Жаңы жыл майрамдарында кантип үй-бүлөлүк уруштардын алдын алса болот?

Дэвид Робсон, BBC Future

Жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, JAVIER HIRSCHFELD/GETTY IMAGES

Кристмас, Жаңы жыл, Рождество – сүйүү жана жылуулук тартуулоонун мезгили. Туугандар ушул кубанычтуу үй-бүлөлүк майрамды бирге тосуу үчүн чогулушат. Бирок кээде жакын адамдар чогулганда чыр-чатактар чыгып кетет. Би-Би-Си Future андай тобокелдиктерди өз убагында кантип байкап, майрамдан кантип ырахат алса болоорун айтып берет.

Бактылуу үй-бүлө – бейиштин босогосу деп илгертеден бери айтылып келет. Мындан бактысыз үй-бүлө – жер бетиндеги тозок деген жыйынтыкка келсек болот.

Адатта үй-бүлөлүк майрамдар катары эсептелген Жаңы жыл, Кристмас, Рождествонун алдында көбүбүз жагымсыз учурларга алдын ала даярданабыз: бирөөсү туура эмес тартылган устуканга нааразы болсо, башкасы ким кимди көбүрөөк сүйгөнү тууралуу айтылбай келе жаткан нааразычылыктарын айтып жарылып чыгат...

Керек болсо, саясий пикир келишпестиктер да келип чыгат! Дегеле, туугандар менен көпкө созулган баарлашуу биздин ичибиздеги эң жаман нерселерди алып чыгышы мүмкүн. Кээде ушундан көрө чогулбай эле койсок жакшы болмок деп дагы ойлоп кетесиң...

Сырттан караганда үй-бүлөлүк чыр-чатактар ​​"Мураскорлор" деген телесериалдагыдай күлкүлүү көрүнүшү мүмкүн, бирок чыныгы жашоодо мунун жагымдуу эч нерсеси жок.

Жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, JAVIER HIRSCHFELD

Батыш Англия университетинин психологу жана басылып чыкканы жаткан китептин автору Люси Блейк: “Бул бөлүнүүнүн эң кеңири тараган кесепети – жалгыздык жана күнөөлүүлүк сезимдери,” - дейт.

Жашоодо баарына бирдей иштеген дары жок. Бирок үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыраак түшүнүү жагымсыз учурлардын алдын алууга жана стресстен арылууга жардам берет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адамдар, адатта, үй-бүлөлүк майрамдар жана жакындары менен болгон көйгөйлөр тууралуу башкалар менен бөлүшүүнү жактырышпайт. Натыйжада, мындайга туш болгон адам өзүнүн абалын өзгөчө деп эсептейт жана мен бир жерден ката кетирдим деп ойлойт.

Люси Блейктин айтымында, буга социалдык желелердин дагы ​​кошумча салымы бар. Анда адамдар көбүнчө үй-бүлөлүк дасторкон үстүндө отурган жаркын сүрөттөрүн жайгаштырышат, бирок эч качан көзүнө жаш алган жүздөрдүн сүрөттөрүн жарыялашпайт. "Башка бирөөнүн бактысын көрүү, өзүңдүн жалгыздыгыңды көбүрөөк сездирет", - деп баса белгилейт психолог.

Ошол эле учурда, анонимдүү сурамжылоолордон алынган маалыматтар мамилеси бузулган үй-бүлөлөр биз ойлогондон да көп экенин көрсөтүп турат.

Ушундай изилдөөлөрдүн биринде орто жаштагы 633 америкалык эркек жана аял ата-энелери жана балдары менен болгон мамилесин сүрөттөп беришкен. Катышуучулардын үчтөн бири жакындары менен эмоционалдык байланыш сактап жүргөнүнө карабастан, алар менен аз катыша турганын айтышкан. Жакын адамдары менен дайыма байланышта болгондордун көпчүлүгү мамилени "чыңалган" же "бир кылка эмес" деп сыпаттаса, 28% гана толук гармония бар экенин айтышкан.

