Россия-Украина "согушунун жүрөгү" - Мариуполь үчүн чечүүчү салгылашуу

Том Батеман, BBC News

Орус аскерлери Мариуполду марттын башында курчап баштап, сыйыртмакты акырындап кысып келе жатышат.

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус аскерлери Мариуполду марттын башында курчап баштап, сыйыртмакты акырындап кысып келе жатышат.

Мариуполь - Украинанын түштүгүндөгү порт шаар. Ага алты жумадан бери чабуул салынып, шаардын таш-талканы чыгарылып, эми толугу менен Орусиянын колуна өтө турганын көрсөткөн белгилер күндөн күнгө көбөйүп жатат.

Украинанын куралдуу күчтөрү коргонуусун улантып жатканын жана ошол жердеги аскерлери менен “туруктуу байланышта” экенин расмий билдирип жатышат. Бирок, ошол эле учурда, украин бийлиги орустар шаарды толук көзөмөлгө алууга аракет кыларын моюндап жатат. Ал эми Орусия тараптан колдоо тапкан жергиликтүү жикчилдердин жолбашчысы Мариуполь душманга багынып берерине аз калганын билдирүүдө.

Мариуполдогу украин жоокерлери аларда ок-дары түгөнөйүн деп калганын айтышып, алар жээкте экиге бөлгөн курчоого алынганын болжошууда.

Бул шаардын тагдыры согуштун кийинки баскычы үчүн чечүүчү мааниге ээ болчудай. Орустар үчүн бул шаарды колго алуу түштүктөгү жана чыгыштагы эки фронтту бириктире турган кеңири тилкени көзөмөлгө алуу мүмүкүнчүлүгүн берет. Согуш майданындагы кырдаалдын мындай нукка өзгөрүшү чоң сандагы орус күчтөрүнүн орун алмаштыруусуна жол ачып, президент Владимир Путинге кол салуунун башаламан, көптөгөн өлүмдөр менен коштолгон биринчи баскычынан кийин стратегиялык “жеңиш” көз ирмемин тартуулай алмак.

Мариуполду - бул “согуштун жүрөгү” - деп атаган украин бийлиги үчүн аны душманга алдырып жиберүү, күтүлүп жатса дагы, өтө чоң жоготуу болуп калат.

Мариуполь портунун көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин аскерлери портко жана “Азовсталь” металлургиялык комбинатынын аймагына чегинүүгө аргасыз болгону божомолдонуп жатат

Орус армиясы Мариуполду марттын башында курчап баштаган. Курчап басып кирүү миңдеген жай тургунду жок кылганы, камалып калгандардын кашык каны калгыча жан үрөп кармашышына себеп болду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Миңдеген жай тургундар түндүккө карай качып, фронт сызыгы аркылуу өтөбүз деп, өз жанын тобокелге салып жатышты. Бул жерде, Запорожье шаарында, мен күн сайын миңдеген жай тургундар согуштан качып келип жатканын көрдүм. Алар жашаган шаары кантип талкаланып жатканын өз көзү менен көргөнүн айтып берип жатышты.

Согушту изилдөө институнун (ISW) аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, орус аскерлери соңку бир нече күндө алга жылып, шаарда калган украин коргоочуларынын позицияларын жырып, экиге бөлүп салганы божомолдонуп жатат.

Украин аскерлери портто жана “Азовсталь” металлургиялык комбинатынын аймагына чегинүүгө аргасыз болушканы, ал жактардан бир нече жумадан бери контр-атакаларга чыгып жатышатканы айтылууда.

Украин деңиз жөө аскерлеринин 36-бригадасынын жоокерлери деп болжонгон кишилер өз позицияларын таштап, душманга багынып бербеске ант берип жатканын көрсөткөн видеолор пайда болду.

Шейшемби күнү социалдык тармактарда тараган видеодо, украин жоокерлери: “Биз шаардын бир нукум жерин алдырып жибербегенге аракет кылып, душманга туруштук берип жатабыз”, - деп айтышат.

“Бирок, чыныгы абал өтө курч, шаар курчалып, туш-тарабынын баары тосулган, ок-дары, азык-түлүгүбүз түгөнгөнү калды”, - деп кошумчалады украин жооери. Бул жоокер дагы бир нече деңиз жөө аскери менен жер төлөгө окшогон баш калканын ичинде жайгашканын видеодон көрсө болот. Видеодо бир жоокердин отургучка жөлөнгөн балдагы дагы бар.

Бригаданын Фейсбуктага баракчасында дүйшөмбү күнү жарыяланган акыркы билдирүүсү, түзүлгөн кырдаалды мындайча сүрөттөйт: “Бул акыркы салгылаш… Кээ бирибиз өлөбүз, калгандары туткунга түшөт”. Украин жоокер орус аскерлери аларды “курчаганын” жана “артка сүрүп чыгарганын” кошумчалады.

