгенин тактай алды.
Украинада каза тапкан аскерлер жөнүндө марттын аягына чейин Кемеров облусунун бийлиги да расмий түрдө билдирген эмес. Би-Би-Синин орус аскерлеринин жоготуулары жөнүндөгү биринчи иликтөөсүнүн алкагында, Кузбасс өрөөнүнөн бул согушта каза болгон жети тургунунун аты-жөнүн биле алды. Бул жарыядан бир нече саат өткөндө, Кемеров облусунун буга чейин унчукпай келген бийлик органдары, майдандан 13 жердеши аман кайтпай калганы жөнүндө маалымат таратты. Бирок, алардын аты-жөнүн так билдирген жок. Андан бери расмий маалымат жаңыртыла элек. Азыркы учурда Би-Би-Си бери дегенде Украинада каза болгон 18 кемероволуктун аты-жөнүн тактай алды.
“Кемеров облусунда губернатор жеңиштүү риторикага көбүрөөк басым жасап, согуштун баасы жөнүндөгү темага азыраак көңүл бурууну чечти”, - дейт саясат таануучу Михаил Виноградов.

Сүрөттүн булагы, ANDREI SAMSONOV/TASS
Виноградовдун оюнда, Орусияда “атайын операция” аталган согуштук жоготуулар жөнүндө кабар берүү милдетин Москва башка региондордун жетекчилерине атайын эле берген.
“Менин оюмча, жарандарды согуштагы жоготуулардын чоң саны менен ашыкча капа кылбайын деген ниет бар болуш керек, ошондуктан облус жетекчилери суук кабарларды өтө сейрек, ал түгүл бүдөмүк мүнөздө угузуп жатышат. Башка жагынан алып караганда, жоготуулардын саны кыйла чоң болуп, аны жашырууга эч кимдин ниети деле жок. Жалпы санды билүү азырынча көпчүлүктү кызыктырбайт. Губернаторлорго мындай суук кабарларды угузуу тартиби боюнча так буйрук берилген эмес өңдөнөт, ошондуктан аларда салыштырмалуу түрдө автономия бар”, — дейт эксперт.
Орусиянын айрым региондорунда, орус аскерлеринин өлүмү жөнүндөгү кабар берген медиа каражаттар өз публикацияларын өчүрүп жаткан учурлар да катталып жатат.
“Курман болгон жоокерлер жөнүндө кабар топтоо тыйылган жок, бирок, менин билишимче, биздин аймактагы бардык басылмаларга бул кабарлар азырынча обого же басма сөзгө чыгарылбасын деген тапшырма берилген. Маалыматты качан таркатып баштаса болору тууралуу да айтылган жок. Менин оюмча, буга эч качан уруксат берилбейт”, - дейт аты-жөнүн билдирбөөнү суранган сибирдик журналисттердин бири айтты.
“Пропагандасы дагы келишкен”
Украинада каза тапкан орус аскерлеринин сөөгү салынган табыттар бир гана Орусиянын региондоруна эмес, мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөргө да келип жатат.
25-мартта Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилди. Норильск шаарынын мэри билдиргендей, Дорбоев энеси менен Красноярск крайына жакында эле көчүп келген. Кырчындай өмүрү үзүлгөн жигиттин орус жарандыгы болгон. Ал 2021-жылы армияга чакырылган. Дорбоев 19 жашында курман болду.
Дагы бир кыргызстандык, 26 жаштагы Рустам Зарифулин да орус армиясы менен келишим түзүп, Украинада ажал тапты. Анын сөөгү туулган жеринде көргө коюлду.
Украинада набыт болгон дагы эки орус аскеринин (Саидакбар Саидов менен Рамазон Муртазоев) сөөгү Тажикстанда жерге берилди. Ал эми Грузиядан жиктелип бөлүнүп алган Түштүк Осетиянын борборунда Украинадагы жортуулга катышкан орус армиясынын сержанты Андрей Бакаев да акыркы сапарына узатылды.
“Мурда айрым пост-советтик өлкөлөрдүн жарандары орус армиясында кызмат өтөөгө аракет кылышкан, анткени алар бул аркылуу орус жарандыгын жеңилдетилген схема менен алышмак. Эми мындай жеңилдиктер каралган эмес”, - деп укук коргоочу Светлана Ганнушкина билдирет.
Ал кошумчалагандай, айрым мигранттар үчүн армия жагымдуу жумуш берүүчү бойдон калышы мүмкүн:
“Мисалы, Орусиянын Тажикстан менен кош жарандык боюнча келишими бар. Аскердик милдетин тажик армиясында өтөгөндөр Орусияда да бул милдетин аткарган болуп эсептелишет. Демек, эгер алар кааласа, дароо орус армиясына келишимдик кызмат өтөөгө бара алышат. Бизге мындай адамдар кайрылышкан эмес. Бирок, менин элестеткеним боюнча, тагдыры башкача жазылбагандар үчүн, мисалы, жакшы билим ала албай, жумуш таба албай калгандар үчүн армияда кызмат өтөө абдан жагымдуу көрүнөт. Мында согуштун пропагандасы да укмуштай жүрүп жатпайбы”.

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER GARMAYEV/TASS
Жоготуулардын эсептелиши
Орусияда күн сайын курман болгондордун аты-жөнү, тажыялардын фотосүрөттөрү жарыяланып жатат. Көпчүлүк учурда курман болгондордун фамилияларын орус региондорунун жетекчилери же райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү медиалар, курман болгондор окуган окуу жайлардын өкүлдөрү билдирип жатышат.
Би-Би-Си өз талдоосун курман болгон жоокердин аты-жөнү, аскердик наамы, мүмкүн болсо, сөөгү көмүлгөн жери тууралуу конкреттүү маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдүн негизинде жүргүздү.
Эгерде аты-жөнүн толук камтыган конкреттүү маалымат жок болсо, медиа-каражаттардын ондогон, а түгүл жүздөгөн курман болгон жоокерлер жөнүндөгү билдирүүлөрү эске алынган жок. Ошондой эле, биз Орусиянын кадрлык аскер кызматкерлери болуп эсептелбеген кишилердин (башкача айтканда, өзүн көз карандысыз деп жарыялап алган Донецк жана Луганск эл республикаларынын аскердик түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөр, “Вагнер менчик аскер компаниясы” аталган түзүмдүн жалданма аскерлери) өлүмү жөнүндөгү билдирүүлөрдү эске алган жокпуз. (KGNE)











