Нарында электр кубатын керектөө лимити 5 киловаттка жогорулатылды

Сүрөттүн булагы, энергетика министрлиги
Нарын облусунда жарыкка суроо-талап эң жогору болгон убакытка карата электр энергиясын керектөө лимити 5 кВт саатка чейин көбөйтүлдү. Энергетика министрлиги бул чечим бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган калктын кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынганын билдирди.
"Буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт·сааттан 264 312 кВт·саатка чейин жогорулатылды. Натыйжада аймакка электр энергиясын көбүрөөк жана туруктуу жеткирүү камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындан тышкары Нарын облусунда калкты көмүр менен камсыз кылуу иштери уланып жатканын кошумчалады. Антимонополиялык органдар көмүрдүн баасы негизсиз көтөрүлбөшү үчүн рейддерди өткөрүшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталган эмес.
Маалыматка караганда, учурда Нарын облусунда көмүрдүн баасы 5 500 сомдон ашпайт. Жалпы көмүр запасы 3 миң тоннадан жогору, анын 1,5 миң тоннасы "Кыргызкөмүр" ачык акционердик коомунун социалдык отун базаларында сакталууда.
Буга чейин социалдык тармактарда Нарын облусунда кыш оор, суук катуу болуп жатканы, электр энергиясына кирген чектөөнү алып салуу керектиги жөнүндө билдирүүлөр жарыяланып жаткан.
Кыргызстанда былтыр 1-ноябрдан бери электр кубатына чектөө кирген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кийин энергияны үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да жайылтылган.
Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коомдук тамактануу жайлары да кечки саат ондон кийин ишин токтотуп, электр кубатын үнөмдөшү керектигин айткан.
Буга улай жер-жерлерде коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайларында рейд жүрүп, Ош шаарында кечки ондон кийин иштеп жаткан кафе-ресторандардын электр энергиясы бир айга өчүрүлгөн.
Бул элдин нааразылыгын жараткан соң президент тынч иштеп жаткан коомдук тамактануу жайларынын ишине тоскоолдук жаратпоону эскерткен.
Электр кубатына киргизилген чектөөнүн фонунда бийлик өлкөдөгү майнинг фермалар да ишин токтотконун жарыялаган.
Бул тармактагы кризис азыркы бийлик менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышуусун жараткан. Энергетика системасындагы алешемдиктер үчүн тараптар бири-бирин айыпташкан.











