Кытайдын өтмүшү Си Цзинпиндин көз карашына кандай таасир этти?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тайван менен чыңалган мамиле дүйнөнүн көңүлүн Кытайга бурду. Көпчүлүк президент Си Цзинпин Кытайды дүйнөнүн кайсы жеринде көрүп жатканына кызыгууда. Балким, өткөн мезгилдин кандайдыр бир жандырмактары бардыр деп жазат Оксфорд университетинин профессору, тарыхчы Рана Миттер.
Кытай азыр дүйнөлүк держава. Ондогон жылдар мурун мындайды элестетүү дээрлик мүмкүн эмес болчу.
Өлкөнүн кубаты кээде дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен кызматташуу аркылуу билинет. Мисалы, Париж климаттык келишимине кол коюу сыяктуу.
Же болбосо кээде ал “Бир алкак - бир жол” долбоору өңдүү дүйнөдөгү өлкөлөр менен атаандаштыкты туюнтат. Аталган долбоордун алкагында 60тан ашуун мамлекетте курулуштар ишке ашырылып, Батыштын карызынан кол жууп калган дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүнө инвестиция тартылган.
Бирок Кытайдын дүйнөлүк риторикасынын көбүндө каршылык көрсөткөн тон да байкалат.
Бээжин жаңы АУКУС (Австралия-Британия-АКШ) аттуу деңиз астындагы пакт аркылуу АКШ Кытайды “кармап турууга” аракет кылып жатат деп айыптоодо. Ал эми Британияны гонк конгдуктарга жашоого уруксат берген аракетинин “кесепети” болорун айтып эскертип жатат. Гонк Конгдун тургундары катаал Улуттук коопсуздук мыйзамынан улам жерин таштап кетүүдө. Ошондой эле, Тайван аралы Кытай менен биригүүгө даярданышы керек деп билдирген.
Өлкө президенти Си Цзинпин Кытайдын дүйнөдөгү ордун Мао Цзедундан бери өзүнөн мурдагы башчыларга салыштырмалуу кыйла сактап калды.
Бирок анын риторикасындагы айрым элементтер мурдатан бери келаткан булактарга таянат. Алар байыркы дагы, жакынкы дагы тарыхты камтыйт.
Төмөндө ошол кайталанган темалардын беши.
Конфуцийдин жолу
2000 жылдан ашуун убакыттан бери Конфуцийдин көз карашы Кытай коомун калыптандырды. Философ (б.з.ч. 551-479) иерархия менен айкалышкан этикалык системаны курган. Анда адамдар коомдогу өз ордун билип, жакшы ниет жана күтүү менен өздөрүнөн жогору тургандар кол алдындагыларга кам көрөт деген ой камтылат.
Бул көз караш системасы убакыттын өтүшү менен бир топ эле адаптацияланып, Кытайдын династияларын 1911-жылга чейин бекем сактап келген. Ал жылы акыркы императорду тактыдан кулаткан радикалдар, анын ичинде жаңы Коммунисттик партия, Конфуцийге жана анын мурасына каршы кыжырданганын билдирген эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коммунисттердин бири Мао Цзедун бийликте турган кезде (1949-1976) Кытайдын салттуу философиясына терең каршы болуп турду. Бирок, 1980-жылдарга барып Конфуций Кытай коомуна кайтып келген. Азыркы Кытайды ал өз сабактары менен окута алган жаркын инсан катары Коммунисттик партия тарабынан мактоого татыган.
Бүгүн Кытай “социалисттик баалуулук” катары “гармонияга” (hexie) көп маани берет. Бирок ал аябай конфуцийчиликке толо. Ал эми Кытайдын эл аралык мамилесиндеги эң кызуу тема - конфуцийчиликтеги “ак ниеттик” (ren) түшүнүгү Бээжиндин сырткы дүйнө менен мамилесин кандайча калыптандырары.
Цинхуа университетинин профессору Ян Суэтундун Кытай жөнүндө төмөнкүчө жазганы бар: Кытай өзү эсептегендей АКШнын азыраак ак ниет ролуна караганда “үстөмдүк кылуучу” эмес, “ак ниет башкарууга” аракет кылышы керек.