Ата-энелер менен бойго жеткен балдардын ортосундагы алыстоо проблемасына арналган дагы бир эмгек быйыл Германияда жарык көрдү. Бул көптөгөн үй-бүлөлөрдүн маалыматын жыйнаган жана узак убакыт жүргүзүлүлгөн изилдөө болгон. Ата-энелер менен балдар айына бир жолудан аз сүйлөшсө жана эмоционалдык жакындыкты сезишпесе, мамилелер “алыстап кеткен” деп эсептелген. Катышуучулардын 20% атасынан, 9% апасынан алыстап кеткенин айтышкан.

Мындай сезимдер дайыма эле чыр-чатактардын натыйжасында пайда боло бербейт. Көңүл оорутуу тийиш сөздөн деле болот. Бул окуялардын көбү бирине бири окшош.

Жалпы өтмүш

Мамилелер түрдүү себептерден улам чыңалуусу мүмкүн. Бирок үй-бүлөдөгү чыр-чатактар көбүнесе бирге баштан өткөзгөн окуяларды ар кандай чечмелөөдөн улам пайда болот.

Кандайдыр бир болбогон эле сын же пикир көптөн бери келе жаткан нааразычылыкты сыртка алып чыгат. Бейтааныш адамдар менен болгон курдаштык мамиледен айырмаланып, үй-бүлөдөгү эмоциялардын таасири абдан жогору. Киши бизге канчалык жакын болсо, биз андан ошончолук көптү күтөбүз жана ошончолук катуу таарынабыз.

"Сиздин берилгендигиңиз менен сүйүүңүз кор болгондой сезилет. Адам үчүн анын үй-бүлөдөгү статусу жана аны туура түшүнүп жатышат деген сезим абдан маанилүү", - дейт Британияда жашаган психолог жана бир нече китептин, анын ичинде "Катуу энелер" жана "Эже-сиңдилердин чаташкан мамилеси" деген китептердин автору Терри Аптер.

Мисалы, көптөгөн ата-энелер бойго жеткен балдарынын сырткы келбети, карьералык чечимдери жана жеке жашоосу жөнүндө пикирин ачык айтууну өздөрүнүн укугу деп эсептешет. Бирок акылга сыярлык, туура эле айтылган эскертүү дагы ал киши өспүрүм кезинде кабылган адилетсиз сынды эсине салып, анын татаал реакциясын жаратышы мүмкүн.

Жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, JAVIER HIRSCHFELD/GETTY IMAGES

Бир туугандар арасында бала кезден келе жаткан ата-энеси кимисине көбүрөөк көңүл бурат жана ким баалуу деген атаандаштык болот.

Агасынын орунсуз комментарийи, ал дагы эле баарын башкалардан жакшы билем деп эсептейт деген пикир калтырат. Карындашынын түшүп турган маанайы, ал дагы деле эркелик кылып, ушундай жол менен баарынын көңүлүн өзүнө бурдуруп жатат деген ой жаратышы мүмкүн.

Өз алдынча караганда, мындай нерселер көп деле көңүл оорутпачудай сезиле берет. Агаңыз сизге бир аз кыжырланткан сөз айтса дагы, түпкүрүндө ал жакшылык каалап жаткандыр. Балким карындашыңыздын маанайы ушул күнү чынында эле начар болуп жаткандыр. Бирок мындай нерселер кайталана бергенде бул эч качан бүтпөчү нерседей сезилет.

Терри Аптер: "Эгер кишинин бир нерсеге башынан эле нааразычылыгы болсо, анда баары кайталанып жаткандай сезим пайда боло берет. Учурунда кандай жооп бергениңизге кийин нааразы болсоңуз, моралдык ыңгайсыздык андан да күчөйт".

Маданияттардын кагылышы

"Кайын журт менен баарлашуу дагы кыйынчылыктарды алып келет", - деп кошумчалайт Аптер. Ар үй-бүлөнүн маданияты жана жүрүм-туруму ар кандай. Идишти ким жуушу керек же бири-бирине кантип кайрылуу керек – үй-бүлө мүчөлөрү үчүн белгилүү көнүмүш нерсе. Бир үй-бүлөдөгү достук азил-тамаша, экинчи үй-бүлөдө кемсинтүү катары кабыл алынуусу мүмкүн.

