“Эстеликтерди коргоо” демонстрациясы башаламандык менен коштолду

Протестующие и полиция у здания Парламента 13 июня

Сүрөттүн булагы, PA Media

Лондон шаарында дем алыш күндөрү эстеликтерди коргоо үчүн нааразылык акцияга чыккандар полиция менен кагылышып, 113 киши камакка алынды.

Алардын арасында 2017-жылы террордук чабуулда каза тапкан полиция кызматкери Кит Палмердин эстелигине заара кылып кеткен 28 жаштагы киши дагы бар. Полиция анын сүрөтүн жарыялап, коомдук тартипти бузган адамды тааныгандар болсо коопсуздук кызматкерлерине кайрылууну өтүнгөн. Бирок Эссекстен барган киши өзү полицияга барып, күнөөсүн мойнуна алган.

Protesters outside Parliament

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүздөгөндөр парламент алдында чогулду

Коронавирус пандемиясынан улам полициянын коомдук жайларда топтошпогула деген эскертүүсүнө карабастан Лондондун борборунда жүздөгөндөр тарыхый "эстеликтерди коргоо" үчүн чогулду. Айрым маалыматтарга ылайык, алардын көбү ашынган оңчулдар жана футбол бейбаштары.

Буга чейин бүткүл дүйнөгө тараган Black Lives Matter же "Каралардын өмүрү дагы мааниге ээ" аттуу кыймыл айрым саясатчы, соодагер меценат, колониализм жана кулчулукка тиешеси бар кишилердин эстеликтерин алып салууну талап кылышкан.

Мужчина, по всей видимости, мочится на мемориальную доску памяти полицейского Кита Палмера

Сүрөттүн булагы, Alamy Live News

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылы террордук чабуулда каза тапкан полиция кызматкери Кит Палмердин эстелигине заара кылып кеткен 28 жаштагы киши дагы камкка алынды

Британия, Бельгия жана АКШда өкмөт активисттердин талаптарын аткарып, айрым эстеликтерди борбордук көчөлөрдөн алып салган эле. Демонстранттардын парламенттин алдында турган Уинстон Черчиллдин эстелигине "расист" деп жазып кеткени Британиянын коомчулугуна кызуу талкууга жем таштады. Бул окуядан кийин дем алыш күндөрү жүздөгөндөр Черчиллдин эстелигинин алдына топтолуп, тарыхый айкелдерди коргоо үчүн көчөгө чыкканын билдиришти.

Би-Би-Си расизмге каршы турган кыймыл белгилүү тарыхый инсандарды эмне себептен сындап жатканын түшүндүрөт.

памятник черчиллю

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расизмге каршы нааразылык акция учурунда Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстоне Черчилль тууралуу талаш-талкуу күчөдү

Британия: Черчилль жана Сесил Родс, ачык тизме

Кошмо Штаттарында афро-америкалык Жорж Флойддун полициянын колунан ажал тапканы өлкөнүн бир нече шаарында башаламандык менен коштолгон демонстрацияларга түрткү болду. АКШдагы активисттердин чакырыгын колдогон нааразылык акциялар Европанын бир нече мамлекетинде дагы өттү.

Британиядагы Black Lives Matter кыймылы алтымыш тарыхый инсандын эстелигин алып салууну талап кылды. Topple the Racists же "Расисттерди уратуу" долбоору айрым тарыхый инсандар тууралуу чындык айтылышы керек экенин белгилешүүдө.

Тизмеде талаш жараткан тарыхый инсандардын дагы ысымдары жазылган. Мисалы, Роберт Пил 1830-1840-жылдары Британиянын премьер-министр кызматын ээлеп, өлкөнүн тышкы иштер министри дагы болгон. Ал полициянын тогуз принцибин иштеп чыккан. Бул принциптер бүгүнкү күнгө чейин колдонулат.

Активисттер болсо Пулдун өлкөдөгү беш эстелигин алып салууну талап кылышууда. Себеби Пул кулчулукту жоюп салуу мыйзамы өлкөнүн пахта өдүрүшүнө коркунуч жаратат деп билдиргени айтылууда. Бирок бул чындыкка дал келбейт.

Topple the Racists
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Topple the Racists долбоору өлкөнүн туш тарабындагы эстеликтерди алып салууну талап кылууда

Manchester Evening News гезити 1806-жылы талкууга түшкөн мыйзамга Пул автор болуп чыгышы мүмкүн эмес экенин жазды. Мыйзамга Пулдун атасы (анын ысымы дагы Роберт) каршы чыккан экен.

Ошондой эле тизмеде 16-кылымдагы белгилүү саякатчы сэр Френсис Дрейк, Испаниянын армадасын талкалаган адмирал Нельсон сыяктуу инсандардын ысымы бар. Бирок жогорудагы катадан кийин Британиянын журналисттерди тизмедеги ар бир кишинин расизм же кулчулукка тиешесин тактап жатышат.

