Бучадагы кыргын: Спутниктик сүрөттөр Орусия версиясына каршы келет

Президент Володмир Зеленский 4-апрелде Буча шаарына келди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Володмир Зеленский 4-апрелде Буча шаарына келди

Украина орус аскери чыгып кеткенден кийин Бучадагы согуш кылмыштарын тергеп баштады. Шаарда жай тургундардын көптөгөн өлүктөрү табылган, ондогон кишинин сөөгү көчөдө жаткан.

Жекшембиде Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова, Киев облусунун бошотулган райондорунда 410 жай тургундун сөөгү табылганын билдирген. Бул акыркы сандар эмес экенин, сөөктөрдү издөө жана карап чыгууга узак убакыт талап кылынары атайын белгиленген.

Дүймөшбүдө Венедиктова буга чейин окупацияланып жаткан башка шаарларда зомбулуктан өлгөндөрдүн саны мындан дагы көп болушу мүмкүн экенин баса белгиледи. Ал Киевдин түндүк-батышындагы Бородянкадан келчү билдирүүлөр катаал болорун күтөрүн айткан.

Шейшембиде Бородянка шаарынын мэринин кызматын аткаруучу Георгий Ерко, шаарда 200 киши белгисиз болуп жатканын билдирди. Анын айтканына ылайык, алар орус авиациясы урган соккудан улам кыйраган имараттардын алдында калган болушу мүмкүн.

Укук коргоочу уюмдар бошотулган территорияларда көптөгөн өлтүрүү, зордуктоо жана башка оор кылмыштар болгонун катташты.

Бучада талкаланган орус колоннасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бучада талкаланган орус колоннасы

Россия Бучадан делген фотолор менен видеолор жалган жана чагым деп атады. Бирок алардын келтирген жүйөлөрү адистер тарабынан жокко чыгарылды.

4-апрелде, New York Times Москва өзү көзөмөлдөп турабыз деп айткан 9-21-март аралыгында Бучанын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Анда апрелдин башында өлүктөр табылган жерлердин көбүндө сөлөкөттөрдү байкаса болот.

Бучада эмне болгон?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинага басып киргенден бир нече күндөн кийин Орусиянын танктар жана чопкутталаган транспорттон турган колоннасын Бучада чабуулга кабылып, токтоп калган. Орус аскери анда марттын аягына чейин турган.

Жергиликтүү тургундардын көбү бул райондон качып кетишкен, бирок кала бергендер дагы болгон. Алар көп кабат үйлөрдүн короолорунда отко тамак жасап жеп калышкан.

Күбөлөр аскерлер эркек кишилерди гуманитардык коридорлор аркылуу чыгарбай коюшканын, качканга аракет кылгандарды атышканын айтты. Репортерлор жана бийлик өкүлдөрү шаарга келишкенде көчөдө кеминде 20 кишинин өлүгү жатканын көрүшкөн. Алардын көбүнүн чоң жараттары болгон, айрымдарды жакындан атылып өлтүрүлгөн. Айрымдарын танк тебелеп кеткени көрүнүп турат.

Дүйшөмбүдө Би-Би-Синин корреспонденти Йогита Лимайе Бучадагы тамдын жертөлөсүнөн дагы беш жай тургундун сөөгүн көргөн. Алардын колдору аркасына байланган, бир карганда, алар атылып өлтүрүлгөн.

Maxar компаниясынын 31-марта тарткан спутниктик сүрөттөрү "Биринчи чакырылган Ыйык Андрей жана бардык ыйыктар" чиркөөсүнүн жанындагы 14 метрлик көрдү көрсөтөт.

Maxar компаниясы 31-марта тарткан спутниктик сүрөттөрдө "Биринчи чакырылган Ыйык Андрей жана бардык ыйыктар" чиркөөсүнүн жанындагы 14 метрлик жалпы көр көрүнөт.

Сүрөттүн булагы, Maxar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Maxar компаниясы 31-марта тарткан спутниктик сүрөттөрдө "Биринчи чакырылган Ыйык Андрей жана бардык ыйыктар" чиркөөсүнүн жанындагы 14 метрлик жалпы көр көрүнөт.

Maxar чиркөөнүн 10-марттагы тартылган сүрөттөрүндө жер казуу иштери жүргүзүлгөнү байкаларын белгилешет.

Бучанын тургундары бул жерге биринчи сөөктөр согуштун алгачкы күндөрү, "көзгө көрүнгөндүн баарын атып" өлтүрүп киргенде көмүлө баштаганын айтышат. Мында көмүлгөндөрдүн саны 150-300 киши болот деп эсептелүүдө.