Башка үй-бүлөгө келүү кандайдыр бир деңгээлде эмиграцияга окшош: башка адамдардын жүрүм-турумун жана сезимдерин билдирүү ыкмаларын түшүнүү үчүн убакыт керек. "Котормодогу кыйынчылыктар" убакыттын өтүшү менен нааразычылыктардын топтолушуна алып келет.

Кайната-кайнене менен дээрлик сөзсүз болгон кагылышууларда жубайыңыз сизди жактабай койсо, көңүл өзгөчө ооруйт. Башка түшүнүктөрдө тарбияланган киши сиздики туура экенин сезбеши мүмкүн же үй-бүлөсүндө улууларга сөз кайтарып көнгөн эмес. Сиз өзүңүздү бөтөн жерде жалгыз калгандай сезесиз. "Мындай кырдаалда "чыккынчылык" деген орундуу сөз", - дейт Терри Аптер.

Психолог, нааразычылык көп учурда ачык айтылбай турганын баса белгилейт: "Оозуңарды жаап, өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк берилбегендей сезилет".

Жаңы жыл

Сүрөттүн булагы, JAVIER HIRSCHFELD/GETTY IMAGES

Практикалык кеңештер

“Жаңы жылга бир чогулганда үй-бүлөлүк чырды толук жок кылуу дээрлик мүмкүн эмес, бирок майрамды бузбай койсо болот”, - дейт Терри Аптер.

Биринчиден, алкоголдук ичимдиктерге көп берилбеш керек. "Адамдар көп ичимдик ичүү чыңалуудан арылтат деп ойлошот, бирок көбүнчө ал биздин сабырыбызды түгөтөт", - дейт психолог.

Экинчиден, ашыкча талаптарды койбош керек. Кантип баарын жетик өткөзүүнү алдын ала көп ойлоп, чыңалган бойдон отура берсеңиз, жыйынтык ого бетер жаман болот.

"Психологдор муну ичинен катуу толкундануу деп аташат, – деп түшүндүрөт Аптер. – Чыр чыгып кетпесин деген ашыкча сактык кайра баарын бузуп салышы мүмкүн. "Аябай жакшы майрам" уюштурам деген катуу аракетиңиз, тескерисинче баарын өтө жаман кылып коюшу мүмкүн".

Кээ бир чыңалуулардын алдын алуу мүмкүн эмес экенине даяр болуп, бирок ал бүтүндөй кечти бузбашы керек деп чечим алганыңыз оң. Аптер: "Кандай болсо да талашты болтурбай коюу жөнүндө эмес, талаш-тартыш болуп кетсе, аны кантип орундуу жөнгө салуу тууралуу ойлонгонуңуз жакшы", - дейт.

Үчүнчүдөн, нааразы болгондо же кыжырданганда, чыдап отура бербей, өзүңүздү аяп, башка бөлмөгө же сыртка чыгып эс алып келгениңиз оң.

Жаңы жылдык дасторконго өзүбүздү туура даярдоо быйыл өзгөчө маанилүү, анткени дүйнө жүзү боюнча көптөгөн үй-бүлөлөр пандемиядан улам узак тыныгуудан кийин биринчи жолу чогулушат.

"Былтыр Кристмасты тоспой калгандыктан, баары канчалык жаман болушу мүмкүн экенин унутуп, майрамга чоң үмүт артып алуу оңой", - деп сөзүн жыйынтыктады Аптер.

Анткени, дүйнөдө жеткилең Жаңы жыл, Кристмас, Рождество, Дивали же Ханукка болбогондой эле, идеалдуу үй-бүлө да жок. Бирок өзүбүздүн жана башкалардын кемчиликтерин жана кандай нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин түшүнүү, майрамдарды абдан жагымдуу кыла алат. (DO)