Күнүмдүк ырым-жырымдардын таң калыштуу күчү
Каран Жонсон

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө жүзүндө ырым-жырымдар ар кандай формада болот жана ар кайсы маданияттарда бар, бирок алар эмне үчүн жашообуздун маанилүү бөлүгүнө айланды?
Антрополог Бронислав Малиновски 20-кылымдын башында Папуа Жаңы Гвинеядагы Тробрианд аралдарына барганда балыкчылар деңизге чыгарда өтө кылдаттык менен даярдык көргөнүн байкаган. Алар кайыктарын кара, кызыл жана ак түстөр менен боёп, ошол убакта кандайдыр бир дубаларды окушчу. Кемени жыгач устундар менен сайып, алды жагы кызыл охра менен капталып, экипаж мүчөлөрү колдорун үлүлдүн кабыктары менен кооздоп алышчу.
Малиновски аралда жашагандар ачык деңизге жол тартканга чейин жасашы керек болгон салтанаттардын жана ырым-жырымдардын узун тизмесин түзгөн. Бирок балыкчылар алыс эмес жердеги тынч булуңдарга барганда мындай жөрөлгөлөрдү жасашкан эмес. Малиновски аралдын тургундары “сыйкырдуу” ырым-жырымдарды Тынч океандын күтүүсүз кубатына туруштук бериш үчүн жасайт деген тыянак чыгарган.
Кийинчерээк антропологдор дүйнөнүн башка бөлүгүндөгү балыкчылар дагы - балыкчылыктын арты менен келген белгисиздикке жана коркунучтарга каршы туруштук берүү үчүн - ырым-жырымдарга жана жөрөлгөлөргө жакын экенин байкашкан.
Бирок колдо болгон далилдер ырым-жырымдардын 20-кылымга чейин эле болгонун айгинелейт. Адамдардын жөрөлгөлөрүнүн эң байыркы мисалдарынын бири Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө жайгашкан үңкүрдө оюлган питон экени айтылат. Анын 70 миң жылдай тарыхы бар.
Бирок эмне үчүн ырым-жырымдар мынчалык узак убакыттан бери колдонулуп келет?

Сүрөттүн булагы, Chronicle/Alamy
Изилдөөчүлөр ырым-жырымдардын үч элементи бар дешет. Биринчиси, биринин артынан экинчиси кайталанган жүрүм-турумдарды камтыйт. Экинчиси, жүрүм-турумдар символикалык мааниге ээ. Үчүнчүсү, ырым-жырымдашкан жүрүм-турумдар сырттан караганда эч кандай пайдасы жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Канчалык таң калышчтуу болсо да, ырым-жырымдар күнүмдүк жашообузда колдонулуп келет. Биз өзүбүздүн баалуулуктарыбызга таянуу менен жөрөлгөлөрдү калыптандырып аларыбыз анык. Мисалы, христиан баалуулуктарын карманган адамдар балдарын руханий жактан кайрадан төрөлүшү үчүн чокундурушат.
Бирок ырым-жырымдар баалуулуктарыбызды кармануу менен эле чектелбейт, андан тереңирээк мааниге ээ. Алар бизди тынчтандырышы мүмкүн.
Жөрөлгөлөрдү жасоо келечектеги белгисиздик боюнча кандайдыр бир божомолдорду сунушташы ыктымал. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ырым-жырымдар мээбизди туруктуулукка жана божомолдоого болоруна ишендирет.
Бир көңүл ачуучу экспериментте изилдөөчүлөр катышуучуларга чоочун адамдардын алдында “Ишеничиңди жоготпо” (Don’t Stop Believing) аттуу рок чыгарманы ырдоо тапшырмасын берген. Катышуучулар эки топко бөлүнгөн. Биринчи топ алдын ала ырым-жырымдарды жасашы керек болгон. Экинчи топко болсо ырдоо тапшырмасы берилип, тынч отуруу айтылган.
Катышуучулардын жүрөк согуусу, тынчы кетиши жана чыгарманы аткарышы тынчсыздануунун деңгээлин аныктоо үчүн ченелген. “Жөрөлгөлөрдү жасаган катышуучулар жакшыраак ырдап, жүрөктөрү азыраак соккон жана ырым-жырым жасабаган катышуучуларга караганда азыраак тынчы кеткен”, - дейт Франческа Жино. Ал изилдөөнүн авторлорунун бири жана Гарвард бизнес мектебинин алдындагы сүйлөшүү, уюм жана базар бөлүмүнүн башчысы.
Спорттук психологдор дагы спортчулар мелдешке чыкканга чейин жасалган жөрөлгөлөрдүн пайдасы бар дешет. Мисалы, азыраак тынчы кетип, жакшыраак жыйынтыкка жетиши мүмкүн. Дүйнөлүк байгени 20 жолу багындырган теннисчи Рафаел Надалдын дээрлик ошончо (19) ырым-жырымы бар делет. Өзүнүн 2012-жылы чыккан “Рафа: Менин окуям” аттуу автобиографиясында Надал өзүнүн жөрөлгөлөрү “өзүн матчка алып кирүүнүн, тегеректи өзүнүн оюндагыдай тартипке келтирүүнүн жолу” экенин айтат.

