"Айкелдерге каршы согуш": Канаданын биринчи премьер-министринин эстелиги уратылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Black Lives Matter ("Каралардын жашоосунун мааниси бар") кыймылынын активисттери Канаданын Монреаль шаарындагы өлкөнүн биринчи премьер-министри сэр Жон Макдональддын эстелигин уратып салды. Аны түпкүлүктүү индей элине карата катаал саясатты карманган деп айыпташууда.
Интернетке тарап кеткен кадрларда айкелдин башы бөлүнүп, жерге кулап түшкөнү тартылган. Квебек провинциясынын өкмөт башчысы бул окуяны сынга алды. "Биздин тарыхтын бир бөлүгүн жок кылуу кырдаалдан чыгуунун жолу эмес",-деди Франсуа Лего.
Канадалык маалымат каражаттары бул окуя үчүн эч ким кармалбаганын жазууда.
Франсуа Лего "Твиттер" баракчасына вандализмди эч нерсе актабай деп жазды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
"Жон Макдональд тууралуу ким эмне деп ойлобосун эстеликти уратуу жол берилгис нерсе. Биз расизм менен күрөшүүбүз керек, бирок эстеликти бүлүндүрүү андан чыгуунун жолу эмес. Биздин демократияда вандализмге орун жок жана эстелик кайра калыбына келтирилүүгө тийиш",-деп жазды ал.
Биринчи премьер
Сэр Жон А. Макдональд эгемендүү Канаданын биринчи премьер-министри болуп 1873-1891-жылдары өкмөттү башкарган. Ал өлкө тарыхында реформатор катары калган эле. Түпкүлүктүү индей калкынын балдары үчүн мектеп-интернаттарын ачуунун башында турганы белгилүү. Мындай система 100 жылдай иштеп туруп, баш-аягы 150 миңдей баланы үй-бүлөсүнөн күч менен тартып алып, мамлекеттик мектеп-интернаттарына окууга жиберишкен. Айрымдары зомбулукка кабылып, каза тапкандары да болгон. Балдарга өз тилинде сүйлөөгө жана маданиятын карманууга тыюу салынган. 2015-жылы Канаданын өкмөтү өзүнүн докладында ошол кездеги окуяларды "маданий геноцид" деп атаган эле.
Макдональдды индейлер жашаган аймактардагы ачарчылык жана эпидемияга жол берген деп күнөөлөп келишет. Мунун кесепетинен көп киши жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын өкмөтү индей коомун ата-бабалары жашаган турактарын таштап чыгууга мажбурлаган. Көчпөй койгондоруна буйрук аткарылганча азык-түлүк берилбей, жол буулган.
Эстеликтерге каршы согуш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Акыркы айларда көп өлкөлөрдө тарыхый мурасы талаштуу болгон инсандардын эстеликтери уратылган. Маселен, АКШда Христофор Колумбдун жана 1860-жылдагы жарандык согуш маалында кулчулук түзүмдү сактап калуу үчүн чыккан конфедераттардын лидерлеринин айкелдери кулатылды.
Улуу Британияда кулчулук соодасына тиешеси бар делген бир катар тарыхый инсандардын эстелигин кулатышты. Мындай көрүнүштөр башка өлкөлөр дагы болду.
Кулчулук соодасына аралашкан тарыхый ишмерлерди жана империялык саясат жүргүзгөндөрдү расизм менен айыптоого болобу? Дүйнө коомчулугунда мына ушундай талаштуу талкуу күчөп жатат. (AbA)













