Терс ойлордон кантип арылабыз? Беш жөнөкөй кеңеш

Өткөн 2020-жыл өтө оор жыл болду. Covid-19 пандемиясы дүйнөнү мүшкүлгө салып, миллиондогон кишилер жакынын жоготту. Стресс, каржылык кыйынчылыктар, жумушсуз калуу жана изоляция кыйнады. Ооба, Жаңы жылдык майрамдар артта калды. Алдыда болсо узак жана белгисиз болгон кыш айлары жатат.
Кантип көңүл чөгөрбөй, санаага батпай бул айларды өткөрүүгө мүмкүн? Британдык алдыңкы эксперттер кишинин санаасындагы негатив менен күрөшүүнүн эң жөнөкөй жолдорун сунуштайт.
Кыймылда бол!

Кыштын күнү көчөгө чыгып алып дене көнүгүүлөрүн жасап, машыгууга көп кишинин эрки жетпейт. Бирок дарыгерлер бул маанайды көтөрүүнүн эң мыкты жолу экенин бир ооздон белгилейт. Лондон Королдук колледжинин окумуштуусу Брендон Стаббстын айтымында, биздин ойлорубуз менен денебиз бири-биринен ажырагыс.
Физикалык кыймыл кандан эндорфиндин бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Албетте, эндорфинди бактылуулук гормону деп айташат.
Стаббс тарабынан өткөрүлгөн изилдөө физикалык көнүгүүлөр мээ бөлүгүндөгү эмоцияга жооп берген электр активдүүлүгүн көбөйтөөрүн көрсөттү.
"Сергек жашоо образы психикалык саламаттыкты чыңдоого мээге стимул кылууга өтө зарыл нерсе. Эгерде физикалык аракет болбосо, анда бул активдүүлүк дагы төмөндөйт",-деп түшүндүрдү окумуштуу.
Баса, физикалык көнүгүүлөргө маани бербей жүрө бергенден тынчсыздануу, көңүл чөгүү жана депрессияга кабылууга жакын болобуз. Машыгуу мээнин иштешин дагы күчтөндүргөн себептердин бири.
Жагымсыз нерселер тууралуу азыраак ойлонуу зарыл

Оксфорд университетинин психология боюнча профессору Женнифер Уайлддын пикиринде, жашоодогу өтө керектүү жөндөм, сапаттардын бири - кайсыл бир көйгөйгө байлана бербөө. Мунун өзү кишини кейишке салган ойлордон арыла билүү, аны мээден чыгарып салуу дегенди түшүндүрөт.
Жагымсыз кырдаалдар дайыма бушайманга салып, аны унутуу оңой болбойт. Профессор Уайлддын буга бир нече кеңеши бар.
"Эгерде сиз үзгүлтүксүз 30 минута ичинде кандайдыр бир жагымсыз кырдаал тууралуу ойлонуп жатсаңыз, ошол айлампага түшүп калган болсоңуз, тез арада токтошуңуз керек",-дейт окумуштуу.
Сизге кандай оор болуп жатканын ойлоп алып, кейишке баткандан көрө конкреттүү чечим табууга киришиңиз. Өзүңүздү токтотуп, бул көйгөйдү чечүүдө колуңуздан эмне келерин таразалаңыз. Бул оңой нерсе эмес. Ошонтсе деле ойлорду башка нукка буруңуз. Ушундай жөндөмдү көнүктүрүүгө умтулуңуз.
Тынчсыздануу, коркуу жана толкундануу бул кадимки көрүнүш. Бирок ошол эле маалда көп нерселерге тынчсыздануунун кереги жок экенин аңдап билген туура болот. Иликтөөлөрдүн биринде ушундай абалга түшкөн бейтаптарды беймаза кылган көйгөйлөрдүн тизмесин түзүштү. Алардын ондон бири гана реалдуу маселелерге катуу тынчсызданган. Мунун көптөгөн түшүндүрмөлөрү бар, анын ичинде тынчсыздануу эволюциянын натыйжасы экенин белгилей кетсек болот. Ал алдыдагы олуттуу жаракатка же өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон коркунучтарды күтүп алуу же эскертүү үчүн бизди музыкалык аспап сыяктуу күүгө салат.
Ошентсе дагы окумуштуулар капаланып, ой чөмүлүп, катуу тынчсызданган көрө, ошол сизге катуу тийген маселенин чечүү жолдорун издөөнү сунуштайт.
Жаңы максаттар

