Висконсиндеги башаламандык: полиция атып салган афроамерикалык

Висконсин штатынын Кеноша шаарында үчүнчү түн катарынан башаламандыктар орун алды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Висконсин штатынын Кеноша шаарында үчүнчү түн катарынан башаламандыктар орун алды

АКШ президенти Дональд Трамп Кеноша шаарындагы үч суткадан бери уланып жаткан башаламандыкты басуу үчүн федералдык аскерлештирилген бөлүктөр жиберилиши мүмкүн экенин эскертти.

Жекшембиде полиция афроамерикалык Жейкоб Блейктин жонуна аткан окуядан кийин нааразылык күчөп, толкундоолор башталды. Жекшемби кечинде үй-бүлөлүк чырдан улам полиция чакырылган. Уюлдук телефонго тартылган видеодон 29 жаштагы Жейкоб Блэйк унаасы көздөй басып баратканда, анын артында куралчан офицерлер жүргөнүн көрүүгө болот. Жейкоб Блэйк унаасынын эшигин ачып жатканда, полиция анын көйнөгүнөн тартат, кийин бир нече жолу ок жаңырат. Карап тургандар кыйкыра баштайт, Блейк жерге кулап баратканда, унаанын сигналы угулат. Айрым күбөлөр ошол маалда Блейктин үч уулу унаанын ичинде болгонун айтышкан. Полиция дароо медициналык жардам көргөзүп, кийин Жейкоб Блейк ооруканага түштү.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына окуянын айрым күбөлөрү Жейкоб Блейк чатакташып жаткан эки аялды ажыратып жатканын айтып беришкен.

Image of Jacob Blake supplied by his legal team

Сүрөттүн булагы, BenCrump.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блейктин жонуна полиция бир нече ирет ок аткан

Окуяга катыштыгы бар полиция кызматкерлери жумуштан убактылуу четтетилип, тергөө жүрүүдө. Бул окуянын арты толкундоолорго алып келди. Көчөдөгү ок атуу жана кагылышуулардан эки киши каза таап, бир киши жаракат алган.

"Биз мындан тажап бүттүк, учурда расизм уланып жатат. Буга элдин кыжыры кайноодо, биз мындай нерседен чарчадык",-деди нааразылык билдирип чыккандардын бири.

Кеноша

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Үч ай мурун эле АКШда Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу чоң толкундоолор болгон эле. Бирок ошого карабастан мындай көрүнүш кайра кайталанганы көптөрдүн кыжырын кайнатты. (AbA)