Maxar компаниясынын Буча шаарын март айында тарткан сүрөттөрү, 2022
Maxar компаниясынын Буча шаарын март айында тарткан сүрөттөрү, 2022
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Maxar компаниясынын Буча шаарын март айында тарткан сүрөттөрү, 2022
Maxar компаниясынын Буча шаарын март айында тарткан сүрөттөрү, 2022
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Maxar компаниясынын Буча шаарын март айында тарткан сүрөттөрү, 2022

Орусия айыптоолорго кандай жооп берди?

Президент Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков, Орусия анын аскерлеринин Бучагады өлтүрүүлөргө тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагарын айтты.

Песковдун сөзүнө ылайык, Кремль Бучадагы өлтүрүлгөндөр менен видеолордо жалган нерселер бар деп эсептейт жана ага ишенбейт.

"Биз көргөндөн, видеоматериалдарга көбүн эсе ишенсе болбойт, анткени биздин коргоо министринин адистери андагы видеокошуулар же башка жалган учурлардын изи табышты. Фактология, окуялардын календардык ырааты дагы бул ырастмалардын аныктыгына иштебейт", - деди ал.

РФ ТИМ министри Лавров, Бучадагы окуяларды комментарийлеп жатып ал жакта "инсценировка" болгонун айтты.

"Киев облусунун Буча шаарындагы орус аскерлеринин "кылмыштарын" күбөлөндүрөт деген фото жана видеоматериалдардын баары киев режиминин кезектеги чагымы", - деп айтылат министрликтин РИА агенттиги аркылуу таратылган билдирүүсүндө. - "Буча орус аскеринин көзөмөлүндө турган учурда бир дагы жергиликтүү тургун зомбулук аракеттеринен жабыркаган жок".

Бул версиянын эмнеси туура эмес?

Орусия Бучадагы кыргындын далилдери орус аскери шаардан чыгып кеткенден 4 күндөн кийин пайда болду деп жүйө келтирет. 3-апрелде Россия анын аскерлери 30-мартта толугу менен Бучадан чыгып кеткенин билдирди. Бирок 1-апрелде РФ коргоо министринин "Звезда" телеканалы, деңиз жөө аскерлеринин бөлүктөрүнүн биринин командири Алексей Шабулинге таянып, "орус деңиз жөө аскерлери Гостомель - Буча - Озера багытында калктуу конуштарды кийин кармап калуу максатында тазалап жатат", - деп билдирген. Россиянын ырасмий ММКалары Украинадагы окуяларды чагылдырууда коргоо министрлигинин билдирүүлөрүнө таянышы керек; "Российская газета" дагы 1-апрелде ага таянуу менен ошол эле жоокер жана анын Бучадагы тапшырмалары тууралуу жазган.

1-апрелдин кечинде гана Бучанын мэри Анатолий Федорук шаар бошотулганын билдирген (бирок шилтемеде ал бул бир күн мурун - 31-мартта болгонун айтат).

Би-Би-Синин корреспонденттери шаарга 1-апрелде кире алышты.

Ошондуктан орус аскеринин Бучадан 30-мартта чыгып кеткени көз карандысыз булактар менен такталбайт. Андан сырткары, орус аскерлери Бучанын көчөлөрүндөгү өлүктөр тартылган видеолор алар андан чыгып кеткенден "төрт күн өткөндө гана" же 3-апрелде гана пайда болгонун айтышууда.

Бирок көчөдө өлүп жаткандардын алгачкы кадрлары 1-апрелде чыккан. Андан бир күн өтүп шаарга украинанын коргонуу күчтөрү жана полиция менен бирге келген чет өлкөлүк медиалардын журналисттери жолдо өлүп жаткан көп кишинин сөөгүн тартып алышкан.

Би-Би-Синин корреспонденттери Бучада алгачкы жолу 1-апрелде болгондо 20 жай тургунун сөөгүн көрүшкөн жана көрсөтүшкөн.

4-апрелде New York Times Maxar компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Кезит сүрөттөр 9, 11, 19, 20 жана 21-марта тартылганын жана соцжелелерде тараган, 2-апрелде так ошол жай турмуш кийимчен кишилерден сөөктөрү табылган Яблунский көчөсүндө тартылган видео менен салыштырганын жазат.

Москва аныктыгын талашпаган, марттын башында жана ортосунда орус аскери Бучада турганда спутниктен тартылган фотолордо апрелдин башында сөөктөр табылган жерлерде окшош сөлөкөттөр бар экенин көрсө болот.

Орусия тарап бул фотолорго комментарий бере элек, бирок жарыя болгондон кийин Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя пресс-конференция берип, окуяга Орусиянын версиясын тастыктай турган кай бир фактыларды ачып берерин убадалады. (CS)