Ал тургай Си Цзинпиндин “жалпы тагдырга ээ болгон дүйнөлүк коомчулук” жөнүндөгү ою салттуу философиялык аралашма болсо да, Си Конфуцийдин туулган жери Цюйфуга зыярат менен барып, анын сөздөрүн эл алдында шилтеме келтирген болчу.
Кылымга созулган кордоо
19 жана 20-кылымдардагы тарыхый карама-каршылык Кытайдын дүйнөгө болгон көз карашын азыркы күнгө чейин тереңинен калыптандырып келет.
19-кылымдын ортолорундагы Апийим согушунда батыштык соодагерлер Кытайдын дарбазаларын ачуу үчүн күч колдонушкан. 1840-жылдардан 1940-жылдарга чейинки көпчүлүк учур “кылымга созулган кордоо” катары эскерилип калган. Бул доор Европанын жана Жапониянын кол салуусуна каршы Кытайдын алсыздыгын көрсөткөн.
Ошол кезде Кытай Гонк Конгду Британияга, түндүк-чыгыштагы Манчжурияны Жапонияга жана көптөгөн укуктук-соода артыкчылыктарын Батыштагы мамлекеттерге өткөрүп берүүгө мажбур болгон. Согуштан кийинки доордо СССР Кытайдын чек арасында, анын ичинде Манчжурия менен Шинжаңда, таасирин күчөтүүгө аракет кылган.
Ушул тажрыйба сырткы дүйнөнүн ниетине карата терең шектенүүнү калыптандырып койгон. Ал тургай Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмуна 2011-жылы кирген сыртты көздөгөн кадамы “калыс эмес келишимдерди” эске салган маданий эс тутум менен бекемделген. Мурда Кытайдын соодасы чет элдиктер тарабынан көзөмөлдөнүп калган болчу. Ошондуктан азыркы Коммунисттик партия андай абалдын жаралышына экинчи ирет жол бербей турганын убадалаган.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Аляска штатынын Анкориж жергесиндеги Кытай менен АКШнын коомчулукка ачык сүйлөшүүсүндө Кытай АКШнын сынына каршы болуп, америкалыктарды “теңине албоого жана эки жүздүүлүккө” айыптап чыкты. Си Цзинпиндин Кытайы башкалардын жогорудан кароосуна жана жазаланбай калуусуна жол бербейт.
Унутулган шерик
Бирок, жагымсыз окуялардан дагы жагымдуу кабарлар чыгышы ыктымал.
Ушундай кабарлардын бири Экинчи дүйнөлүк согушта болгон. Анда 1937-жылы Жапония Кытайга кол салып, Кытай Жапонияга каршы негизинен өзү жалгыз салгылашкан эле. Кийин гана 1941-жылы Батыштагы шериктер Перл Харбордо Азия согушуна кошулган болчу.
Ошол жылдары Кытай 10 миллиондон ашуун адамын жоготуп, Кытайдын жериндеги жарым миллиондон ашуун жапон аскерлерин кармап турган. Мындай эрдик тарых китептеринде, кинолордо жана телекөрсөтүүлөрдө кеңири белгиленип келет.
Бүгүнкү күндө Кытай өзүн АКШ, Британия жана СССРдин катарында согушкан “анти фашисттик алянстын” бир бөлүгү катары көрүп, Ок күчтөрүнө (Германия, Жапония, Италия) каршы жеңиштеги өзүнүн ролу жөнүндө эскертип турган моралдык жүктү артынууда.
Ошондой эле, Кытай Мао доорундагы Үчүнчү дүйнөнүн лидери катары өзүнүн тарыхый ролун пайдаланып, бүгүнкү күндө Батышка кирбеген дүйнөдө лидер катары өзүнүн позициясын бекемдеп жатат. Мисалы, 1955-жылкы Бандуң конференциясы, 1970-жылдарда Чыгыш Африкадагы Танзам темир жолун куруу өңдүү долбоорлорду айтууга болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Заманбап тарых Кытайдын Коммунисттик партиясы өз мурасын кабылдоодо эң негизги мааниге ээ. Бирок ошол тарыхтын элементтери, айрыкча 1958-62-жылдардагы “Чоң секирик” аттуу кыйратуучу экономикалык саясаттын натыйжасында келип чыккан коркунучтуу ачарчылык, бүгүнкү күндө Кытайда дээрлик эскерилбей калды.
