Минсктеги оппозициянын чоң жүрүшү, курал көтөргөн Лукашенко

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жекшемби күнү Минск шаарында оппозицияны жактаган эл чоң жүрүшкө чыкты. Демонстранттар эки апта мурун болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болууда.
Минск шаарындагы Би-Би-Синин кабарчысы он миңдеген адамдар көчөгө чыкканын кабарлады. Нааразылык акцияларына карыялардан тарта жаш балдар дагы кошулган. Алардын көбү оппозициянын символуна айланган кызыл жана ак түстөгү желектерди көтөрүп, "эркиндик" деп кыйкырып турушту. Миңдеген демонстранттар менен бирге көп сандагы коопсуздук кызматкерлери дагы көчөдө жүрдү.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Оппозицияны жактаган медиа булактары демонстрацияга 100 миң киши катышканын кабарлады, мамлекеттик телеканал болсо нааразылык акцияга 20 миң киши топтолгонун маалымдады.
Президент Лукашенко каршылык акцияларын таркатуу керек деп, демонстрациялардын артында чет өлкөлүк күчтөр турарын билдирүүдө.
Мамлекеттик телеканал Александр Лукашенконун президенттик сарайга тик учак менен конуп, аскердик форма кийип, автомат көтөрүп жүргөн видеосун жарыялады. Буга чейин Беларустун коргоо министри коомдук тартип бузулса, армия тартыларын эскерткен.
Соңку демонстрациялар тополоң менен коштолуп, жүздөгөндөр камакка алынды, кеминде төрт киши курман болду. Абакта отургандар полиция тараптан кыйноого алынганын айтышууда.
Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, Беларусту 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенко 80 пайыздан ашуун добуш алган. Оппозициянын лидери Тихановскаяны болсо шайлоочулардын он пайызы колдогон.