Украин талдоочулар бул жарыянын фейк эместиги боюнча кайчы пикирде болуп калышты, ошол эле учурда, айрым эксперттер бул баракчаны бузуп киришкен деген пикир айтып жатышты. 36 саат өткөндөн кийин деле, бул пост дагы деле интернетте жалпыга жеткиликтүү турат.

Бул Мариуполду курчоо, мунун артынан ал жакта байланыштын үзүлүшү ал жактан түшүп жаткан жоготуулар тууралуу билдирүүлөрдү көз карандысыз тастыктоо абдан татаал болорун түшүндүрөт.

Украин күчтөрүнө курал-жарак, ок-дары, азык-түлүк жана сууга абдан зарыгып турганына эч кимдин шеги жок.

Азовмаш картасы
Мариуполдо согушка чейин 400 миңден ашуун киши жашаган. Бир нече аптада орус армиясынын оор артиллериясынын аткылоосунан кийин дээрлик түп-тамырына чейин кыйрап жок болду.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариуполдо согушка чейин 400 миңден ашуун киши жашаган. Бир нече аптада орус армиясынын оор артиллериясынын аткылоосунан кийин дээрлик түп-тамырына чейин кыйрап жок болду.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүлөрүнө ылайык, бир нече апта ичинде украин аскерлери ок-дары камын, анын ичинде түнкү жана жылуулукту көрүүчү көз айнектерди, аккумуляторлор үчүн портативдик дүрмөттөгүчтөрдү, ал түгүл танкаларга каршы ок-дарыларды толтуруп алышты; бирок кырдаал уламдан-улам татаалдап баратат.

“Акыры барып, шаарга чабуул салынып баштары менен ал өтө тез курчоого алынып калды, ошондуктан коргонуучуларда зарыл камдарды толтуруп алууга мүмкүнчүлүгү да болгон жок”, - дейт Коргоо изилдөөлөрү боюнча Королдук бириккен илимий институтунун (RUSI) улук илимий кызматкери Жастин Бронк.

“Алар алдын ала берилген тышкы аналитикалык божомолдордон алда канча узак, өтө көп убакыт туруштук беришти. Ошондуктан, алар дагы канча туруштук бере аларын айтуу кыйын. Украиндер өтө аз чыгым менен абдан чоң, алгылыктуу жыйынтыктарды көрсөтө алышты”, - деп кошумчалады Бронк.

Украиндер үчүн жоокерлерди алмаштыруу же жаралангандарды алып чыгып кетүү аракеттери өтө чоң тобокел болуп калды, анткени Орусия кысымды ого бетер күчөттү.

Орусиянын коргоо министрлиги, эки апта мурун украин күчтөрүнө таандык Ми-8 тик учагын Азов деңизинин жээгинен 5 км алыстыкта атып түшүргөнүн билдирген. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул тик учак Мариуполдон учуп келе жаткан.

Шейшембиде ал 100гө чукул украин аскери болот куюучу заводдун аймагынан жарып чыгуу аракетин көргөнүн, бирок алардын жарымы орус артиллериясы жана авиациясынын соккуларынан жеринде жок кылынганын, 40ка жакын киши колго түшүп бергенин дагы билдирген.

Шейшембиде президент Зеленский украин элине видео-кайрылуу жолдоп, анда мындай деди: “Украинанын келечеги биздин кантип каршылык көрсөткөнүбүздөн түздөн-түз көз каранды. Баарыбыздын, ар бир шаарыбыздын, ар бир айылыбыздын келечеги биздин туруштук бергенибизден көз каранды. Мен муну түшүнгөн ар бир кишиге ыраазычылыгымды билдирем. Мунун аягы качан бүтөрү абдан бүдөмүк болуп жатса дагы, каршылык көрсөтүүнү токтотпогон ар бир кишиге рахмат айтам. Эң караңгы убакыт дайым жаркырап чыга турган таң алдында болот.

Азыр абдан оор акыбалда калган биздин баатырларга өзүнчө көңүл бургум келет. Алар - Мариуполду коргоп жаткан, деңиз жөө аскерлеринин батальонунун 36-бригадасы, “Азов” атайын багыттагы күжүрмөн тобу, Украинанын улуттук гвардиясынын ыкчам багыттагы 12-бригадасы, чек ара кызматынын бөлүктөрү, күзөт кызматы, “Оң сектор” ыктыярчылары, 555-аскердик госпиталь, Улуттук полициянын кызматкерлери”.

Деңиз жөө аскерлерден тышкары, Мариуполду “Азов” батальону да коргоп жатат. “Азов” батальону — 2014-жылы ультра-улутчулдардан түзүлгөн кошуун. Киевдин айтымында, бул батальон реформаланып, эми Украинанын улуттук гвардиясынын курамына киргизилген.

