Климаттын өзгөрүшү Жаңы жыл майрамына кандай таасир этти?
Изабел Герретсен, BBC Future

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Голливуд тартуулаган аппак кар баскан Кристмас, Жаңы жыл, Рождествонун көрүнүшү түндүк жарым шардын идеалы болсо дагы, дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар үчүн бул майрам такыр башка аба ырайында белгиленет. Бирок климаттын өзгөрүшү кышкы керемети өзгөчө жерлерге да, Рождествонун жылуу салттарына да коркунуч туудурууда.
Жаңы жылдык балатыны жаркыраган жарыктар менен кооздоо, кар киши жасоо же көңүлгө жаккандай үймө-үй кыдырып ырдоо сыяктуу, баарыбыздын сүйүктүү майрамдык салттарыбыз бар.
Мен чоңойгон Голландияда Жаңы жыл майрамында коньки тээп, өлкөнүн тоңгон көлмөлөрүнө, каналдарына жана дарыяларына баруу популярдуу салт болуп саналат. Ал суулар тоңуп калганда кары-жаш дебей муз тебишет. Атам айткандай, “коньки тебүү биздин каныбызда”.
“Сиз абдан кичинекей балдардын отургучтарды кармап алып араңдан басып жүргөнүн, карылар болсо кол кармашып коньки тээп баратканын көрөсүз”, – дейт ал кыштын кооз пейзажын оозеки сүрөттөп жатып. “Бул чынында эле сыйкырдуу көрүнүш”.
"Он бир шаарга тур" дегенди билдирген Элфстедентохтко коньки тебүүчүлөр кирчү. Бул Фрисландиянын түндүгүндөгү 11 шаарды аралап өткөн 200 км муз тебүү жарышы. Акыркы жарыш өткөнүнө 24 жыл болду. Климаттын өзгөрүшү бул сүйүктүү кышкы салтты жоголуу коркунучуна алып келүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Атам мектепте окуп жүргөндө "муз күндөрүн" дайыма жакшы көрчү. Мектептер жабылып, баары убактыларын окуунун ордуна коньки тебүү менен өткөрүшчү. Менин өспүрүм кезимден ушундай кубанычтуу учурдан бирөө гана эсимде.
Бул жөн гана суук аба ырайындагы майрамдык салттар эмес. Дүйнө жүзү боюнча климаттын өзгөрүшү жана температуранын жогорулашынан улам келип чыккан экстремалдуу аба ырайы Рождествонун сүйүктүү салттарын өзгөртүүдө. Төмөндөгү маектерде BBC Future Филиппин, Пуэрто-Рико жана Бразилиядан келген үч жаш адам менен сүйлөшүп, алар жашаган жерде ылдам өзгөрүп жаткан климаттын Жаңы жылды кандайча өзгөртүп жаткандыгы тууралуу окуялары менен бөлүшөт.
Митци Жонелл Тан, 22 жашта, Филиппин
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Филиппиндер дүйнөдөгү эң эрте жана эң узун Рождество мезгили менен сыймыктанат.
Филиппиндин борбору Маниладан келген 22 жаштагы климаттык активист Митци Жонелл Тан: "Башкалар филиппиндиктер Рождествону эң узак майрамдайт дешет. Чынында эле 1-сентябрдан 6-январга чейин майрамдайбыз".
Бул көп түстүүлүктүн жаны чыгармачылыктын мезгили. Адамдар өздөрүнүн Рождестволук жасалгаларын, анын ичинде парол деп аталган жылдыз түрүндөгү чырактарды жасашат. Алар бул жаркыраган чырактарды сентябрдан январга чейин майрамдык мезгилге карата терезелерге жана көчөлөргө илип коюшат.
"Парол – бул үй-бүлөлөр бирдикте түстүү, кайра иштетилген пластмассадан жана кичинекей жыгачтан жасаган жасалга", – дейт Жонелл Тан.
"Рождество күнү эртең менен апам чоңойгон, үйүбүздүн жанындагы чиркөөлөрдүн алдында сүрөткө түшөбүз. Апам менен таятам да ушул чиркөөлөрдүн алдында сүрөткө түшүшчү", – дейт ал.
Бирок 50 жылдан кийин деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу Жонелл Тандын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө болгон бул жер жок болуп кетүү алдында турат. "Мындай болуусуна аз эле убакыт калгандыктан азыр абал коркунучтуу", –дейт ал.
