Жорж Флойддун өлүмү: мурдагы полиция кызматкери күнөөлүү деп табылды

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШнын 12 өкүлдөн турган арачы соту өлкөдөгү башаламандыкка себеп болгон Жорж Флойддун өлүмү боюнча Миннеаполистин мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинди күнөөлүү деп тапты.
Шовинге оор берене менен үч айып тагылган, ал ондогон жылдарга абакка кесилиши ыктымал. Мурдагы полиция кызматкери афро-америкалык Флойдду кармоо учурунда тогуз мүнөт бою анын моюнун тизеси менен басып турган эле.
Соттук угуу учурунда Шовин камакта эмес болчу. Ал күрөө төлөп түрмөдөн чыккан. Бирок арачы сот өкүмүн чыгаргандан кийин, анын колдору кишенделип, абакка камалды. Эми эки айдан кийин сот өкүмү чыгарылат деп күтүлүүдө. Шовин кыркы жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн жылы 25-майда Миннеаполисте Жорж Флойдду полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн шектүү деп саналган Флойдду токтотушкан экен. Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Полиция кызматкерлери Флойд каршылык көрсөткөнүн айткан эле.
Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранган.
Афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин бир катар мамлекетте Black Lives Matter ("Каралардын өмүрү мааниге ээ") деген чакырык алдында нааразылык акциялар болду. Расалык теңсиздикке каршы жүрүштөр башаламандык менен коштолуп, АКШнын айрым аймактарында коменданттык саат киргизилген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөгө тараган Black Lives Matter кыймылы саясатчы, соодагер меценат, колониализм жана кулчулукка тиешеси бар кишилердин эстеликтерин алып салууну талап кылышкан. Маселен, АКШда Христофор Колумбдун жана 1860-жылдагы жарандык согуш маалында кулчулук түзүмдү сактап калуу үчүн чыккан конфедераттардын лидерлеринин айкелдери кулатылган. Улуу Британияда дагы кулчулук соодасына тиешеси бар делген бир катар тарыхый инсандардын эстелиги талкаланган.
АКШдагы расизм көйгөйү
Кошмо Штаттарында 1968-жылы Мартин Лютер Киңди өлтүрүп кетишкенден кийинки окуялардан бери мынчалык расалык чыңалуу болуп көргөн эмес. Ал учурда афро-америкалыктардын тең укугу үчүн жүргөн күрөш чоң ийгиликке жеткен эле. Атуулдук укуктарды жактаган кыймыл Американын түштүгүндө караларды бөлүүнү мыйзамдык негизде токтотуп, кара америкалыктар добуш берүү укугуна жеткен. Бирок иш толугу менен бүтпөптүр. Полициянын зомбулугун токтотуу башынан эле татаал болуп келди.

Сүрөттүн булагы, EPA
Америкада биринчи жолу кара түстөгү президенттин шайланышы расалык жараны айыктырып, бөлүнүүнү жок кылат деген үмүттөр болгон. Бирок Барак Обама анын президенттик кызматы жалаң терисинин түсү менен мүнөздөлүп калышын каалаган эмес. Анын президент болуп шайланышы олуттуу тарыхый факты болгону менен коомдо расалык прогресс жасалган жок.
Расалык бөлүнүү Американын мурдатан келе жаткан көйгөйү. Азыркы толкундоолор жаңы пайда болгон маселе эмес. Айрым серепчилер муну тарыхый маселенин уландысы катары баалашат.

