Ал тапта Лондондо кулчулук соодасы менен алектенген Роберт Миллигандын эстелиги алынды. Ал Ямайкадагы дыйканчылык чарбасында кулдарды иштеткен.

Белгилүү саясатчы Уинстон Черчилль дагы расист болгон деген сөздөр айтылууда. Лондон шаарындагы нааразылык акцияда демонстранттар Черчиллдин эстелигине "расист болгон" деген сөздөрдү жазып кетишкен.

"Ал актар башка расалардан бийик турганына ишенгени талашсыз. Ал бул тууралуу так айткан. Черчилль индиялыктар тууралуу жаман сөздөрдү айткан, алардын келбети суук, үрөй учурган ишеними бар кишилер деп атаган",-дейт тарыхчы Ричард Той.

протест в Оксфорде

Сүрөттүн булагы, ldrs

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оксфорддо колонизацияга катышкан Сесил Родсдун эстелигин жок кылууну талап кылышты

Оксфорддо кайрадан 19-кылымда Түштүк Африканы колонизация кылууга үндөгөн Сесил Родсдун эстелигин жок кылууну талап кылышты. Родс алмаз казып чыккан De Beers компаниясын негиздеген. Оксфорд университетинин Ориел-Коттеж имаратынын алдында турган Родсдун эстелигинде миң киши чогулуп, "Родс алынышы керек" деп кыйкырып турушту.

Бельгия: король Леопольд II

король леопольд

Сүрөттүн булагы, EPA

Голландияда бир нече аптага созулган расизмге каршы нааразылык акциялардан кийин король Леопольд II бир нече эстелиги алынды.

19-кылымда Бельгияны башкарган монарх Конгону басып алганы менен белгилүү. Ал башкарып турган учурда колонизацияны колдогон саясат жүргүзүлүп, түпкүлтүү калк кырылган. Айрым тарыхчылар кыргынды геноцид деп аташат. Бельгиянын колонизация саясатынан улам он миллион киши каза тапканы айтылат.

Бельгиядагы Black Lives Matter демонстрацияларына миңдегендер кошулду. Активисттер Брюссель шаарындагы "Адилет сарайынын" алдына топтолгон. Бул тарыхый имаратты Леопольд II колонизация жолу менен каржылаган.

Демонстранттар монархтын эстелигин граффити менен "адам өлтүргөн" деп жазышып, өрттөп салышкан. Брюссель шаарынын мэриясы эстеликти көчөдөн алып, музейге жөнөттү.

Нааразылык акцияларга каршы чыккандар Леопольд II Бельгияны эл аралык соода борборуна айлантып, бакубаттуулук орногонун айтышууда. Ага карабастан жетимиш миңден ашуун киши монархтын эстелигин алып салуу петициясына кол койду.

30-июнда Конго эгемендүүлүгүн алганынын алтымыш жылдыгын белгилейт. Активисттер монархтын эстеликтери ушул датага чейин алынышы керек экенин белгилешүүдө.

АКШ: генерал Ли жана Христофор Колумб

памятник генералу Ли

Сүрөттүн булагы, AFP

АКШдагы активисттер 1860-жылдагы жарандык согушта Түштүк штаттарынын конфедерациясы тарабында катышкан генерал менен аскерлердин эстеликтерин алып салууну талап кылышууда.

2017-жылы Шарлоттсвиллдеги расизмге каршы демонстрацияларда дагы бул эстеликтерди алып салуу талабы коюлган.2020-жылы активисттер түштүк тараптын аскер башчысы, кулчулукту жактаган генерал Роберт Линин эстелигин жок кылууну өтүнүп жатышат. Быйыл активисттер Виржиния штатындагы салмагы 12 тонна болгон генерал Линин эстелигин алып салууга жетишкен. Бул эстелик 1890-жылы орнотулган эле.

"Биз бурмаланган тарыхты мындан ары даңазалабайбыз",-деп айткан эле Виржиния штатынын губернатору. Мунун артынан АКШнын бир нече шаарында Түштүк штаттарынын конфедерациясы тарабында согушкан тарыхый инсан, мемориалдык эстеликтер алына баштады.

Сенаттагы демократтар Конфедерациясы тарабында согушкан инсандардын Конресстеги эстеликтерин алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Мыйзам жакында төмөнкү палатада каралат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Активисттердин эстеликтерди алып салуу талабы менен бирге, айрым демонстранттар өз алдынча эле айкелдерди талкалап жатышат. Мисалы, Виржиния штатындагы Ричмонд шаарында демонстранттар Христофор Колумбдун эстелигин өрттөшүп, сууга түртүп салышты. Нааразылык акцияга чыккандар Колумбдун Бостондогу эстелигинин башын кесип салышты. Учурда полиция күнөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Христофор Колумб Атлантика океанын алгачкы ирет кесип өтүп, Американы тапкан. Бирок европалык саякатчы түпкүлүктү калкты кырып, алардын жерин басып алууга жол берген деп сындалат.