Быйыл акыл-эстүүрөөк болуунун үч жолу

Профессор Стивен Пинкер, Гарвард университети

Жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Көпчүлүк адамдар Жаңы жылды жашоосун жаңы барактан баштоо үчүн колдонушат. Бул убакытты акыл-эстүүрөөк болуп, кызыкчылыгына төп келген аракеттер үчүн жумшоого бел байлашат. Бирок мунун баарын ишке ашыруу туюлгандан да кыйыныраак экенин баарыбыз моюнга алышыбыз керек.

Төмөндө менин “Пинкер менен бирге ойлон” аттуу берүүмдөн алынган акыл-эссиздиктин тузагына түшпөөнүн үч мисалы.

Стивен Пинкер Гарвард университетинде психология профессору, “Акыл-эс: ал эмне, ал эмне себептен жетишсиздей туюлат жана ал эмне үчүн маанилүү” аттуу эмгектин автору жана Би-Би-Сиде “Пинкер менен бирге ойлон” аттуу берүүнүн алып баруучусу.

1. Келечектеги сен

Адамдар качан эмнени “ойлоп жатканы” менен эмнени “сезип жатканын” салыштырганда көбүнесе оюнда тез арада жана узак убакыттан кийинки жыргалчылыктын айырмасы эске келет. Мисалы, азыр майрамдап, эртең арык келбетке ээ болуу; бүгүн бекерчилик менен убара болуп, ижара төлөгөнү келгенде жетиштүү каражат; кумардуу түн жана тогуз айдан кийин жашоодогу факттар.

Убакыт аралыгын мындай салыштыруу өзүңдүн ичиңдеги күрөш сыяктуу. Ичибизде бир сезим телесериалдарды көрүүнү жактырса, дагы бири сынактарда жакшы баа алгысы келет.

“Келечектеги өзүбүз үчүн азыркы өзүбүздү курмандыкка чалышыбыз керекпи?” деген суроо жаралат.

Жооп: сөзсүз эле эмес. Экономисттер айткандай, “келечектин баасын азайтуу” — белгилүү бир деңгээлде акылга сыйган аракет. Мына ошондуктан нак акчаны азыр албай кийинчерээк алыш үчүн банктардын пайыз менен компенсация кылышын каалайбыз. Акыры, балким, биз аркы дүйнөгө кете беребиз. Анан кылган курмандыгыбыз эч нерсеге жарабай калышы ыктымал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Пенсиялык фонд жоюлуп кеткендей болуп балким убадаланган төлөм эч качан берилбей калышы мүмкүн. Ал эми жаштыкты сен бир жолу гана баштан өткөрөсүң. Кымбат баалуу үн системасы үчүн он жылдап акча чогултуунун эч кандай деле мааниси жок, айырмасын тыңдай албай калган куракка жеткенде.

Ошондуктан биздин көйгөй келечектин баасын азайтканыбызда эмес, аны өтө чукул азайтып салганыбызда. Бир нече жылдан кийин өлүп кала тургансып жейбиз, ичебиз, көңүл ачабыз. Эртеңибизди ойлобой эле келечектин баасын түшүрүп салабыз. Бир күнү акча керек болуп каларын жана ал үчүн акча чогулта башташыбыз керек экенин билебиз, бирок азыр колубузда болгон акча чөнтөгүбүздү тешип чыга берет.

Азыр азыраак байге алгысы келген өзүбүз менен келечекте көбүрөөк байгеге ээ болгусу келген өзүбүздүн күрөшү адам табиятына ширелген. Бул искусство менен мифтерде чагылдырылган. Ыйык китептерде Обо эненин алманы жеп, Адам ата менен бейиштен куулуп чыгышы жана жай ичи иштеп кышка даярданган кумурска менен көңүл ачып жашаган ийнеликтин окуясын эске сала кетсе болот.

Бирок мифтер өзүңдү көзөмөлдөө үчүн дагы жакшы стратегия катары кызмат кылып келет. Башкача айтканда, азыркы “мен” келечектеги “менди” алдап, мүмкүнчүлүктөрдү чектеп коюшу ыктымал.

Шоколадды тоё жегенибизде аны ыргытып жиберишибиз мүмкүн, кийин курсагыбыз ачканда жегенге эч нерсебиз калган эмес болот. Жумушка киргенибизде жумуш берүүчүлөргө айлыгыбыздын бир бөлүгүн пенсияга алып коюуга уруксат беребиз, айдын аягында ашыкча акы албайбыз.