"Алдыңызга жаңы максаттарды коюңуз. Бул сөзсүз жашоонун оор учурун жеңүүгө жардамын берет,-дейт нейробиолог Дин Барнетт. - Максаттар ар кандай болот. Маселен, чет тилди үйрөнүү же жаңы ашкана рецептин сынап көрүү. Эгерде сизди глобалдык долбоорлор чочулатса, кичине максаттан баштап көрүңүз".
Эгерде сиз акыл эстүүлүк менен жеке комфортуңуздан чыга алсаңыз, бул алдыга түрткөн күч болот. Мунун өзү кырдаал сизди эмес, сиз кырдаалды көзөмөлдөй аларыңызды көрсөтөт. Көптөгөн кишилер ушул аркылуу психологиялык саламаттыгын жакшыртат.
"Жаңы нерсе дайыма канааттануу алып келет,-дейт доктор Барнетт. - Биздин өзүбүздү баалообуз ар бир жаңы нерсени үйрөнгөндө же кылганда жогорулап турат. Жүрүм-турум, максатка жетүүгө умтулуу - биздин өнүгүүбүздүн негизги жолу эсептелет" .
Келгиле, сүйлөшөлү

Көптөгөн кишилер үчүн баарлашуунун жоктугу катуу травма болуп калган. Анын кесепетинен ден соолугунда олуттуу маселе жарлаган учурлар бар. Ошондуктан баарлашуудан качпаңыз.
"Табият бизди жалгыздык үчүн жараткан эмес,-дейт профессор Элизабет Кейперс. - Биз социалдык жандыкпыз. Ошондуктан баарлашканда өзүбүздү жакшы сезебиз".
Профессор Кейперстин эсебинде, коомдон обочолонуп калган кишилер өзүнө эле көңүл бура берет. Мунун өзү кырдаалды андан бетер оорлоштурушу мүмкүн.
Ыңгайлуу учурду күтпөгүлө

Оптимисттер узак жашайт. Алардын достору көп жана иммундук системасы мыкты. Кембриж университетинин окумуштуусу Оливия Реместин пикири ушундай.
Пессимисттер үчүн жакшы жаңылык - оптимизмди өрчүтө аласың, башкача айтканда, жашооңду жакшы жакка өзгөртө аласың деген ойду өзүңдө өнүктүрүү жана бардыгы сенин көзөмөлүңдө эмес экени. Кантип? "Жаман болсо азыр болсун, бирок кийин эмес" принциби менен жаша.
Башкача айтканда, убакытты же ыңгайлуу бир учурду күтүп олтура бербей, дароо умтулуп аракеттен.
"Көп учурда биздин ички туюмубуз эң керектүү башталыштарды токтотуп коет. Экиленбей туруп аракетке өтүү керек,-дейт Оливия Ремес. - Эмне ойлосоң ошону кылууга умтул. Башында баары жакшы болбошу мүмкүн. Бирок баары жаман эмес экенине көзүң жетет. Мунун өзү эч кандай аракет кылбаганга караганда дайыма жакшы".
Эксперттер күн сайын тагдырыңызга жана кишилерге ыраазы болгон үч нерсени жазып алууга кеңеш берет. Бул эмне туура жана жакшы болгонуна көңүлү бурууга жардам берет. Ошол эле маалда мээнин сол жарым шарындагы позитив үчүн жооп берген бөлүгүнө кошумча стимул берет.
"Эмоция жугуштуу. Ошондуктан кайгырып эле басып жүгөн, негативдүү маанайдагы кишилерден алыс болуңуз".
Жерри Флетчердин иллюстрациясы