Бул батальон украин куралдуу күчтөрүнүн алакандай эле бир бөлүгүн түзөт, бирок алардын болушу, Москванын пропагандасы үчүн эң негизги аргумент болуп берген: Орусиянын бийлиги Украинага кол салууну “атайын аскердик операция” деп атап, анын максаты Украинада “демилитаризация” жана “денацификация” жүргүзүүгө багытталганын билдирип келет.

Жергиликтүү украин күчтөрүнүн бул аптада Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгону жөнүндөгү билдирүүлөрү азырынча ырастала элек. Мындай билдирүүлөр учурдагы кагылышуу ортого тез эле чагым салып, кырдаалды мындан ары огош бетер курчутуп, кооптуу абалга келтириши мүмкүн экенин эскертип турат.

Шаар толугу менен орустардын колуна өтсө, буга чейин Мариуполдогу украин аскерлеринин кыймылын токтотуу жана камдарын толтурууга жол бербөө үчүн колдонулуп жаткан орус аскерлеринин чоң бөлүгү кайрадан уюштурулуп, согуш майданынын башка жактарына, өзгөчө Москва чоң чабуул салууга даярданып жаткан Донбасстын чыгыш райондоруна которулушу мүмкүн.

Бронктун айтымында, бул Москванын Мариуполдун түндүгүндө жетишкендиктерин бекемдешин улантышы мүмкүн жана бул украиндер үчүн шаарды бошотуп алуу абдан татаал болуп жатканынын бирден бир себеби.

Орусия бошоп калган күчтөрүн, басып алган Херсондогу аскерлерине колдоо көрсөтүү үчүн жибериши мүмкүн, анткени ал жерде украиндер өз позицияларын кайтарып алууда ийгиликтерди жаратып жатышат.

Президент Зеленский, Мариуполь - "согуштун жүрөгү" метафорасын улантып: “Эгер ал сокпой калса, биз мындан да алсырап калабыз…”, - деди ал. (KGNE)

кызыл сызык

Мариуполдо кырдаал кандай өөрчүүдө?

Макала чыккандан кийин, бүгүн 15-апрелде орус аскери Мариуполду алганы тууралуу маалыматтар улам тарап жатат. Бирок мындай маалымат али тастыктала элек.

36-деңиз жөө аскеринин өзүнчө бригадасынын командири Сергей Волына, Мариуполдогу кырдаал “критикалык” деңгээлге жеткенин, шаардын коргоочуларын “шашылыш аскердик операция же саясий чечим” куткарып калышы мүмкүн экенин “Украинская правда” басылмасына билдирди.

Ал Мариуполду бошотуу мүмкүн, бирок мындай операцияны “эң кыска мөөнөттө тажрыйбалуу командирлер жана керектүү каражаттар менен өткөрүү зарыл”, - деп эсептейт. Ошондой эле Волына деңиз жөө аскерлери өз ыктыяры менен багынып бербесин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул аптада Мариуполдо 1026 украиналык деңиз жөө аскерлери туткунга түшкөнүн кабарлаган. Президенттик офистин жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович, айрым жоокерлер “Азовдун” позицияларына өтүүнү көздөп туткунга түшкөнүн тастыктаган, бирок ал алардын саны айтылгандан алда канча аз болгонун белгилеген.

14-апрелде “Азов” полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь Мариуполду бошотуу мүмкүн экенин, бирок жоокерлер өлкөнүн саясий-аскердик жетекчилигинен чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканын айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү эртең менен орусиялык аскерлер жикчил күчтөр менен Ильич металлургиялык комбинатын толугу менен ээлеп алганын билдирген.

Жума күнү эртең менен Мариуполдун шаардык кеңеши орус аскерлери турак жайлардын короолорунда көмүлгөн мариуполдуктардын сөөктөрүн казып алып жатышканын кабарлаган. Шаардык кеңеш калаада калган тургундарга таянып, жоокерлер маркумдарды көмүүгө тыюу салганын билдирген.

“Ар бир короодо мариуполдуктарга туугандарын же тааныштарын жерге берүүгө тоскоол жараткан кароолчуну коюшту. Эксгумация эмне себептен жасалып жатканы жана сөөктөр кайсы тарапка жөнөтүлөөрү белгисиз”, - деп билдиришкен шаардык кеңеште. Буга чейин украин бийлиги орус жоокерлери аскердик кылмыштардын изин жашыруу үчүн Мариуполго 13 мобилдик крематорийлерди алып келгенин маалымдашкан.

Согуш шартында, Би-би-си тараптардын расмий билдирүүлөрүн ыкчам тактай албайт.