Бул азгырыкка алдырбоо үчүн жылаңач эле эркибиздин күчүнө таянбай туруп, акыл-эсти колдонуунун жолдорунун бири.

2. “Мага алдагандай туюлууда”

Жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуялар ар кандай убактарда ишке ашып жатса да алар биздин аң сезимибизде кааласак да, каалабасак да кластерлерге бөлүнөт.

Ар кандай процесстер бирдиктүүдөй туюлган маалыматтарды пайда кылышы ыктымал. Чындыгында, керектүү учурларда мындай нерсе ишке ашары анык. Биз кокустуктан таасирленип калабыз. Анткени кокустук ишке ашышы үчүн канча жолу мүмкүнчүлүк болушу керек экенин унутуп калабыз.

Жашоо мына ушундай мүмкүнчүлүктөргө толо. Балким менин алдымда турган машиненин номуру менин телефон номурумдун тескери ирети менен окшош болушу мүмүкүн. Балким бир кыял же алдын ала сезген нерсе ишке ашып калышы ыктымал. Акыры миллиарддаган адамдардын оюнда алар (кыял, жоромол…) күн сайын калкып жүрөрү маалым.

Экстрасенс баары унутуп калган каталардын узун тизмесинен туура божомолду сууруп чыккан сыяктуу биздин да кокустукту апырта чечмелөөбүз чоң тобокелчиликке жол ачат. Бул “техастык снайпер катасы” деп аталат. Ал адегенде сарайдын дубалына ок аткылап, тешиктин айланасын кийин чиймелеп коёт да, көзгө атар мергендей болуп көрүнүп калат.

Кокустуктарды ашыкча чечмелөө каржылык базарларга белгисиз бир убакта эле мониторинг жүргүзүүдө кесиптик коркунуч туудурат. Ал эми азгырыкка туруштук берүү аң сезими жетик инвесторго мүмкүнчүлүк жаратат. Ошондой эле, бул адамдарга өз алдынча жашоого шарт түзөт. Бардык нерсе кандайдыр себептер менен болуп жатат деп ойлоо менен эч кандай болбогон себептер жашоодо багыт берүүсүнө жол бербөөгө жардам берет.

3. Туура болуу же туураны билүү

Талаш тартыш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Интеллектуалдык талаш-тартыштарга аралашып калганда, максатыбыз чындыкка жетүү болуусу кажет. Бирок адамдар — примат. Максаты көбүнесе альфа дебатчы болуу.

Адамдар аны сөзү жок эле да кыла алат: теңсинбеген турушу, аёосуз көз карашы, терең добушу, өкүмчүл үнү, тынымсыз сөз бөлүү жана башка үстөмдүк кылган аракеттер болушу мүмкүн.

Үстөмдүк кылуу аргументтин мазмунуна да камтылышы ыктымал. Каршылашты алсыз же келесоо көрсөтүү үчүн ыплас амалдар колдонулган учурлар кездешет. Мисалы:

  • “Адамга кол салуу” (ad hominem): аргументтин өзүн эмес, адамдын жеке сапатына асылуу
  • “Саман кишини” (straw man) буттан чалуу: берки адамдын аргументин бурмалап, ошол бурмаланган сөзгө чабуул коюу
  • “Айкалыштырып күнөөлөө”: аргументтеги кемчиликтерди ачыкка чыгаруунун ордуна ага тилектеш болгон кадыр-баркы күмөндүү болгон адамдарга көңүл буруу

Интеллектуалдык кармашуу, эч күмөнсүз, көрүүчүнүн бүйүрүн кызыткан спорттун түрүндөй болушу ыктымал. Адабий журналдардын окурмандары интеллектуалдык гладиаторлордун ортосундагы аёосуз кармаштардан ырахат алышат.

Бирок талаш-тартыштын максаты альфага тизе бүгүү эмес, биздин түшүнүгүбүздү ачыктап чечмелөө болсо, анда биз ошол жаман жүрүм-турумдарды көзөмөлдөөнүн жолдорун табууга милдеттүүбүз.

Биз баарыбыз интеллектуалдык талаш-тартыштын нраваларын өзгөртүү менен акыл-эстин өсүп-өнүгүшүнө көмөктөшө алабыз. Ошондо адамдар көз караштарын коргой турган ураан эмес, текшерип сынап көрө турган гипотеза катары кабыл ала башташат. (EA)