Заманбап согуштардын айрымдары каршылык көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн. АКШ менен Кытайдын былтыркы кыйшык мамилелеринин шарданында 1950-3-жылдардагы Корей согушун эскерген жаңы кинолор пайда болду. Ал жаңжалды кытайлар “Америкага каршы туруу согушу” деген башкача аталышта эскеришет.
Маркс
Марксизм-Ленинизмдин тарыхый траекториясы дагы Кытайдын саясий ой жүгүртүүсүнө терең сиңип калган жана Си Цзинпиндин тушунда активдүү түрдө жанданып жатат.
20-кылымда Мао Цзэдун жана башка негизги коммунисттик саясий лидерлер Марксизм боюнча теориялык талкууларга катышып, эбегейсиз натыйжаларга жол ачкан.
Мисалы, “класстык согуш” түшүнүгү Маонун бийлигинин эң алгачкы жылдарында жерге ээлик кылган миллиондогон адамдардын өлүмүнө алып барган. Коомду аныктоодо “класс” түшүнүгү колдонуудан чыккан болсо да Кытайдын саясий тили бүгүнкү күндө дале “күрөш”, “душмандык” идеялары менен калыптанган жана “капитализмге” каршы “социализм” түшүнүктөрү кирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Партиянын “Цюши” аттуу теоретикалык органы сыяктуу ири журналдар маал-маалы менен Кытай коомундагы “карама-каршылыктарды” талкуулап турушат жана макрсисттик теорияны кеңири пайдаланышат.
Синин Кытайы АКШ-Кытай атаандаштыгын күрөш катары марксисттик антагонизм жагынан түшүнүүгө болот деп белгилейт.
Ошол эле нерсе коомдогу экономикалык күчтөр жана алардын өз ара алакасы үчүн да өтүмдүү. Экономиканы өстүрүү жана аны экологияга ылайыктап сактоо карама-каршылык катары чечмеленет. Классикалык Марксизмде макулдашылган чекке же синтезге жетесиң, бирок ага жеткенге чейин жаман жана узакка созулган “антагонизмдерден” өтүшүң керек болот.
Тайван
Бээжин Тайван аралынын кебелбес тагдырына басым жасап, аны Кытай менен бириктирүүнү көздөйт.
Бирок Тайвандын өткөн кылымдагы тарыхы көрсөткөндөй, анын макамы Кытай саясатында бир күчөп, бир солгундап турат. 1895-жылы, Жапония менен болгон катуу согушта Кытай Тайванды берүүгө мажбур болуп, ал кийинки 50 жылда Жапониянын колониясына айланган.
Арал 1945-жылдан 1949-жылга чейин аз убакытка Улутчулдар тарабынан Кытайдын негизги бөлүгү менен бириктирилген. Маонун тушунда Кытай аралды өзүнө кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген.
Америкада Трумандын администрациясы Маого аралды алууга уруксат бериши мүмкүн болчу. Кытай Эл Республикасы түндүк кореялыктарга кошулуп алып 1950-жылы Түштүк Кореяга кол салып, Корей согушу чыгып кеткен жана Тайван Кансыз согушта башкы шериктешке айланган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мао 1958-жылы Тайвандын жээгине кол салып, бирок андан кийин 20 жылдай бул аймакка көңүл бурган эмес. АКШ менен Кытай 1979-жылы мамилесин кайра кургандан кийин Бир Кытай боюнча бардык тараптардын макулдашуусу оңой болгон эмес.
40 жылдан кийин Си Цзинпин биригүү тез арада ишке ашышы керек деп көшөрүүдө. Гонк Конгдун агрессивдүү риторикасы менен тагдыры Тайван коомун, эми либерал-демократиялык жердин жарандарын Кытайдын негизги бөлүгү менен жакын мамилеге каршы болууга түрттү. (EA)
Профессор Рана Миттер Оксфорд университетинде сабак берет. Ал азыркы Кытайдын тарыхы жана саясаты боюнча адис. Анын соңку эмгеги “Кытайдын жакшы согушу: Экинчи дүйнөлүк согуш жаңы национализмди кандайча калыптандырды?” деп аталат.








