Лукашенко: "Биз солк этпейбиз, Европа өзүнүн маселесин чечип алсын"

Беларустагы митинг

Сүрөттүн булагы, SHARIFULIN VALERY/TASS

Европанын айрым лидерлери Беларусту шайлоону кайра өткөрүүгө чакырды. Өлкөдөгү абал тууралуу бир нече өлкөнүн лидерлери тынчсыздануусун билдирген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, "сырткы күчтөрдүн турбуленттик абалды түзүшүнө каршы" экенин айтты.

"Беларусь өз күчү менен стабилдүүлүктү сактап калат деп ишенебиз",-деп айтылат Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Лукашенко болсо каршылык жүрүшүнө чыгып жаткандардын алдында "солк этпей" турганын айтып жатат. Ал каршылык акциялары тууралуу, анын ичинде жергиликтүү бийлик наарзылык билдирип чыккандар менен сүйлөшүүгө барган Гроднодогу окуялар боюнча комментарий берди.

"Бул акциялардан жакшы кабарым бар. Элдер өзүнүн позициясын билдирди. Дагы бир жолу белгилеп кетейин, эгерде кимдир бирөө бийлик ийилди, бошоңдой баштады десе, терең жаңылышат",-дейт Лукашенко.

"Бүгүн, өзгөчө чет жакта туруп алып кылычын кайрап жаткандар, олуттуу сокку алат. Бул далилсиз айтылган сөз эмес. Мына Гроднодо польяк туусун илип жатышат. Бул жол берилгис нерсе. Мындай көрүнүштөр кардиналдуу түрдө токтотулат",-деп кошумчалады ал.

Александр Лукашенко тарапташтарынын алдында жарым саат сүйлөдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Лукашенко Европаны өзүнүн маселесин чечип алсын деп, Путиндин сөзүн кайталады. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Александр Лукашенко Батыш мамлекеттери болжолу Беларуска акча жыйнап, жөнөтүп жатканын даттанды. Бирок өлкөнүн атайын кызматы мунун изин таба албай турат. Анткени "көп каражаттар накталай" берилип жатат дейт.

Тихановская европалык лидерлерге кайрылып, Беларустагы шайлоонун тыянактарын таныбоого чакырды. Мунун алдында эле Беларуста оппозициянын координациялык кеңеши ишин баштаган. Лукашенко муну "бийликти басып алуу аракет" деп баалады.

Координациялык кеңеш басма сөз жыйынын өткөрүп, алардын максаты жаңы шайлоо жана бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп алуу экенин жарыялады.

Кечээ күнү Германия канцлери Ангела Меркель Беларустагы кырдаалды Орусия президенти Владимир Путин менен талкуулаган.

Меркель өз сөзүндө беларустун бийлиги зомбулуктан баш тартып, саясий туткундарды бошотушу керек деп айткан. Ошондой эле оппозиция жана коомчулук менен сүйлөшүүгө чакырган.

Путин болсо Беларустун ички ишине кийгилишүү ылайыксыз экенин, кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келерин билдирген. (AbA)