Өзүңдү урматтоо эмес, өзүңдү жубатуу ийгиликке жеткирет
Дэвид Робсон

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзүңдү жубатып, жакшы мамиле кылуу жөнүндө сөз болгондо өзүңдү башталгыч класста отургандай сезишиң мүмкүн. Чыдамдуу болгусу келсе, циниктер дагы өзүн аяшы керек.
Акыркы жолу ишиңер оңунан чыкпай калганын же чоң ката кетиргениңерди эстеп көрсөңөр. Азыркы күнгө чейин уяттан кызарып-татарып, келесоо же эгоист болгонуң үчүн өзүңдү жемелейсиңби? Же болбосо ал катаны пендечилик катары кабыл алып, өзүңө жан тартып, аярлуу мамиле кыласыңбы?
Көпчүлүк адамдар үчүн өзүн жактырбоо - табигый реакция. Чындыгында, биз амбицияларыбызды жана колдон келишинче мыкты жагыбызды көрсөтүүгө кылган аракеттерибизди чечкиндүүлүгүбүздүн белгиси катары карап, өзүбүзгө катуу мамиле кылганыбыз менен сыймыктанышыбыз ыктымал. Бирок изилдөөлөрдүн басымдуу бөлүгү көрсөткөндөй, өзүңдү-өзүң сындоонун кесепети көбүнчө жаман бүтөт. Бактысыздыгыбызды жана стресс деңгээлинин көбөйтүүдөн тышкары өзүн-өзү сындоо ыкшоолукту күчөтүп, биздин келечектеги максаттарыбызга жетүү мүмкүнчүлүгүбүздү кемитет.
Өзүбүздү жазалоонун ордуна биз өзүбүзгө аяр мамиле кылышыбыз керек: өзүбүздүн каталарыбызды көбүрөөк кечирип, көңүл чөккөн же уят болгон учурларда өзүбүзгө жакшы мамиле кылганды үйрөнүүгө умтулганыбыз кажет. “Жашоодо көпчүлүгүбүздүн сенден эч нерсе күтпөй туруп колдогон жакшы бир досубуз бар”, - дейт бул изилдөөнү баштаган Кристин Нефф. Ал Остиндеги Техас университетинде педагогикалык психология боюнча профессор. “Өзүңдү жубата билүү - бул сага жылуу мамиле кылган, колдогон досуң болууну үйрөнүү”.
Өзүңдү сыйлоого эмес, өзүңдү жубатууга таян
Неффтин изилдөөсүнө өзү баштан өткөргөн кризис түрткү берген. 90-жылдардын аяктарында ал жубайы менен ажырашып, оор күндөрдү баштан өткөргөн. “Ажырашуу аябай башаламан болуп, кабыл алган айрым чечимдеримен катуу уялгам”.
Стресс менен күрөшүүнүн жолдорун издеп жүрүп ал жергиликтүү буддисттердин борборундагы медитация сабактарына жазылган. Алардын аң-сезимди тынчтандыруу практикасы аны бир аз жеңилдеткен. "Бирок алардын негизги окутуусу жубатуу, айрыкча, жубатууну ар ким өзүнө багытташы керектигин жөнүндө - бул жан дүйнөнү чындап жайландырат. Өзгөрүү ошол замат болот", - дейт ал.
Бир караганда өзүңдү жубата билүү биз өзүбүздү канчалык бааларыбызды жана оң көз карашта экенибизди билдирген “өзүңдү өзүң сыйлоо” түшүнүгү менен бирдей туюлушу мүмкүн. Өзүн өзү сыйлоону өлчөгөн сурамжылоолор адамдардан “Мен өзүмдү татыктуу адаммын деп эсептейм, жок дегенде башкалардан кем эмесмин” деген сыяктуу көз караштарга баа берүүсүн сурашы мүмкүн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тилекке каршы, бул атаандаштык сезими менен коштолуп, нарциссизм менен аякташы жана акыры барып ийгиликтен алыстатышы мүмкүн. “Өзүн сыйлоо ийгиликтен жана адамдардын сени жакшы көрүшүнөн көз каранды. Ал өтө деле туруктуу эмес. Жакшы күндөрдө болуп, жаман күндөрдө болбой калышы ыктымал”, - дейт Нефф. Өзүн сыйлоо сезими жогору болгон көп адамдар алардын өзүнө ишенүүсүнө коркунуч жаралганда агрессияга жана кемсинтүүгө барышат.
