"Расизмдин пандемиясы": Жорж Флойддун өлүмүнө алып барган жагдай

mural of george floyd in minneapolis

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШда Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Миннеаполис шаарынын мэри Жейкоб Фрай катышты, ал эми президент Трамп катышуудан баш тартты.

"Флойд менен болгон окуя бул өлкөдө күн сайын катталат. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, тейлөө жана америкалыктардын күнүмдүн турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калган башка тармактарда байкалат. Ошондуктан тик туруп, "мойнумду басып турган тизеңди тарт" деп айтууга убакыт келди",-деди АКШнын белгилүү активист жана динаятчылардын бири Эл Шарптон.

Флойддун апрель айында Covid-19 вирусуна кабылып, андан айыкканы белгилүү болду.

"Жорж Флойддун коронавирус пандемиясы эмес, расизмдин пандемиясы өлтүрдү",-деп сүйлөдү адвокат Бенжамин Крамп.

Ал ортодо АКШдагы толкундоолор дагы деле токтобой жатат. Демонстрациялар башаламандык менен коштолуп, АКШнын 29 штатына 18 миң аскер кызматкери менен полиция күчтөрү тартылды. Президент Трамп талап-тоноо, талкалоо токтобосо армияны колдонушу мүмкүн экенин эскерткен.

Кошмо Штаттарында 1968-жылы Мартин Лютер Киңди өлтүрүп кетишкенден кийинки окуялардан бери мынчалык расалык чыңалуу болуп көргөн эмес. Ал учурда афро-америкалыктардын тең укугу үчүн жүргөн күрөш чоң ийгиликке жеткен эле. Атуулдук укуктарды жактаган кыймыл Американын түштүгүндө караларды бөлүүнү мыйзамдык негизде токтотуп, кара америкалыктар добуш берүү укугуна жеткен. Бирок иш толугу менен бүтпөптүр. Полициянын зомбулугун токтотуу башынан эле татаал болуп келди.

George Floyd's nephew Brandon comforts his cousin Shareeduh Tate

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жорж Флойддун жакындары

Америкада биринчи жолу кара түстөгү президенттин шайланышы расалык жараны айыктырып, бөлүнүүнү жок кылат деген үмүттөр болгон. Бирок Барак Обама анын президенттик кызматы жалаң терисинин түсү менен мүнөздөлүп калышын каалаган эмес. Анын президент болуп шайланышы олуттуу тарыхый факты болгону менен коомдо расалык прогресс жасалган жок.

Расалык бөлүнүү Американын мурдатан келе жаткан көйгөйү. Азыркы толкундоолор жаңы пайда болгон маселе эмес. Айрым серепчилер муну тарыхый маселенин уландысы катары баалап жатат.

25-майда Миннеаполисте Жорж Флойд деген америкалык жарандын автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду "унаадан алыс туруп тур" деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полицянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган. Ошондуктан окуянын чын-бышыгын айтуу азыр эрте.

Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранат.

Ошол жердегилер чогула калып, полицияны "муунтпагыла, дем алуусун текшергиле" деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, "Тез жардам" унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү дүрт этти.