Жорж Флойддун өлүмү: полициянын төрт кызматкерине айып тагылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШдагы башаламандыкка себеп болгон Флойддун өлүмү боюнча Миннеаполистин мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовинге оор берене менен айып тагылды. Ал Флойдду кармоо учурунда моюнунан тизеси менен басып турган. Прокуратура маалыматына караганда, кармоого катышкан дагы үч кызматкерге айып коюлду.
Буга чейин Шовинге "кокустуктан адам өлтүрүү" беренеси менен айып коюшкан экен. Эми аны оор беренеге алмаштырышты.
Калган үч полицияны кызматтан кетирүү менен жазалашкан эле. Бирок кийин Флойддун жакындары төрт кишини тең жоопко тартууну талап кылышты.
Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, штаттын генералдык прокурору үч полицияны дагы камакка алуу боюнча ордер берди. Шовин өткөн апта соңунда камакка алынган.
АКШда массалык каршылык акциялары токтобой жатат. Fox News телеканалына Миннесотанын башкы прокурору Кит Эллисон төрт айыпталуучу эң оор жазага тартылышы мүмкүн экенин айтты.

Сүрөттүн булагы, EPA
25-майда Миннеаполисте Жорж Флойд деген америкалык жарандын автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду "унаадан алыс туруп тур" деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полицянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган.
Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранат.
Ошол жердегилер чогула калып, полицияны "муунтпагыла, дем алуусун текшергиле" деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, "Тез жардам" унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү дүрт этти. Жекшембиде АКШнын бир катар шаарларына коменданттык саат киргизилди. Каршылык акцияларынын арты башаламандыктарга алып келди.
Коменданттык саат Миннеаполис, Вашингтон, Лос-Анжелес, Майами, Портленд, Сан-Франциско, Чикаго, Атланта, Индианаполис, Филадельфия жана башка шаарларга киргизилди. (AbA)