Нефф өзүн жубатууну өнүктүрүү мына ушул тузактардан оолак болууга жардам берерин түшүнгөн. Натыйжада капаланган, уят болгон же уялган учурда сен өзүңдү колго ала аласың. Ошондуктан бул өзгөчөлүктү өлчөө үчүн ал психологиялык ченемдерди түзүп чыгууну чечкен. Анда катышуучулар бир нече көз караштарды 1ден (дээрлик эч качан) 5ке (дээрлик ар дайым) чейин шкала менен өлчөшү керек болгон. Мисалы, төмөнкүдөй:
- Мен эмоционалдык жактан кыйналып жатканда өзүмдү жакшы көрүүгө аракет кылам
- Мен өзүмдүн кемчиликтеримди пендечилик катары көрөм
- Кыйнаган нерсе болгондо, мен абалга тең салмактуу караганга аракет кылам
жана
- Кемчиликтерим менен жөндөмсүздүгүмдү жактырбайм жана сындайм
- Жөндөмсүздүгүмдү ойлогондо өзүмдү айланамдагылардан бөлүнүп калгандай сезем
- Көңүлүм чөгүп турганда ката болгон нерселердин баарын эстеп, такалып калам
Биринчи топтогу көз караштар менен канчалык көп макул болсоң жана экинчи топтогу ой-пикирлер менен азыраак макул болсоң, анда өзүңдү жубатуу сезимиң жогорураак дегенди билдирет.
Неффтин биринчи ишинде өзүн жубатуу менен адамдардын жалпы менталдык саламаттыгы жана жыргалчылыгынын ортосундагы байланыш изилденген. Жүздөгөн студенттердин арасында сурамжылоо жүргүзүп, ал бул сапат менен депрессия жана тынчсыздануунун ортосунда терс байланыш, ал эми жашоодогу жалпы эле канааттануунун ортосунда оң байланыш бар экенин аныктаган.
Сурамжылоонун маанилүүлүгү, бул изилдөөдө өзүн жубатуунун өлчөмдөрү өзүн сыйлоо өлчөмдөрүнөн айырмаланары ырасталганында болгон. Башкача айтканда, кимдир бирөө өзүн артыкчылыктуу сезиши мүмкүн, бирок, ошону менен бирге, ал ийгиликсиздик болуп калса, өзүн оңой менен кечирбейт.
Жакында эле болуп өткөн экспериментте Тобиас Кригер менен анын Берн университетиндеги кесиптештери онлайн курс иштеп чыгышты. Ал өзүн сындоо жана анын натыйжалары жөнүндө теориялык сабактарды камтыйт. Сегиз сессиядан кийин алар катышуучулардын өзүн жубатуусу боюнча баалары абдан өскөнүн, ал эми стресс, тынчсыздануу жана депрессия сезими азайганын аныкташкан. “Биз көптөгөн жыйынтыктарды өлчөдүк. Алардын баары күтүлгөн багытта кетти”, - дейт Кригер.
Ошондой эле, жазуу түрүндө дагы тапшырмалар болгон. Мисалы, жакшы көргөн достун көзү менен кат жазуу. Неффтин айтымында, бул маанилүү жылышты камсыздай алат. Көп адамдар үчүн өзүн сындоо адаты өзгөртсө болбой тургандай тамырлашып кеткен нерсе катары көрүнбөйт.
Нефф пандемия учурунда ушул ыкмаларга кызыгуу өскөнүнө күбө болгонун айтат. Көпчүлүгүбүз үчүн обочолонуу аракеттери, үйдөн иштөө жана биз жакшы көргөн адамдарга кам көрүү өзүбүздү сындоого жана өзүбүздөн күмөн саноого сонун аянтча болуп берди. Ал стресстерди жоготуп жибере албаганыбыз менен, биз жок дегенде өзүбүзгө карата көз карашыбызды өзгөртө алабыз. Бул бизге кыйынчылыктарга бетме-бет келип, туруштук берүүгө жардам берет.
Неффтин айтымында, эң эле негизгиси биз өзүн жубатуу менен өзүнө кам көрүүнү алсыздыктын белгиси катары көрүүнү токтотушубуз керек. “Жашоо кыйындашканда өзүңдү жубатуу керектигин көрсөткөн изилдөөлөр бүгүнкү күндө аябай көп. Бул сени күчтүүрөөк кылат”. (EA)
Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын BBC Worklife сайтынан окуңуз.