Филиппин дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктарга кабылган эң алсыз өлкө. Өлкөдө жыл сайын орто эсеп менен 20дан ашык тайфун болуп, катуу суу ташкындарына жана ири кыйроолорго алып келет. Климаттын бул катуу таасирлери филиппиндиктердин Рождестволук тажрыйбасын азыртан эле өзгөртүп жатат.
Өткөн жылдын ноябрында Филиппинди 225 км/саат ылдамдыгы менен жылдын эң күчтүү бороону болгон Гони супер тайфуну каптады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Элдер үйлөрдүн чатырларында калып, бардык жолдорду суу каптады. Рождество майрамына бир нече күн калганда да биз дагы эле үйлөрдү каптап кеткен ылайдан тазалоого жардам берип жатканбыз", – деп эскерет Жонелл Тан.
Коомчулуктун руху ошол жылы укмуштуудай жогору болду, дейт ал. Эл эвакуациялоо борборлоруна тамак-аш жана белектерди алып келишти. "Рождество – бул биз жамаат катары ошол жылы башыбыздан өткөргөн кыйынчылыктардын майрамы болду", – дейт ал.
Жонелл Тан бороон-чапкын жана тайфундар көбөйүп кетсе, келечекте Рождество кандай болоруна кооптонууда.
"Абдан коркунучтуу, анткени менин туугандарым жашаган аймакты оңой эле суу каптап кетет", – дейт ал. Суу каптап жаткандыктан, көптөгөн үй-бүлөлөр Рождестволук чырактарды коё албайт.
"Биз Рождество салттарыбызды улантуу жана үй-бүлөлүк жана жамааттык байланыштарды сактап калуу үчүн күрөшүп жатабыз", – дейт ал.
Сальвадор Гомес-Колон, 19 жашта, Пуэрто-Рико
Пуэрто-Риколуктар Рождествону жакшы көрүшөт, дейт 19 жаштагы Сальвадор Гомес-Колон. "Рождество – бул чыныгы оюн-тамаша. Бул Пуэрто-Рикодогу эң чоң майрам".
Майрамдоо мезгилинде үй-бүлөлөр өлкө борбору Сан-Хуандын тегерегиндеги тоолорго барып, шинчоррос деп аталган тамак-аш ташыган унаалардын айланасында чогулушат. Ал жерде алар торопойдун этин жана треска бышырып жешет. "Бул абдан жамааттык салт, сиз кошуналарыңыз менен жолугуп, бейтаныш адамдар менен сүйлөшөсүз", – дейт Гомес-Колон.
Анын жакшы көргөн Рождество салттарынын бири – парранда: көчөлөрдө жана адамдардын үйүнүн сыртында ырдоо. "Бул абдан жандуу. Биз добулбас жана цимбалдардын коштоосунда фольклордук ырларды ырдайбыз", – дейт ал.
Бул салт Пуэрто-Риконун эң караңгы күндөрүндө да, өлкө 2017-жылдын сентябрында 5-категориядагы “Мария” бороонунан жабыркагандан кийин да уланган.
"Мария" бороону Пуэрто-Рикодо 1956-жылдан бери болгон бороондорго караганда көбүрөөк жамгыр жаадырды. 2019-жылдагы изилдөөгө ылайык, мындай күчтүү бороондор климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 1950-жылдардагыга караганда азыр беш эсе көп болот.
"Өмүрүмдө өзүмдү эч качан мынчалык аялуу сезген эмесмин", – дейт Гомес-Колон. "Мен дагы 10 киши менен жер төлөдөгү (баш калкалоочу) бөлмөдө болчумун. Атам жана досторум менен байланыша албай калдым. Мен машиналар көтөрүлүп, пальма дарактары учуп жатканын көрдүм".
Андай коркунучтуу кырдаалга карабастан, пуэрто-риколуктар ошол жылы Рождествону майрамдоого жетишкен эле. "Паррандалар болду. Бул жөн гана баары жакшы экенин көрсөтүү үчүн эле аткарылгандай болду", – дейт ал.
Январь айында, арал дагы эле электр энергиясы жок болуп турганда, адамдар майрамдык сезондун аякташын белгилеген Пуэрто-Риконун жылдык эң чоң фестивалы болгон Fiestas de la Calle San Sebastián майрамын белгилөө үчүн чогулушту. "Жандуу музыка жана көптөгөн шаан-шөкөт болду. Баары аябай шаңдуу болду", – дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рождество учурунда Пуэрто-Риконун көпчүлүк бөлүгү дагы эле толук караңгыда олтурду.
