Европадагы расалык теңсиздикке каршы жүрүш: кулатылган эстелик, аттан жыгылган полиция

Сүрөттүн булагы, Press Association
Афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки нааразылык жүрүштөрү Европа өлкөлөрүн кучагына алды. Дем алыш күндөрү Black Lives Matter ("Каралардын өмүрү мааниге ээ") деген чакырык алдында Европанын бир нече ири шаарында өткөн жүрүштөр башаламандык менен коштолуп, полиция менен кагылышуулар болду.
Лондондогу акция тынч маанайда башталды. Бирок премьер-министрдин резиденциясына жакын жерде кагылышуу болуп, 14 полиция жаракат алды. Бристолдо расизмге каршы демонстрация учурунда нааразылык билдиргендер Эдвард Колстондун эстелигин кулатып салышкан. Британиянын ИИМ жетекчиси Притти Пател эстеликтин кулатылышын өтө уят көрүнүш деп сынга алды.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Бристолдогу акцияга 10 миң чамалуу киши катышты. Ушундай эле мүнөздөгү расизмге каршы демонстрация Манчестерде, Ноттингем, Вулвергемптон, Глазго жана Эдинбургда өттү. АКШнын өзүндө дагы кулчулукка байланыштуу бир нече ишмердин эстелигин талкалап салышты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Брюсселдеги акция сот имаратынын алдында өтүп, негизинен Африкадан келгендер көп жашаган Матонж районунда тополоң чыгып кетти. Агрессивдүү караламан топ дүкөндөрдү талкалап, тоноп баштаган. Полиция суу менен атып, 150 кишини кармады.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Берлиндеги акцияга 15 миңдей киши катышып, тынч маанайда башталган. Темир жол станциясына жакын жерде полицияга таш, бөтөлкө ыргытышып, арты башаламандыкка айланды. Жыйынтыгында 100 киши кармалды, 28 полиция кызматкери жаракат алган.
Европанын ондогон шаарларында расизмге каршы демонстрациялар орун алды.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Ал ортодо АКШда башаламандыктар маалында киргизилген катаал чаралар алына баштады. Коменданттык саат алынып, президент Дональд Трамп Вашингтондон Улуттук гвардияны чыгаруу тууралуу буйрук берди.
Дүйшөмбүдө Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу мурдагы полиция кызматкери Дерек Чавенге сот айыбын угузат.
25-майда Миннеаполисте Жорж Флойд деген америкалык жарандын автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду "унаадан алыс туруп тур" деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полициянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранат.
Ошол жердегилер чогула калып, полицияны "муунтпагыла, дем алуусун текшергиле" деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, "Тез жардам" унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү дүрт этти.
Башаламандыкка себеп болгон Флойддун өлүмү боюнча Миннеаполистин мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинге оор берене менен айып тагылган. Калган үч полиция кызматкери дагы камакка алынган. (AbA)















