Адольф Гитлер төрөлгөн үй полиция бекетине айланат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Австриянын өкмөтү нацисттик Германиянын лидери, диктатор Адольф Гитлер төрөлгөн үйдү "нейтралдаштыруу" боюнча долбоорун жарыялады. Ага ылайык, имарат полиция бекетине айланат.
Узакка созулган талкуу-талаштан кийин өкмөт имаратты милдеттүү түрдө сатуу буйругун чыгарып, 2016-жылы Гитлердин үй-бүлөсү жашаган турак-жайды сатып алган.
Эми австриялык архитектура компаниясы Германияга чектеш Браунау-ам-Инн шаарчасындагы имарат неонацисттер зыярат кылган жайга айланып калбашы үчүн аны толугу менен өзгөртөт.
"Көп кишинин тагдырына балта чапкан диктатор төрөлгөн имарат жаңы тарыхын баштайт. Бул аймактын мурдагы тарыхын, маанисин нейтралдаштыруу маанилүү кадам деп эсептейм",-деди Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер.
Marte.Marte архитектура компаниясы имаратты толугу менен жаңылап, чатырын алмаштырат. Курулуш иштери 2023-жылы жыйынтыкталат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Учурда имаратта нацисттердин лидери төрөлгөнүн көрсөткөн эч белги жок. Турак-жайдын алдындагы "Фашизмге эч качан жол бербейбиз" деген чакан ташка чегилген эстелик Вена шаарындагы музейге жеткирилет.
Адольф Гитлердин өзү бул турак-жайда көп жашаган эмес. 17-кылымда курулган имаратта Гитлер 1889-жылы төрөлгөн. Бирок анын үй-бүлөсү бир нече жумадан кийин башка имаратка көчкөн, үч жашында Браунау-ам-Инн шаарчасын көчүп кетишкен.
Ага карабастан неонацисттер шаарчага келип, зыярат кылып турушту. Ошондуктан Австриянын өкмөтү бул кадамга барууга аргасыз болду. Нацисттик Германия Австрияны 1938-жылы басып алган, өлкө ондогон жылдардан бери өзүн нацисттердин биринчилерден болуп жапа чеккен мамлекет катары көрсөтүп келет. Бирок учурда көптөгөн австриялыктар 1938-жылы калктын басымдуу бөлүгү нацисттик Германияны колдогонун, нацисттердин кылмыштарына каршылык көрсөтпөгөнүн азыр ачык айтышууда. (AT)










