Лукашенко КГБ менен Коопсуздук кеңешинин жетекчилерин алмаштырды

Вакульчик (солдо) Коопсуздук кеңешинин жетекчилигине келди, Тертель КГБны башкарат

Сүрөттүн булагы, BelTA/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакульчик (солдо) Коопсуздук кеңешинин жетекчилигине келди, Тертель КГБны башкарат

Беларустун президенти Александр Лукашенко күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмашты. КГБнын башына Мамлекеттик көзөмөл комитетинин жетекчиси Иван Тертелди дайындады. Ал эми КГБнын мурдагы жетекчиси Валерий Вакульчикти Коопсуздук кеңешине катчы кылды. Мындай орун алмашуулар каршылык жүрүштөрүнүн фонунда жасалды.

Вакульчик КГБны сегиз жыл жетектеди. Ага чейин Тергөө комитетин бир жарым жыл башкарган эле. Лукашенко аны "ишенимдүү, мамлекетке берилген, элдик киши" деп атады.

"Менимче, сиз мамлекетик катчылыкка барганда (Коопсуздук кеңешине) тегерегиңизге бир эле атайын кызматты эмес, укук коргоо органдарын дагы бириктире аласыз",-деди президент.

Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп келген Андрей Равков бул кызматка январь айында эле дайындалган болчу. Ага чейин беш жыл коргоо министри болуп турган.

9-августта өткөн президенттик шайлоодон бери Беларуста каршылык жүрүштөрү токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жетишкенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтып, президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.

16-23-августта Минскиде өлкө тарыхындагы эң масштабдуу митингдер өттү. Жүз миңдеген кишилер көчөгө чыгып, Лукашенконун отставкасын талап кылды. Шайлоодон кийинки жүрүштөрдүн биринчи аптасында 7 миңдей киши кармалгандан кийин нааразылык күчөп кетти. Камакка алынгандар зомбулукка кабылганын айтып чыккан.

минск

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1-сентябрда Минскиде студенттердин жүрүшү болду, ОМОН акциянын катышуучуларын кармап жаткан учур

1-сентябрда Минскиде студенттердин жүрүшү болду. 2-сентябрда аялдар каршылык жүрүшүнө чыкты. Лукашенко өлкөнүн ички ишине кийгилишип жатат деп, бир катар европалык өлкөлөрдү айыптап келүүдө. Ошол эле маалда колдоо көрсөткөнү үчүн Москвага ыраазылык билдирүүдө.

Бейшембиде Минскиге Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин учуп келди. Анын менен чогуу өкмөттүн аппаратынан чоң делегация келди. Москва Лукашенконун жеңишин тааныган, ошол эле маалда "батыш кийлигишип жатат" деген пикирди колдойт. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин зарылчылык болсо, Беларуска укук коргоо кызматкерлерин жөнөтүүгө даяр экенин айткан эле.