"Ал элди бөлүп-жарууда": АКШнын мурдагы коргоо министри Трампты айыптады

Джеймс Маттис жана Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеймс Мэттис убагында Дональд Трамптын командасы менен келип, коргоо министри болгон. Бирок 2018-жылы отставкага кеткен

АКШнын мурдагы коргоо министри Жеймс Мэттис коомду атайын бөлүп-жарууда деп өлкө президенти Дональд Трампты айыптап чыкты. Президент бийликке зыянын тийгизип, полиция колунан каза тапкан афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган каршылык акцияларын күч менен басууда деди мурдагы коргоо министри.

Экс-министр демонстранттарга тилектештик билдирип, булар америкалык баалуулуктарды сактоого чакырып жатат деп айтты.

Мэттис 2018-жылы Трамптын Сирия аймагына аскер күчтөрүн киргизүү чечимине каршы болуп, отставкага кеткен эле. Ошондон бери өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча бир да жолу сүйлөгөн эмес. Шаршембиде анын азыркы кырдаал боюнча катуу айткан сөздөрүн The Atlantic журналы жарыялады.

"Менин эсимде калгандардан Дональд Трамп - элдик бириктирүүгө аракет кылбай жаткан президенттердин биринчиси. Тескерисинче, ал бөлүп-жарууга аракет кылууда. Азыр биз анын үч жылдан берки максаттуу аракеттеринин кесепетине күбө болуп жатабыз",-деди Мэттис.

Тополоңду басуу үчүн аскер күчтөрүн колдонууга каршы пикирин буга чейин Пентагондун азыркы жана мурдагы жетекчилери да билдирген эле.

Пентагондун жетекчиси Марк Экспер армия бөлүктөрүн полициянын милдетин аткаруу үчүн колдонбой турганын айтты. Анын айтымында, 1807-жылы кабыл алынган мыйзам президентке андай укукту бербейт. АКШ өтө кыйын кырдаалда гана армияны колдоно алат.

Дональд Трамп "Твиттер" аркылуу Мэттиске жооп берип, анын отставкасы өз ыктыяры менен болгон эмес деп жазып, анын дарегине катуу сын жаадырды.

Билл Клинтон и Барак Обама на мероприятии в Балтиморе, 2019 год

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мурдагы президент Барак Обама коомдогу расалык бөлүнүү боюнча көйгөйдү чечүүнүн мезгили келди деп айтты. Мындан сырткары АКШнын мурдакы үч президенти - республикачыл Жорж Буш-кичүүсү, демократ Жимми Картер жана демократ Билл Клинтон пикирин билдирди. Алар каршылык жүрүштөрүнө карата Ак үйдүн реакциясын сынга алышты.

Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин дүрт алган нааразылык жүрүштөрү бейшембиде дагы уланып, коменданттык саатка карабастан ондогон шаарларды кучагына алды. Көпчүлүк шаарларда акциялар тынч маанайда өткөн. (AbA)