Сүрөттүн булагы, Nicolas Asfouri/AFP/Getty Images
Ошондой эле, ырым-жырымдар жашообуздагы оор кырдаалда, мисалы, аза күткөндө жардам берерине ишараттар бар.
2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө окумуштуулар жекече жөрөлгөлөрдү (мисалы, каза болгон кишинин машинасын апта сайын жууп туруу) жасаган адамдардын арасында муң-кайгы азыраак болгонун аныкташкан. Биз кимдир бирөөнү жоготкондо адатта өзүбүздү башкара албай калабыз. Ошондуктан ырым-жырымдар көзөмөлдү колго алууга жардам бергени жөн жерден эмес чыгар.
Бирок жөрөлгөлөрдүн пайдалары жеке адамдар менен эле чектелбейт. Алар адамдардын тобуна да таасири күчтүү.
Топ болуп жасалган ырым-жырымдарда бирдей көз караштагы адамдар белгилүү бир баалуулуктарды карманышат.
“Топ менен жасалган жөрөлгөлөрдө, айрым учурларда жөрөлгөгө сырттан көз салып турган болсо да, көптөгөн адамдар башкалар менен жакшыраак байланыш түзө алганын айтышкан”, - дейт Йоханнес Карл. Ал Жаңы Зеландиядагы Веллингтон Виктория университетинде докторантурада окуйт. Ал жөрөлгөлөр социалдык байланышка жана ден соолукка кандай таасир этерин изилдейт.

Сүрөттүн булагы, Thomas Northcut/Getty Images
Валери ван Мулуком Бразилиядагы жана Британиядагы диний жөрөлгөлөр боюнча жүргүзгөн изилдөөдө ырым-жырымдарга катышуу оору чектерин жогорулатып, позитивдүү сезимдерди тартуулаганын аныкталган. Бул өз кезегинде топтун ичиндеги социалдык байланышты бекемдеген. Бирок социалдык байланыш диний жөрөлгөлөр менен эле чектелбейт. “Мындай көрүнүш диний дагы, диний эмес дагы жөрөлгөлөрдө болгонун байкадык”, - деп кошумчалайт ван Мулуком.
Пайдалары менен кошо ырым-жырымдардын зыяндары дагы бар экенин белгилей кетүү зарыл.
Топторду алсак, колдо бар далилдерге ылайык, жөрөлгөлөр топтордун ортосундагы бир тараптуу көз караштарды күчөтүшү ыктымал. Мисалы, бир изилдөөдө жаш балдарды топторго бөлүп, аларга мончок жана жип салынган баштыктарды беришкен. Топ болуп ырым-жырымдарга катышкан балдар өздөрүнүн материалдарын башка топтогу балдарга караганда өздөрүнүн тобундагы балдарга көбүрөөк көрсөтүшкөн.
Андан кооптуураак топ ичиндеги жөрөлгөлөр, мисалы дедовщина, жамаатка кабыл алуу боюнча ырайымсыз салтанаттар студенттердин арасында же болбосо аскерде кеңири жайылган. Алардын зыяны аябай чоң. Дедовщинада адамдардын бедели түшүп, басмырланат жана өлүм менен аяктаган учурлар да сейрек кездешет. Дедовщинанын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, топ ичиндеги мындай зыяндуу жөрөлгө менен күрөшүү үчүн маданий өзгөрүү керектелет.
Жалпысынан алганда, бейрасмий болобу, диний эмеспи, өз алдынча болобу же топ мененби бардык жөрөлгөлөр адамдардын жыргалчылыгына оң таасир этерин изилдөөлөр көрсөткөн.
Ырым-жырымдардын стрессти азайта алган өзгөчөлүгүн эске алып, Жино бизге “жашоодогу стресс абалда, балким жумушта презентация кылуунун, сынак тапшыруунун же болбосо оор маектешүүнүн алдында жөрөлгөлөрдү жасоо адатын өздөштүрүү керек” деген кеңешин берет.
Тробрианд аралдарындагы балыкчыларга жардам бергендей, мындай ырым-жырымдар сизди ачык деңизде күтүп турган чоң толкундарга даярдайт. (EA)
Макала айрым кыскартуулар менен которулду. Макаланын түп нускасын BBC Future сайтынан окуңуз.










