Нацисттердин СС бөлүмүнүн лидеринин кармалышы, жасалма мөөр

Heinrich Himmler

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генрих Гиммлер нацисттик Германиянын атайын даярдыктагы СС аскердик бөлүмүнүн башчысы жана Холокосттун уюштуруучусу катары белгилүү
    • Author, Гордон Корера
    • Role, Коопсуздук боюнча кабарчы

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 75 жылдыгы белгиленип жатканда нацисттик Германиянын жогорку лидерлеринин бири Генрих Гиммлер кантип кармалганы тууралуу документтер табылды.

1945-жылы 22-майда Германиянын түндүгүндөгү Бремерфөрде шаарчасындагы өткөрмө бекетинде турган аскерлер үч шектүү кишини көрүшкөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганына бир нече апта болуп калган эле. Бирок өлкөнүн булуң-бурчунда көптөгөн нацисттер дагы деле күрөшүн улантууга даяр болчу. Алар кайра топтолуп, коркунуч жаратат же качып кетүүгө аракеттенет деген кооптонуулар сакталып турган.

Шектүү көрүнгөндөрдүн экөө узун, жашыл пальто кийип алдыда келе жаткан, үчүнчүсү болсо артта эле. Алар туш тарапты карап жатканын бекетте турган аскерлер дароо байкаган.

Аскерлер аларды токтотуп, бекетке алып барышыптыр. Алар немис аскерлерине согуш токтогондон кийин Германия тарабынан таратылган документтерди көрсөтүшкөн. Бул документте аскердин аты-жөнү, туулган жылы, аскердик чени жана башка маалыматтар жазылган. Үчүнчү кишинин документи ал сержант экени, аты-жөнү Генрих Гисинжер деп жазылган.

Аскердик даражасын төмөн көрсөтүп, бекеттерден оңой өтөм деп ойлосо керек. Бирок документте расмий мөөр басылганын британиялык күзөтчүлөр дароо байкан. Британиянын чалгын кызматы СС аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн башка офицерлер дагы дал ушул мөөр басылган документ менен өлкөдөн качып чыгууга аракеттенип жатканын ашкерелеген эле. Мындай мөөр басылган документти көрсөткөн кишини дароо камакка алуу буйругу дагы берилген.

Himmler's documents, complete with false name and stamp

Сүрөттүн булагы, Military Intelligence Museum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генрих Гиммлердин жасалма документи
Presentational white space

Кийинки күнү үч шектүү киши атайын түзүлгөн лагерге жеткирилген. Борборго жаңы келгенде Гисинжер офицерлер менен жолугууну өтүнгөн. Гиммлер чыныгы аты-жөнү билинип калат деп ойлодубу же сүйлөшүү аркылуу маалымат берип эркин бошоп кетем дегенби, айтор офицердин алдында аты-жөнүн ачык билдирген экен.

Адольф Гитлер бункеринде өз өмүрүн кыйгандан кийин, Гиммлер изделип жаткан. Ал Үчүнчү рейхтин көптөгөн кылмыштарына, өзгөчө Холокосттун уюштуруучусу катары жоопко тартылышы маанилүү болчу.

Британиялык аскерлер териштирүү иштерин жүргүзүп, маалыматты тактоого киришкен.

Himmler alongside Adolf Hitler

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гиммлер менен Гитлер

Бир нече сааттан кийин медициналык офицерлердин бири, капитан Уэллз, Гиммлердин саламаттыгын текшерип жатып, тиштеринин арасында катылып турган көк дарыга окшош буюмду көргөн.

Капитан аны сууруп чыгууга аракеттенгенде, Гиммлер дарыгер менен кармашып, буюмду тиштеп, жутуп алган экен. Көрсө Гиммлер тишинин арасына цианид капсуласын катып алып, аны жутканда бир нече мүнөттө мүрт кеткен.

Бул документтер 75 жыл бою жашыруун сакталып, жакында эле Британиянын чалгын кызматынын музейине тапшырылды. Документтердин арасында Гиммлердин башка буюмдары дагы бар.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин сувенир катары нацисттердин буюмдарын сактаган аскерлер көп эле. Мисалы, Гиммлердин сакал алгычы, бут кийими жана башка буюмдарын башка аскерлер алганы белгилүү.

Жасалма мөөр басылган документти подполковник Сидней Ноукстун үй-бүлөсү музейге тапшырды.

Lt Col Sidney Noakes

Сүрөттүн булагы, Military Intelligence Museum

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Подполковник Сидней Ноукс Гиммлерден көрсөтмө алган офицер

1905-жылы төрөлгөн Ноукс, 1943-жылы Британиянын чалгын кызматына (MI5) алынган. Анын ишмердүүлүгү дагы деле жашыруун кармалууда. Бирок бул документти офицерге сактап алууга уруксат берилген деген жоромолдор айтылууда.

Согуштан кийин Сидней Ноукс адвокат, андан кийин сот катары иштеп, 1993-жылы көз жумган.

Гиммлердин документи Ноукс жана анын үй-бүлөсүнүн колунда сакталып турган. Жакында эле музейге өткөрүлүп берилди.

"Жасалма мөөр болбогондо Гиммлер качып кетүүсү толук мүмкүн эле. Ал эч кимге көрүнбөй өтүп кете алмак. Себеби мындай жол менен көптөгөн нацисттер жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Баарынан кызыгы нацисттердин өздөрү жасалма мөөрү менен лидерин колго салып беришти",-дейт тарыхчы, Британиянын чалгын кызматынын музейинин өкүлү Бил Стедмен.