Адамдарга Мариядан кийин жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн, Гомес-Колон "Пуэрто-Рико үчүн жарык жана үмүт" деп аталган ашар (краудфандиң) кампаниясын баштаган эле. 10 айдын ичинде ал Пуэрто-Рикодогу 3500 үй-бүлөнү колдоо үчүн дээрлик $170,000 чогулткан. Бул акчага ал колго чогултулган кир жуугуч машиналарды, ошондой эле электр жарыгы жок үй-бүлөлөр үчүн күн лампаларын сатып алган.
"Ошол жылы Аяз ата үйлөргө келе алган жок, бирок жарыктар өзү эле белек болду", – дейт ал.
"Мариядан бери төрт жыл өттү, бирок көбүбүзгө бул кечээгидей сезилет", – дейт ал. "Көпүрөлөрдү жана көчө белгилерин оңдосо болот, бирок пуэрто-риколуктардын акылына келтирилген зыянды оңдоо мүмкүн эмес".
Даниел Холанда, 19 жашта, Бразилия
Даниэль Холанда Рождествону жыл сайын Бразилиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гояс штатына караштуу Анаполис шаарындагы чоң энесинин үйүндө белгилейт.
"Жыл сайын 24-декабрда чоң энемдин үйүндө чогулабыз. Менин жети таякем бар, алардын ар бири кечки тамакка бирден тамак алып келишет. Биз үндүк, тооктун майонезин жана күрүч жейбиз", – дейт 19 жаштагы кыз.
Рождество Бразилияда эрте башталат, 24-ноябрда үй-бүлөлөр балатыны кооздоо үчүн чогулушат. Бир нече жыл мурун Холанданын үй-бүлөсү бул майрамдык салтты белгилеп жатканда үйүн суу каптап кеткен. "Биз кечени токтотуп, сууну кайрадан сыртка чыгарышыбыз керек болчу", – дейт ал.
Холанданын кичи мекени Гояс штатында сел көп болот жана мындай экстремалдуу аба ырайы аймактагы Рождество салттарын өзгөртүп жатат.
"Менин кичинекей кезимден бери Рождество аябай өзгөрдү. Эшикте ар кандай оюндарды ойночубуз. Эми суу каптап, андай кыла албай калдык", – дейт ал. "Бүгүнкү күндө балдар Рождестводон ырахат ала алышпайт, анткени алар ар дайым этият болуп, бир нерсе болуп кетишине даяр турушу керек".
Гояста миңдеген сейрек кездешүүчү түрлөр, анын ичинде ягуар жана гигант кумурска жегичтери бар, Серрадо деп аталган чоң токойлуу саванна жайгашкан. Окумуштуулар абанын температурасы жогорулай берсе жана ири айыл чарба ишканалары токойлорду соя плантацияларына ылдам айлантыра берсе, биологиялык ар түрдүүлүктүн бул очогу 30 жылга жетпеген убакытта кыйрап калышы мүмкүн деп эскертишти. Суу каптоодон тышкары, аймак акыркы жылдары өтө кургакчылыктан жапа чеккен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рождествонун кечки тамагы учурунда көбүнчө шам күйүп турат, анткени суу ташкыны жылдын ушул мезгилинде электр энергияны көп үзгүлтүккө учуратат, дейт Холанда. "Биз үйдү жаңы жылдык жарыктар менен кооздочубуз, эми мындай кыла албай калдык. Биз ыңгайлашып, импровизация кылышыбыз керек", – дейт ал.
Гояста токойдун өрттөнүшү да негизги көйгөй болуп саналат. Июнь жана сентябрь айларынын ортосундагы өрттүн эң жогорку мезгилинен бир канча ай өткөндөн кийин, адамдар дагы эле анын кесепеттерин сезишет. "Биз үйүбүздөн күкүрттүн жытын сезебиз. Кээде дем алуу кыйын болуп калат", – дейт Холанда.
Кыйынчылыктарга карабастан, адамдар Рождество убагында чогулуп, кайрымдуулук кылуунун да жолун табышат. “Рождество майрамында муктаждарга, өзгөчө кары-картаңдарга тамак-аш беребиз”, – дейт ал. (DO)












